Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Мектепке кире албаган муун


Кыргызстандагы мектептердин бири. 1-сентябрь, 2017-жыл
Кыргызстандагы мектептердин бири. 1-сентябрь, 2017-жыл

Быйыл Кыргызстанда 140 миңге жакын бала биринчи класска барды.

Өлкөдө 2200дөн ашуун мектеп бар болсо, быйыл дагы 14 билим уясы пайдаланууга берилген. Бирок буга карабай, орун жоктугунан ата-энелер балдарын мектепке киргизе албай убара.

“Азаттык+” бул жолу мектептерде орундар жетишпей жатканын жана билимдин сапатын талкуулады.

Ак-Бата жаңы конушунун тургуну Гүлзат Исмаилова баласын киргизүү үчүн мектептин эшигин бир нече жолу каккылоого мажбур болгон. Бирок бул аракеттеринен оң натыйжа чыккан эмес:

- №87 мектепке төрт жолу кайрылдым. Үчүнчү жолу келгенде мектептин билим берүү бөлүмүнүн башчысы өзүнүн иш бөлмөсүнө киргизип, менден 2000 сом акча сурады. Мен бере алган жокмун. Төрт балам бар, жолдошум иштей албай жатат. Бул акчаны кайдан таап берем? Айла жоктон ушул жакка келдим.

Ушул жылдын август айында Билим берүү жана илим министрлиги түз байланыш үчүн WhatsApp каналын ишке киргизген. Бул каналга жарандар билим берүү тармагындагы мыйзам бузууларды, нааразычылыктарды же ишти жакшыртуу багытында сунуш - каалоолорун калтырса болот. Бирок аталган кызмат жарандардын суроо-талабына жооп бербей жаткандыгын “Балдарды коргоо борборунун” социалдык кызматкери Таалай Жакыпов билдирди:

- Бул номерге кайрылганда эч кандай жооп болбой жатат. Талап кылынган 2000 сомду кайсы банкка жибер деп жатканын айтып, аталган Whatsapp номерине жазсам, «Мындан ары ушундай мыйзамсыз көрүнүштөр болсо, министр менен байланышып, бул тууралуу маалымат алганыңызды билдириңиз» - деген жооп келди. Муну кандай түшүнсө болот? Демек, бул жөн гана коомчулукту алдоонун бир жолу.

Менчик мектептердин баасы жана билими

Менчик мектептердин баасы жана билими

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Нурзида Касымованын айтымында, ата-энелер ар тараптуу иш алып баруусу керектигин белгиледи:

- Мэрия менен биргеликте Билим берүү министрлиги бала биринчи класска алынып жатканда эч кандай акча алынбашы керектиги тууралуу чечим чыгарганбыз. Билим берүү министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү сектору бар. Ага түздөн-түз кайрылыңыз же Ички иштер министрлигинин антикоррупция кызматына кайрылыңыз, алар өздөрү акчаны берип, аталган кылмышты токтотууга жардам берет.

Мамлекет балдарды мектеп менен толук камсыз кыла албай жатат. Мындай шартта коомдон, ата-энеден жардам сурап, жоопкерчиликти бөлүшүшү керек дейт билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков:

- Мектеп ачам дегендер үчүн мыйзам актыларын жеңилдетип, жер салыгынан куткарып, мүмкүнчүлүк бериш керек. Мисалы, АКШда билим берүү кирешелүү бизнеске айланган. Ата-эне баласынын билим алуусуна чоң инвестиция кылат. Себеби, өспүрүмдүн билими биринчи орунда турат, ал эми Кыргызстанда бул акыркы орунда.

Мектепке батпаган муун
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG