Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Ысык-Көлдүн кумга сиңген миллиондору


Жети-Өгүздүн Саруу айылында балык чарбасын уюштуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер мыйзам бузуу менен болгон фактынын да бети ачылды.
Жети-Өгүздүн Саруу айылында балык чарбасын уюштуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер мыйзам бузуу менен болгон фактынын да бети ачылды.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна “Кумтөрдөн” бөлүнгөн каражатты кайсаган фактылар боюнча ушуга чейин бир дагы кызмат адамы жоопко тартыла элек.

Аталган фонддун каражатын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча үч кылмышы иши козголуп, бирок анын арты эмне менен бүткөнү белгисиз. Ысык-Көл облустук прокуратурасы бул дирекцияга карата жакында дагы бир кылмыш ишин козгоду. Ошол эле кезде дирекцияга берилген мектеп, бала-бакча жана социалдык объектnердин курулушу аягына чыкпай турат. Эсеп палатасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаты социалдык курулуштардан мурун жергиликтүү бийлик тарабынан өткөрүлгөн мааракелерге, эстелик китепчелерин чыгарууга жана кызматкерлердин сыйлык акыларына мыйзамсыз бөлүнгөн фактыларды таап чыккан. Бирок буга катышы бар мурунку жана учурдагы аткаминерлер жоопко тартылган эмес.

Козу карындай ачылган кылмыш иштери...

Жакында Ысык-Көл облустук прокуратурасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясына карата кылмыш ишин козгоду. Анда өткөн жылы өткөрүлгөн тендердин негизинде мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын талаптары одоно бузулганы аныкталган. Анткени Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында балык чарбасын уюштуруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер мыйзамды бузуу менен катталган фактынын бети ачылды. Бул иште тендерге катышпаган компаниянын өкүлү жеңүүчү деп табылып калган. Мына ошондуктан аталган тендер мыйзамсыз деп табылды.

Башкы прокуратуранын маалымат борборунун өкүлү Санжар Абжалов бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди:

- Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринин негизинде дирекциянын жана тендердик комиссиянын жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул беренелер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш белгилерин ичине камтыйт. Бул өткөрүлгөн тендер мыйзамсыз деп табылды. Анткени мына ошол тендерге катышпаган эле ишкер кийин тендерден жеңүүчү деп табылып калган. Мындай жасалма иштин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 1 миллион 600 миң сомду түздү.

Бул иш Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонддунун дирекциясына карата 2011-жылдан бери эсеби боюнча төртүнчү жолу козголгон кылмыш иши. Анткени буга чейин дагы аталган фонддун каражатын максатсыз чыгымдоо фактылары боюнча үч кылмыш иши ачылып, бирок анын бардыгы тергөөдө жана сотто белгисиз себептер менен токтоп турат.

Сандар “сайрайт”

2009-жылдан бери “Кумтөр” Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна өзүнүн жылдык кирешесинин бир пайызын которуп келет. Бул каражат облустагы социалдык-экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. ”2009-жылы 148 миллион сомдон ашуун которулса, 2010-жылы 349 миллион сом, 2011-жылы 463 миллион, 2012-жылы 432 миллион сомдун айланасында каражат фонддун эсебине келип түшкөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй облус аймагындагы мектеп, бейтапкана, бала бакча сыяктуу социалдык объектилердин курулушуна бөлүнгөн каражаттын көбү дарегине жетпей калган. Эсептөө палатасы дирекциянын үч жылдык ишмердигин текшерүүдө бир топ каржылык мыйзам бузууларды таап чыккан. Бирок бул материалдар тергөө органдарына жөнөтүлгөнү менен азырынча жыйынтык чыга элек.

Эсептөө палатасынын маалымат катчысы Азамат Курамаев жергиликтүү бийлик максатсыз короткон каражаттын багыты тууралуу мына буларга токтолду:

- Дирекция облустун аймагындагы элдин көйгөйүн жеңилдетүүчү социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруунун ордуна каражатты ар кандай спорттук жана маданий багыттагы оюн-зоокторду, той-мааракелерди өткөрүүгө чыгымдашкан. Китеп, буклет жана башка ушул сыяктуу чыгымдарга жумшалды деп чоң сумма жок кылынган. Анан ар кандай фестивалдарды өткөрүшүп, ошонун бардыгы фонддун каражатынын эсебинен каржыланган. Мына ошонун бардыгы эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн корутундусунда каржылык мыйзам бузуу деп табылган. Текшерүү жүрүп жаткан учурда каржылык документтердин көпчүлүгүн укук коргоо органдары алып кетишкен. Болбосо каржылык мыйзам бузуу бети ачылган 50 миллион сомдон дагы көп болушу мүмкүн эле.

Асанакунов кол тийгиспи?

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду түзүлгөн күндөн тартып эле облустук мамлекеттик администрациянын чыгымдарын жабуучу мекемеге айланып калган. Бул боюнча парламентте маселе көтөрүлүп, облустун ошол кездеги жетекчиси Мирбек Асанакунов кызматынан бошотулган. Анткени мына ошол 2010-2011-жылдары фонддун каражатын мыйзамсыз жана максатсыз чыгымдоо иштери көп катталган.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров козголгон кылмыш иши ушул күнгө чейин ордунан жылбай турганын белгиледи:

- Бул маселени алгач парламенттен мен көтөрүп чыгып, ошонун негизинде текшерүү жүрүп, андан кийин кылмыш иштери ачылган. Анан эле облустун ошол кездеги жетекчиси Асанакунов кызматтан кетиши менен иш ордунан ары жылбай токтоп калды. Эки жылдан ашып бара жатса дагы мына ошол кылмыш иштеринин аягы эмне болгону менен эч кимдин иши жок. Кылмыш иштери болсо ордунан козголбой токтоп турат. Бул жерде мына ошол каражаттын кандай жумшалганын көзөмөлдөй турган байкоочу кеңештин мүчөлөрү дагы жооп берүүгө тийиш. Анын айрым мүчөлөрү азыр өкмөттө отурушат. Жоопкерчилик каралмайынча, мына ошол каражат элдин кызыкчылыгына карата иштейт деп кепилидк бериш кыйын.

Аталган фонд тарабынан 2009-жылы социалдык эмес мүнөздөгү чыгымдарга 6 миллион 249 миллион сом каралса, анын ичинен облустук жана райондук администрациялардын чыгымдарына бир жарым миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Облустун мааракесин белгилөөгө жана эскерүү китебин басып чыгарууга бир миллион сомдон ашуун каражат жумшалган. 2010-жылы келген ыңкылапчыл бийлик социалдык эмес мүнөздөгү чыгымдарды кескин көбөйтүп, ага 30 милион сомдон ашуун каражат сарптаган. Анын ичинен облустук бийликтин муктаждыгына 4 миллион 386 миң сом каралса, сыйлык-акы жана материалдык жардамга эки жарым милилон сомго жакын акча бөлүнгөн. 2011-жылы болсо ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө жана тиешелүү муктаждыктарга 12 миллион сом каралган. Анын ичинен облустук мамлекеттик админстрациянын жеке муктаждыктары эле 9 миллион сомдон ашуун каражатты түзгөн.

Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Мирбек Асанакунов мааракелерге жана муктаждыктарга кеткен каражат мыйзамдын чегинде сарпталган деп эсептейт:

- Мааракелерге жана майрамдык иш-чараларга жөн эле жерден каражат бөлүнгөн жок. Биздин облустан чыккан көрүнүктүү инсандардын мааракелери өткөрүлдү. Мында биз фонддун жобосунан чыккан жокпуз. Анын талабы боюнча каражаттын кайсыл бир бөлүгү мына ошондой иш-чараларды уюштурууга жумшала турганы көрсөтүлгөн. Мисалы үчүн Карасаевдин 100 жылдык мааракесине байланыштуу эстелик орнотулду, атайын музей жана анын атына гүлбак ачылды. Ушунун бардыгы керек нерселер да. Мында деле өтө эле көп каражат чыгымдалган эмес.

Тергөөдө жыйынтык чыкпаган иштер

Ошол эле кезде Ысык-Көл облусундагы социалдык курулуш долбоорлорунун көпчүлүгү аягына чыкпай турат. 2010-жылы курулушу башталган мектептердин айрымдарынын пайдубалы тургузулган бойдон иш токтоп калган. Жети-Өгүздөгү Мундуз айылындагы орто мектептин курулушу да мына ошондой тагдырга тушуккан. 19 миллион сомго бааланган мектептин курулушуна ушул кезге чейин болгону алты миллион сом гана каралган. Ошол эле кезде курулуш компаниялары бөлүнгөн каражатты мыйзам чегинде өздөштүрбөй, курулуш иштерин кечиктирген фактылар катталган. Айрыкча курулуш иштеринин баасын ашыкча көрсөтүү жана сатып алууларды мыйзамсыз жүргүзүү фактылары үстөмдүк кылат.

Эсептөө палатасынын башкы инспектору Улан Нармамбетов материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилгенин белгиледи:

- Каржылык мыйзам бузуулар боюнча буга чейин эле кылмыш иштери козголгонуна карабастан 2012-жылдагы ишмердик боюнча дагы бир топ алешемдиктер табылган. Мында айрыкча мамлекеттик сатып алуулар жана тендерлерди жүргүзүүдөгү одоно катачылыктар көп катталган. Мисалы 3 миллион сомдук ишти баштайт дагы анан чыгымдардын сметасын түзүүдө ката кетиптир деп туруп, буга 3 миллион эмес, 5 миллион сом каралат экен деп чыгышат экен. Анан мурдагы келишимди улантып, ошону менен эсепти жаап койгон одоно катачылыктар табылды. Ушуга окшогон жагдайлар өтө эле көп.

Сынчынын “сыңар” өтүгү кайда?

2009-жылдан бери облусту өнүктүрүү фонду өткөргөн тендерлердин көпчүлүгүн "Торгстрой" жана "Вадимир" курулуш компаниялары утуп келишкен. Алар тендерлерден утуп алып, бирок курулуш иштери бүтпөй токтоп турган объектилер да бар. Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Мирбек Асанакунов аталган компаниялар Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировго караштуу экенин билдирди:

- Тендерлерден утуп алгандан кийин каражат мына ошол курулушка кетпей башка максаттарга жумшалып кеткендиктен объекттер токтоп калган. Мына ошол эки компаниянын артында депутат Максат Сабиров турат. Аны бардыгы билет. Бирок алар тендерлерге катышып, биринин шапкесин бирине кийгизип отуруп бөлүнгөн каражат кайда кеткенин эч ким билбей отурат. Аталган курулуш фирмаларынын прорабдары дагы качып кетишкен. Акчаны болсо учурунда ичип-жеп коюшкан. Азыр бул ишке жооптуу адамды таппай отурушат.

Мирбек Асанакуновду Ысык-Көл облусунун губернтаорлугунан алууга депутат Максат Сабировдун парламенттеги билдирүүсү негиз болгон. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мурдагы губернатордун айткандарын курулай жалаа жана негизсиз доомат катары четке какты:

- Мен облустун аймагындагы социалдык курулуш болуп жаткан объектердин бардыгына барып, кабар алып барып турам. Бирок ошонун бардыгы мага таандык деп эсептеш керекпи? Ал фирмалардын кожоюндарынын бардыгы эле мен тааныбаган кишилер. Эми бир маселе боюнча ачык айтсаң, бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт экенсиң. Менин ал курулуш компанияларына эч кандай тиешем жок.

2009-жылдан бери Ысык-Көл облусунун аймагындагы социалдык курулуштарды куруп келген "Торгстрой" жана "Вадимир" курулуш компанияларын расмий түрдө Кубат Турдутегин жетектеп келген. Ал адам Максат Сабиров менен туугандык байланышта болгон. Айрым маалыматтар боюнча, аталган курулуш компанияларын түптөөдө жана тиешелүү тендерлерди утуп алууда аталган эки өнөктөш ынкылапка чейинки мурдагы губернатор Кыдыкбек Исаевдин колдоосун алып турушкан. Кыдыкбек Исаев ага карата козголгон кылмыш иштерине байланыштуу 2010-жылы өлкөдөн чыгып кетип, учурда АКШда экени тууралуу маалыматтар бар.
XS
SM
MD
LG