Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Мектеп курган компаниянын шектүү "иши"


Калыс-Ордо жаңы конушу 2002-жылы негизделген
Калыс-Ордо жаңы конушу 2002-жылы негизделген

Бишкектеги Калыс-Ордо жаңы конушунда күздө башталган мектеп курулушу токтоп турат. Жергиликтүү тургундар ишти колго алган компаниядан шектенүүдө.

Кыргызстанда күмөндүү компаниялар мамлекеттик акчага мектеп курууну тендерсиз алып, долбоору жок курулушун баштап жана чыгымдалган каражаттын дайыны чыкпай калган учурлар бар. Мына ошондой мектептерге бир нече ирет каражат бөлүнүп, бирок жумуш бир топ жылга созулуп, курулушу бүтпөй токтоп калган.

Үзүлбөгөн үмүт

Бишкек шаарынын четиндеги Калыс-Ордо жаңы конушу өкмөттүн токтому боюнча расмий түрдө 2002-жылы негизделген. Ага чейин Бишкекке ар кайсы аймактан көчүп келген жарандардын тобу жер басып алуу аркылуу ал аймакта өз алдынча үй сала баштаган болчу.

Аймактык кеңештин маалыматы боюнча 2015-жылга карата Калыс-Ордодогу калктын саны алты миң адамдан ашкан. Мектеп жоктугунан жергиликтүү окуучулар мурда Коргоо министрлигине караган эски имаратта үч нөөмөт менен билим алууга мажбур болушкан.

Калыс-Ордо жаңы конушунун тургуну Нурбү Борбукеева жергиликтүү калк көптөн бери үзгүлтүккө учурап келип, былтыр күздө башталган мектептин курулушу азыр кайра токтоп калганына кабатыр экенин айтты:

- Мектептин курулушу башталганда калк сүйүнүп, кан чыгарып, аябай кубанган болчубуз. Анткени балдар окуган жай аябай тар болгондуктан бир партада үч-төрттөн отуруп билим алышчу. Конуштагы ата-энелердин көбү балдарын шаардагы мектептерге жиберишет. Алар күндөп-түндөп алыска барып окуп келишкенине кооптонобуз. Эми курулуш кайра токтоп калды дегенге мурда да алданып, оозубуз күйүп калгандыктан тынчсызданып турабыз.

Бул жаңы конушка 2014-жылы кытайлык TBEA компаниясынын 2 миллион долларлык грантынын эсебинен 750 орундуу мектеп куруу чечими чыккан болчу. Мектеп башында эки кабат болот деп, бирок кийин бир кабат болот деп белгиленген.

“Дом мечты” деген компаниянын жетекчилигин издеп барсак, ал жактан “Альто групп” дегенге жөнөтүшүп, бири-бирине эле шылтап, бизди убара кылышууда. Кимиси жооптуу экени да белгисиз.
Дарика Иманкожоева

2015-жылдын 1-сентябрына чейин объектти куруп бүтүрүү керек деген негизде тендер өткөрбөстөн бул мектепти куруу милдети “Дом мечты” деген компанияга жүктөлгөн. Буга “курулуш жеңил темир конструкциядан туруп, өзгөчө ыкма менен бат жүргүзүлөт” деген Бишкек мэриясынын ишендирүүсү негиз болгон.

Мектептин курулушун көзөмөлдөө боюнча коомдук демилгелүү топтун жетекчиси Дарика Иманкожоева учурда курулушту бүткөрүүгө жоопкерчилик алган тарапты табуу кыйындап баратканын айтты:

- Бизди Бишкек мэриясынан келген жетекчилер тендер жарыяласак, анда курулуш иши көпкө созулуп кетет деп айтышкан болчу. Ошондуктан каржылоо бөлүнсө эле күзгө чейин мектеп бүтөт деп ишендиришкенинен былтыр биз ага макулдугубузду берген элек. Эми “Дом мечты” деген компаниянын жетекчилигин издеп барсак, ал жактан “Альто групп” дегенге жөнөтүшүп, бири-бирине эле шылтап, бизди убара кылышууда. Кимиси жооптуу экени да белгисиз. Курулушту алганга чейин алар биздин артыбыздан аябай чуркап жүрүшкөн. Эми ошол кишилерди таппай калдык.

Жетекчилери алмашып турган компания

Мектептин курулушун алгач “Дом мечты” компаниясы баштайт деп айтылса, кийин каражат анын курамындагы "Альто групп" ишканасынын эсебине которулду деп айтылган.

Башында эле курулуштун бир долбоору турсун, кичине бир эскизи же чертёжу жок келишим түзүшкөн. 2015-жылдын 13-апрелинде келишим түзүп, 1-сентябрга бүтүрөбүз деп келишим түзүшкөн экен. Эми мындай мультфильмде дагы болбойт да.
Нурлан Назарбеков, прораб

Курулуш иштерин ортолобой туруп эле бөлүнгөн бир миллион доллар өздөштүрүлдү деген негизде бул компания экинчи траншты бөлүүнү талап кылган. Бирок Бишкек мэриясынын мамлекеттик-коомдук капиталдык курулуш башкармалыгы өздөштүрүлгөн акчанын отчетун талап кылган. Анткен менен компания тиешелүү формадагы, талапка жооп берген каржылык отчетту тапшыра алган эмес. Мына ушул жагдайда жергиликтүү калкта курулуштун акчасы желип кеткен болушу мүмкүн деген шек саноо күчөдү.

Демилгелүү топтун координатору Абдымамбет Сариев бул жагдай тууралуу буларга токтолду:

- Бул компаниядан шектенип, анын тарыхын изилдей баштадык. Сураштырсак төртүнчү деңгээлдеги курулуш компаниясы экен. Же бир ылайыктуу техникасы жок. Анын бардыгын бирөөдөн ижарага алып келишти. Эми 1 миллион долларды каалагандай чыгымдап коюп, акчанын отчетун бербестен, кайра акча сураганы түшүнүксүз болуп жатат. Демек булардын артында күчтүү колдоочулары бар. Бул компанияны мурдагы мэр Кулматов сунуштаган. Бул компаниянын башчысы делген Нурдин Шакиров деген 250 миң долларды котортуп алып, анан курулушту аткарууну “Альто групп” дегенге өткөрүп берген деп сөз тараган болчу. Эми акча жок деген негизде иш жүрбөй калды.

Курулуш компаниясындагы түшүнүксүз кадамдар жана андагы жетекчилердин тез-тез алмашуусу күмөн саноого негиз берген. “Дом мечты” компаниясынын кожоюну катары башында Нурдин Шакиров деген сүйлөшүү жүргүзсө, кийин Кубат Шаршекеев деген негиздөөчү болуп чыккан. Ошол эле кезде компаниянын аткаруучу директорлугунда Памир Өмүрзаков деген турса, кийин анын ордуна Нурлан Бечелов деген келип калган.

Документтердин бир жеринде “Дом мечты” деген аталыш "Альто групп" компаниясынын соода маркасы делсе, экинчи бир жеринде анын курамындагы ишкана катары сыпатталган. Ошондуктан мындай баш адаштырган аталыштар жана кызмат адамдарынын алмашуусу көз боёмочулук үчүн жасалууда деген дагы кеп тарады.

Бирок "Альто групп" компаниясынын аткаруучу директору Нурлан Бечелов коюлган дооматты четке какты:

- “Дом мечты” деген бул биздин компаниянын эле бренди. Нурдин Шакиров мурда бизде негиздөөчү болчу. Чыгымдардын отчету тууралуу айтууга эрте. Анткени курулуштун сметалык наркы чыга элек. Анткени долбоорлоо курулуш учурунда удаа жүрүп жатат. Бөлүнгөн акча көп деле эмес. Анткени башка мектептерге деле ушундай эле акча кетет. Курулуштан акча жеди дегенге далил болушу керек. Эми мунун бардыгы жөн эле сөз да.

Калыс-Ордо: мектепке деген акча "жоголууда"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Эки кабаттын ордуна бир кабат

Ошол эле кезде жоопкерчиликти алган компания курулуш техникасын, жумушчулар бригадасын сырттан тартып келген көрүнүш менен бирге эле ишти уюштургандардын арасынан курулуш башталгандан бери эле төрт прораб алмашкан. Курулушта төртүнчү прорабдык кылып жаткан Нурлан Назарбеков курулуш иши 45 пайызга аткарылганын айтып, каржылоонун токтоп калганына байланыштуу иш үзгүлтүккө учураганын белгиледи. Нурлан Назарбеков акчанын көбү мектеп курулушун эки ирет долбоорлоого чыгымдалып кеткенинен кеп салды:

- Биринчи жолу жеңил конструкция менен жасала турган курулуштун долбоору иштелип чыгыптыр. Бирок ал экспертизадан өтпөй калган. Ага деле жакшы акча кетти да. Эми экинчи ирет адаттагыдай мектептин курулушунун долбооруна дагы акча суралган. Долбоор аягына чейин бүтө элек. Ал дагы экспертизага жөнөтүлсө анысы да өтөбү же жокпу белгисиз. Ошол кеткен акчага эки кабат мектепти салып, бүтүрсө болмок. Ал акчага 540 орундуу эмес, 1200 орундуу мектептин курулушу түшөт болчу. Бийликтегилер капа болушпасын, бирок бул акчаны курулай эле каякка чачарын билбей коротуп жатканга окшош да. Башында эле курулуштун бир долбоору турсун, кичине бир эскизи же чиймеси жок келишим түзүшкөн. 2015-жылдын 13-апрелинде келишим түзүп, 1-сентябрга бүтүрөбүз деп келишим түзүшкөн экен. Эми мындай мультфильмде дагы болбойт да.

Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна жалпысынан 2 миллион доллар каралган. Бирок анын учурда бир миллион доллары гана бөлүнүп берилген. Эки миллион доллар деген учурдагы акчанын курсу боюнча 150 миллион сомго жакын акча. Адис-курулушчулар өлкөнүн ар кайсы аймагында курулуп жаткан 600 орундуу типтүү мектептердин бекитилген чыгымын эске алганда бул акчага үч мектеп курууга болмок деп баа беришүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик-коомдук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов отчет берилмейинче акча бөлүнбөй турганын айтты:

- Кеткен чыгымдын эсебин бербей жатпайбы. Бул ыйкы-тыйкылык февраль айынын башында эле башталган. Биз алдын ала акчасын төлөп берген соң ишти бүтүрүп, аны тапшырып, отчетун берсин. Жетпеген жерине акча бөлүүгө уруксат берилет дегенбиз. Эгерде биз буларга кол коюп берип койсок, көзөмөлдөөчү органдар текшерип чыкканда “эмнеге мындай шалаакылыкка жол бергенсиңер” деп бизди да айыптайт. Ошондуктан толук отчет болуп, текшерилип чыкмайынча биз кошумча акча бөлө албайбыз.

Башынан башталган көз боёмочулук

Бул мектепти курууга “Дом мечты” деген соода маркасы менен белгиленген бул компаниянын кандайча тандалып калганы дагы табышмак. Учурунда бул мектептин курулушун баштоону көзөмөлдөгөн парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев андагы көз боёмочулуктун сырлары туурасында буларга токтолду:

- Башында 1200 орундуу мектепти жана бала бакчасы менен куруу жагы чечилген. Муну каржылоого ТВЕА компаниясы 3 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө макул болгон. Бирок Бишкек мэриясы ар кандай шылтоолорду айтып, ишти создуктуруп отуруп, баштапкы план аткарылбай калган. Анан биз парламенттен бул маселени улам көзөмөлдөп отуруп, ишти кичине болсо дагы жөнгө салууга жетиштик эле. Курулуштун кайра артка кетип жатканында бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар. Сметаны атайын ар кандай жарабагандай кылып түзүп алышып, чыгымдарды көбөйтүп отуруп, ошол жерден акча жегендин схемасын жасашат. Бул жолу дагы ошондой багытка кетип баратышкандай.

Ошол эле кезде Кыргызстанда бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча жаңы ондогон мектептердин курулушуна мамлекеттен бөлүк-бөлүгү менен каражат бөлүнүп, бирок каражат көзөмөлдөнбөгөндүктөн, ысырапка учурап, курулуш иштери бир нече жылдап созулуп кеткен учурлар бар.

Калыс-Ордодогу мектептин курулушуна дагы 2009-жылы 80 миллион сом каралып, бирок мектептин жер пайын казууга эле 7 миллион чыгымдалып, суу чыгып кетти деген шылтоо менен курулуш иштери токтоп калган болчу. Мына ошентип бул мектепке экинчи ирет акча каралып, бирок анын курулушу аягына чыгары дагы күмөн жаратып турган учур.

XS
SM
MD
LG