Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:16

Бишкекте акча төлөй албай калганы үчүн басмырлоого кабылганын айткан окуучунун окуясы мектептердин ата-энелерден тыйын чогултууга байланышкан маселесин кайрадан көтөрдү.

Бишкек шаарындагы №32 мектептин 9- классынын окуучусу үч күн жоголуп табылды. Окуучунун энесинин айтымында, баласынын жоголуп кетишине мугалимдердин басынтуусу себеп болгон.

Ал эми мектеп жамааты айтылган дооматтарды четке кагууда.

Жоголгон окуучунун таарынычы

- Жыйналыш күнү мени окуудан чыгарарын билген эмесмин. Чыгарабыз кечки окууга деди. Директорго, эжекеме таарынып кетип калдым. Өзүмдүн тартибим жакшы эле, билбейм эмнеге чыгарылдым. Акча төлөбөгөндүктөн да. Бир күн мечитте, эки күн каралбай калган имаратта түнөдүм. Үйдөгүлөрдөн, байкемен коркуп барган жокмун, - деген өспүрүм 26-октябардагы мектеп жыйналышынан кийин үйүнө барбай койгон.

Ал жоголгондон кийин туугандары милицияга кайрылып, өспүрүм үч күн дегенде араң табылган. Аны үйүнөн алыс эмес курулуп жаткан имараттан табышкан.

Окуучунун апасы Зарылбүбү Алымбекова уулунун дайынсыз кетишине мектеп жетекчилигин күнөөлөп, мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылып жатат. Анын айтымында, уулунун жоголуп кетишинин жана окуудан чыгарылышынын бирден бир себеби мектептеги ата-энелер фондуна акча төлөй албагандары себеп болду:

- Жыйналыштан кийин болду. Мен жыйналыш болоорун билген эмесмин. Менин балам ошондон кийин жоголду. Жыйналышта басмырлоо болду да. Эми шартыбыз ушундай болуп жатат. Аябай ыза болдук.

Алымбекова баласынын сабактан начарлашына, депрессияга кабылышына мектептеги акча чогултууларды себеп катары көрсөтүүдө. Маалыматка караганда, ал өзү экинчи топтогу майып жана жакыр турушат.

Анткен менен №32 мектеп жетекчилиги аталган окуучуга эч кандай кысым жана жыйында акча төлөө боюнча сөз болбогонун билдирди.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалымдашынча, бул окуя боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатат. Башкармалыктын башкы адиси Гүзел Турдубаева алдын ала жыйынтыктар боюнча окуучунун жакындары келтирген дооматтар тактала элек деди:

- Биз себебин териштирдик. Интернетте мен сабакты көп калтыргам, мугалим дайыма акча алып кел дейт деп жазылып жүрөт го. Биз ошолорду текшердик. Эми тергөө органдары дагы териштирип жатат.

Гүзел Турдубаева жоголгон окуучу акча төлөөдөн бошотулгандардын катарында болгонун кошумчалады:

- Мектепке акча чогулткан ата-энелер фондунун жетекчилигинин айтымында, ал жерде 1600 бала окуйт, анын 900гө жакыны фондго акча төлөбөйт экен. Бул тизмеде ошол бала да бар, ал бир тыйын төлөбөйт деп айтышты. Сабактарды калтырбайт экен, бирок даярданбай келгендиктен экилери көп экен.

Учурду бул иш милицияда иликтенип жатат. Канткен күндө дагы бул окуя коомчулукта мектептердеги акча чогултуулар колу жука бүлөлөрдүн балдарынын психологиясына терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу талкууларды күчөттү.

Кыргызстандагы мектептердин бири.
Кыргызстандагы мектептердин бири.

Психолог Самат Алкановдун пикиринде, мындай кырдаалга туш болгон өспүрүмдөр ар кандай терс ойлорго жетеленет.

- Мен акча бере албасам, анда мен башкача окшойм деп ойлонот. Ар кандай ойлонот, класс жетекчим мени жакшы көрбөй жатабы, классташтарымдын арасында мен ылдый турамбы дейт. Кыскасы, жаман ойлор менен жүрөт.

Изилдөөлөр эмнени көргөздү?

Тынчтык инновациялар боюнча Булан институту 31-октябрда "Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу муктаждыкпы же коррупциябы?" деп аталган баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстандагы орто мектептердин бюджети, башка каржы булактары, муктаждыктары, акча чогултуулардын түрлөрү, ата-энелерден акча топтоо зарылдыгы барбы деген суроолор талдоого алынган.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары айрыкча шаар мектептеринде билим алган балдардын ата-энелеринин арасында нааразылык күч алган.

Бишкектеги мектептерде акча чогултуу өзгөчө көп жана алардын Камкордук кеңеш алдындагы коомдук фондго, имаратты оңдоп-түзөөгө, класстык куржунга деген түрлөрү бар. Баш калаадагы мектептердин 98 пайызында Камкордук кеңештер ачылып, анын астында коомдук фонддор түзүлгөн, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачып алышкан.

"Ата-энелер өз ыктыяры менен түзгөн, аны өзүлөрү гана башкарат дегени менен бул коомдук фонддорго мектеп директорлорунун таасири күчтүү. Мектептерде мугалимдер акча алып келбеген балдарды урушуп, классташтарынын алдында кемсинткен учурлары кездешет. Булан институтуна маек курган ата-энелердин басымдуу бөлүгү камкордук кеңештерге ыктыярдуу эмес, мугалимдер талап кылган үчүн акча берүүгө аргасыз экендиктерин айтышты" деп жазылган баяндамада.

Аталган институттун баяндамасы бир нече бөлүктөн турат. Анда мектептерде класстык куржун деп акча топтоо, кирүү взносун алуу мыйзамсыз экени, ремонт жасоо түйшүгү ата-энелердин моюнуна илинип калганы белгиленген. Иликтөө эки айга созулган, ага тогуз журналист жана институттун үч адиси катышкан.

Билим берүү жана илим министрлиги Булан институтунун бул иликтөөсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ушу тапта Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар, аларда 1 миллион 73 миң окуучу билим алууда.

Булан институту Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, мектептеги акча чогултууларды текшерип, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууну, №32 мектептин окуучусун ар кандай төлөмдөрдөн бошотууну суранган кайрылуу да жолдошту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG