Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Түркия: мигранттардын кенемте көйгөйү


Түркия.
Түркия.

Түрк жергесине үй кызматтарына жана кара жумушка келген мигранттар мыйзамсыз же туристтик виза менен келип, иштеп калышат. Мындай шартта эмгектенген мигранттар кырсыкка кабылып же ооруп калса, эч кандай укуктук колдоо ала алышпайт.

Түркиянын миграция департаментинде 19 миңге жакын кыргызстандык жаран расмий катталган. Алардын дээрлик бардыгы эмгек мигранттары.

Мураттын окуясы

Mурат Жунушалиев кесиби боюнча мугалим, жогорку окуу жайды бүтүргөнү менен жыгач усталыкты кесип кылып алган. Төрт жылдан бери Түркияда жыгач эмерек жасаган устаканада иштейт. Бир жыл мурун кырсыкка кабылып, станокко колун алдырып алган. Мураттын ал кезде эмгек визасы жоктугуна байланыштуу медициналык камсыздандыруусу болбогондуктан, колунун операциясынын чыгымы төлөнгөн эмес.

- Мен алган «Гүнеш сигорта» деген камсыздандыруу 2000 лирага чейинки гана медициналык дарылоону жабат экен. Алардан үмүтүмдү үзгөндөн кийин мен иштеген фабриканын кожоюндары бардык чыгымдарды төлөп беришти. Анткени мен мыйзамдуу түрдө иштесем, анда бул ишкана деле көп чыгым тартмак. Чоң айыппул төлөтүп убара кылмак.

Сарыгул: Мекенге мигранттын инвестициясы керек

Сарыгул: Мекенге мигранттын инвестициясы керек

“Журтташтардын" бул жолку каарманы “Кыргызстан - Түркия" достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгул.

Түркияда «Чет өлкөлүктөрдүн жумушка орношуусуна уруксат берүү жөнүндөгү» мыйзам боюнча иш берүүчү мигрантты мыйзамсыз иштеткени үчүн орточо эки миң долларга чейин айыппул төлөп, текшерүүгө кабылат.

Мурат Жунушалиев иштеген устакананын кожоюндары анын ооруканадагы бардык төлөмдөрүн өз моюндарына алышкан:

- Албетте, жардам беришти. Догдурга дароо алып барып тиктирдик. Эки саат операцияда жаттым. Ооруканадан чыккандан кийин деле жардам беришти. Мени эки айга Кыргызстанга жиберишти. Айлыгымды кескен жок. Кайра келип иштеп баштаганда деле көп колдоо көрсөтүштү. Өзүм деле кожоюндарга "компенсанция төлөгүлө" деп айта алган жокмун.

Мураттын станокка алдырган колу операциядан кийин айыгып, азыр ошол эле устаканада иштейт. Бирок иш берүүчү ага эмгек визасын жасатып бербегендиктен, Мурат кайра эле өмүрүн тобокелге салып иштеп жүргөн чагы.

Жол кырсыгынын кесепетин тарткан Динара

Ал эми Динара Алымкулова 28-июлда Анталияда жол кырсыгына кабылган. Оң бутунун согончогу жанчылып, оор операция жасалган кыргыз келиндин Түркияда үй кызматында иштегенине жети ай болгон.

Катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа мотоциклде бараткан Динараны коюп, качып кеткен. Дароо полиция менен тез жардам чакырылып, кылмыш иши козголгон. Сотто Динаранын укугун коргогон адвокат Хасан Жан кырсыкка себепкер болгон унаанын айдоочусу ушул күнгө чейин табыла электигин билдирди:

- Кырсык түндө болгондуктан, машинанын номуру жакшы көрүнбөй калган. Полиция издегендей эле болуп жатат. Өкүнүчтүүсү көп убакыт өтсө да майнап чыга элек.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Динара Алымкулова учурда Кыргызстанда дарыланып жатат. Анын адвокаты жабырлануучу ушул жылдын аягына чейин келип, өкмөт бере турган кенемтесин алуу үчүн комиссиядан өтүшү зарылдыгын эскертет.

- Динаранын ооруканадагы бардык төлөмдөрүн медициналык жактан камсыздандырган компания өз мойнуна алды. Жакын арада Динаранын согончогуна кайрадан операция жасалышы керек. Андыктан ооруканадагы бардык маалыматтарды чогултуп, мен ушул жылдын аягына чейин документтерди өткөрүшүм керек. Ал эми аны коюп кеткен айдоочуну күч органдары таба албай койгондон кийин өкмөт жабыркаган адамга акчалай компенсация төлөп бергенге милдеттүү. Акчанын суммасы атайын комиссиянын тыянагынан кийин белгилүү болот. Эгер Динара компенсация жетиштүү эмес десе, кайра сотко бергенге укуктуу.

Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө бир миллионго жакын чет өлкөлүк мигрант эмгектенет. Бул өлкөдө мигранттардын саны боюнча сириялыктардан, грузиндерден жана түркмөндөрдөн кийин эле кыргызстандыктар турат. Расмий катталган кыргыз жарандарынын саны 19 миңден ашуун. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар мындан алда канча көп экени айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG