Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Мектеп курулушунан акча өөнөлгөнбү?


Калыс-Ордо конушундагы мектептин ачылышы. 1-сентябрь, 2017-жыл.
Калыс-Ордо конушундагы мектептин ачылышы. 1-сентябрь, 2017-жыл.

Башкы прокуратура Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектеп курулушунан чоң суммадагы акча желди деген жүйө менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдарына иш козгоду.

Башкы көзөмөл органы мэрия өкүлдөрүнүн аракетинен мамлекетке келтирилген чыгым 91 миллион сомдон ашканын, алар бул акчаны мектепти курган "Айкөл курулуш" компаниясына жасалма тендер аркылуу которгонун билдирди. Ал эми айыпталган кызматкерлер менен мектепти курган менчик ишкана кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун айтып жатышат.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдрамановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, баш калаанын Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы менен Финансы башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Алар Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан ашкере пайдалануу), 306 (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген сатып алууларды жүргүзүү, келишим түзүү), 315 - (кызматтык будамайлоо) беренелери менен айыпталууда. Курулуш эки жыл мурда кытайлык Tebian Electric Apparatus Stock Co. LTD компаниясы берген кайтарымсыз гранттын эсебинен башталган:

- Келишим боюнча "Айкөл курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому 700 миң долларга курулушту бүткөрүшү керек болчу. Бирок Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары Финансы башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, кошумча жасалма документ түзүп, анын негизинде бюджеттен 91,5 миллион сомду курулушту улантуу үчүн деген жүйө менен "Айкөл курулуш" компаниясына мыйзамсыз которгон. "Айкөл курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун бул каражатка аткарылган иштердин актысы боюнча каржылык-чарбачылык документтери жок. Мындан тышкары келишим боюнча, мектеп кытайлык компаниянын каражатына гана курулуп бүтүшү керек эле. Мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке чоң суммадагы - 91,5 миллион сом зыян келтирилген. Учурда тергөө уланууда.

Ал эми айыпталып жаткан Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары бул айтылгандарды негизсиз деп эсептейт. Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов талкууга түшкөн мектеп үч баскыч менен салынган жана баары мыйзам чегинде болгон деп билдирди. Анын айтымында, кытайлык TBEА компаниясы мектеп курулушуна баш-аягы 2 миллион доллар бөлүп берген:

- Алар Кытайдан конструкция алып келип, темирден бир кабат эле куруп, гипсокартон менен ичи-тышын каптап, ортосуна жылуулаткыч салып коюп курууну пландаштырган. Бирок мындай конструкция бизде болбойт, мүмкүн эмес деп экспертизадан такыр өтпөй койду. Андан кийин кайра долбоорду иштеп, бүгүнкү күндө курулган имарат беш блоктон турат, жалпы аянты 7589 чарчы метр. Анын сметалык баасы эле инженердик түйүндү кошпогондо 280 миллион сомго жакын. Алгач келишим түзүлгөндө эле кытайлык компания жалдануучу ишкананы (подрядчик) өзү тандайм деген, ал макулдашуунун 5-пунктунда жазылган. Ошонун негизинде биринчи "Альто Групп" деген компанияны тандашкан, алар баарын Кытайдан алып келип курмай болгон. Бирок долбоору такыр өтпөй койгондуктан түзүлгөн келишим сотко чейин жетип бузулган. Экинчиси - "Глав Строй" деген компания дагы жумушту убагында бүтүрбөй келишимди үзгөнбүз. Келишимдердин баары үч тараптуу, инвестор, жалданма ишкана жана биздин башкармалыктын катышуусунда түзүлгөн. Үчүнчүсү - "Айкөл курулуш" компаниясы ишти аягына чыгарды. Бишкек мэриясынын бул мектепти аяктоо үчүн 104 миллион 395 миң сом бөлүнсүн деген буйругу да чыккан. Жергиликтүү эл дагы мектептин курулушун бүткөрүүнү талап кылышкан. Ошон үчүн бат бүтүргөнгө жол издегенбиз. Маалыматты бурмалап коюшту. Иш козголгондон кийин баарын далилдеп, көрсөтүп беребиз.

Сталбек Өмүрканов кошумчалагандай, кытайлыктар берген каражат курулуш ишине толук жетпей калгандыктан, келишимдин негизинде бюджеттен кошумча каржы алынган.

"Азаттык" радиосу бул маселе боюнча мектепти курган "Айкөл курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунун да пикирин укту.

Бир жерден тендер утуп алып барсаң эле артыңдан текшерүү кошо келет. УКМК, прокуратура, Каржы полициясы, ИИМ текшергиси келет. Биз менен кошо эле бизнеске аралашып жүргүсү келет. Текшерүү УКМКнын балдарынын компетенциясына киреби-жокпу билбейм.
Сейиткан Алиев

Ишкана жетекчиси Сейиткан Алиев өз кезегинде Кыргызстанда тендер утуп алган курулуш компанияларын укук коргоо органдары негизсиз текшерет деп наарызылык билдирди:

- Кытайлыктар бөлгөн 756 миң долларды курулушка жумшагандан кийин имарат толук бүтпөй калды. Биринчи башталгандагы долбоор 660 окуучуга ылайыкташкан болсо, азыр 1020 орун болду. Эки этажы тең курулуп, пайдаланууга берилди. Кытайлыктар менен келишим түзүлгөндө эле жетпегенин мэрия каржылайт деп айтылган экен. Мэрия акча бөлүп берди, биз курулушту аяктап, керектүү документтерди, аткарылган иштердин кагаздарын Капиталдык курулуш башкармалыгына өткөрүп бергенбиз. Бул иш боюнча башында Башкы прокуратура эмес, УКМКнын балдары алектенген. Төрт-беш ай жүрүшкөн, жакында эле интернеттен кылмыш иши тууралуу маалыматты окудум. Мектептин салынышы, колдонулган материалдар боюнча жөнөкөй эскертүү да болгон эмес. Эми иштин жыйынтыгын карап көрүп биз деле сотко кайрылабыз. Көнүмүш болуп калды, бир жерден тендер утуп алып барсаң эле артыңдан текшерүү кошо келет. УКМК, прокуратура, Каржы полициясы, ИИМ текшергиси келет. Биз менен кошо эле бизнеске аралашып жүргүсү келет. Текшерүү УКМКнын балдарынын компетенциясына киреби-жокпу билбейм. Азыр бул иштин баарын Каржы полициясына (Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы) алып берген да. Ал эми УКМКнын балдары Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы түзүлгөндөн бери башка жумуш кылбай эле бизнести аңдып калышкан. Бул боюнча биз да кайрылып көрөбүз. Эмне себептен алар бизнести барып текшергенге кызыкдар деп УКМКнын жетекчисине киргенге аракет кылабыз.

Башкы көзөмөл органы "Айкөл курулуш" жоопкерчилиги чектелген коомунда бюджеттен кошумча алынган каражатка аткарылган иштердин актысы жок экенин айтууда. Ишкана жетекчилиги болсо тиешелүү отчеттук документтер укук коргоо органдарына эмес, Капиталдык курулуш башкармалыгына берилген деген жооп узатты.

Ошентип "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушу үчүн жалпы 2 миллион доллар жана 104 миллион сомдон ашык каражат кетти. Анын курулушу башталганда курулушчу-адистер бул акчага 600 орундуу үч мектеп салынса болмок деген ойлорун айтышкан. Анткен менен мэриянын тиешелүү башкармалыгы жана курулушчу ишкана мектептин эки кабат болуп курулганын жана анын аянтын, сапатын эске алуу керек деген пикирде.

"Азаттыктын" архиви: Калыс Ордо конушундагы мектеп курулушу. 2016-жыл

Кыргызстанда социалдык объектилерди куруу боюнча тендер өткөрүү ызы-чуу, талаш-тартыш менен коштолуп, анын арты сотко чейин жеткен учурлар көп. Жергиликтүү экономист Искендер Шаршеев муну мамлекеттик мекемелердеги коррупциянын токтобой жатышы менен байланыштырып, мамлекеттик сатып алуу, тендер, кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук системага өткөрүүнү сунуштады:

- Кыргызстандын Эсеп палатасы көп учурда мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык аракеттерди, акчанын туура эмес сарпталганын байкайт, кармайт. Тилекке каршы, тууган-туушкан, дос-жарын ортого салып же акча менен чечип, тез эле жаап коюп жатышат. Коррупция өлкөдө күн көрүүнүн каражаты болуп калды. Ошого көп кишилер көрсө да көрмөксөн болуп, унчукпай жүрүшөт. Бизде коррупция тамырлашып кеткен.

"Калыс-Ордо" жаңы конушунда жашаган элдин саны көбөйгөндүктөн, мектепке суроо-талап он жыл мурда эле пайда болгон. 2009-жылы мектеп курулушуна мамлекеттен 80 миллион сом каралып, бирок пайдубал казууга 7 миллион сом чыгымдалып, суу чыгып кетти деген шылтоо менен курулуш иштери токтоп калган. Экинчи ирет жергиликтүү жашоочулардын талабы менен 2015-жылы башталган орто билим берүү мекемеси быйыл 1-сентябрга карата пайдаланууга берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG