Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Техникалык кесипти тандагандар азайды


Абитуриенттер
Абитуриенттер

Быйыл абитуриенттер жогорку окуу жайларда техникалык багыттарга аз тапшырып, бюджеттик орундар дагы толбой калды.

Байкоочулар жаштардын гуманитардык кесипке ыктап, техникалык кесипти тандагандар азайып баратышын улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан көрүнүш катары да баалашууда. Анткени мындай көрүнүш улана берсе өз кезегинде техникалык кесиптер боюнча кадрлар тартышыгы жараларын айтышат.

Тоң районундагы Тогуз-Булак айылында быйыл мектепти аяктаган Нурмат Бакматовдун билдиришинче, классташтырынын арасынан инженердик кесипке эч кимиси барган эмес. Себеби физика, математика боюнча жалпы республикалык тестирлөөдө белгиленген алтымыш баллды алалбай калышкан.

- Биздин класста көпчүлүгүбүз эле кошумча тестти бардык сабактан тапшырганбыз. Бирок, математика, физикадан жакшы баа алалбай калдык. Тарых, англис тили сыяктуу сабактар жакшы болду. Мен билгенден биздин класстан техникалык багытка тапшырган эч ким болгон жок.

2016-жылы өлкөдө 50 миңдей окуучу бүтүп, анын 25 миңден ашыгы жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыгы менен 110 баллдык босогодон өтүштү. Тестирлөөгө алты сабак боюнча кошумча тест киргизилген. Окуучулардын басымдуу бөлүгү кошумча сабактан тарых, биология, химия, англис тилин тандашкан. Ал эми физика, математиканы тандагандар аз болуп, алар дагы жакшы баа албай калышкан. Ошентип, айрым техникалык багытта билим берген окуу жайларда орундар толбой турат. Билим берүү министрлигинин өкүлү Евгения Чубукова:

- 328 бюджеттик орун толбой калды. Биринчиден, тесттин жыйынтыктары жакшы болбой калды, экинчиден, техникалык тармакты тандагандар аз эле болгон.

Орто мектептерде физика жана математика сабактарынын деңгээли жакшы эмес экенин жалпы республикалык тестирлөө көрсөттү окшойт. Агартуучулардын пикиринде, аталган сабактан билим берген адистер мектептерде тартыш.

- Бир класста жыйырма бала болсо, анын үч-төртү гана ушул сабактарга кызыгышат. Калганы жөн эле окугусу келишпейт. Физика, математиканы мыкты окуп жүргөнү деле кийин гуманитардык билимди тандап кетишет, – дейт мектептердин биринде физика сабагын окуткан мугалим Айнура Сааданбекова.

Совет доору ыдыраганы Кыргызстанда завод-фабрикалардын дээрлик баары токтоп, техникалык же инженердик кесиптерге суроо-талап болбой калган. Заманга жараша жаштардын басымдуу бөлүгү гуманитардык багытка ооп кетишти. Окумуштуу, профессор Алмаз Акматалиевдин пикиринде, бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу мезгил талабы.

- Азыр физика, математика сыяктуу кесиптер популярдуу эмес. Азыр юрист, сот, экономист, прокурор, бажы кызматкери болгусу келишет. Быйылкы тестирлөөнүн жыйынтыгы мектептердеги абалды көрсөттү. Бул жакшы көрүнүш эмес, физика, математика кайсы адис болбосун негизги билимдердин бири болуп эсептелинет. Бул маселеге олуттуу мамиле кылыш керек.

Айрым байкоочулардын айтымында, так илимдер оор сабактардын катарына киргендиктен, инженердик багытка тапшыргандардын көпчүлүгү аягына чейин окуп бүтпөйт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG