Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификат" тапшырды


Бүгүн Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда президент Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлүрүнө “Алтын сертификат” тапшырды.

Быйыл мындай сертификатка 55 бүтүрүүчү татыктуу болду. Алардын 45и Бишкектеги орто мектептерден, Чүй облусунан 6, Ош шаарынан 2 жана Жалал-Абад, Нарын облустарынан бирден бүтүрүүчү.

Мындан сырткары аймактардагы мектептердин жакшы жыйынтыкка жеткен окуучулары 10 миң сом, мактоо баракчалары жана планшет менен сыйланышты.

Быйылкы жылы орто мектепти 62 миң окуучу аяктап, алардын 48 миң 448и (78%) тестирлөөгө катышкан. Эң жогорку упайды (236) Бишкектин № 61 мектебин аяктаган Абай Жанузаков алды. (BA)

XS
SM
MD
LG