Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Түркия: мигранттын медициналык камсыздандыруу көйгөйү


Түркиядагы ооруканалардын бири.
Түркиядагы ооруканалардын бири.

31-июль күнү Анталияда автокырсыкка учураган Дамиранын (аты өзгөртүлдү) бутуна мамлекеттик ооруканада эки оор операция жасалды. Аны дарылоо учурунда камсыздандыруу көйгөйү да башталды.

Туристтик виза менен иштеп жүргөн Түркиядагы мигранттар күтүүсүз кырсыкка кабылган учурда кандай жардамдарды ала алышат? Түркиядагы мигранттар ден соолугуна кантип кам көрөт?

Анталияда карыя кишини багып жүргөн Дамира ал үй-бүлөнүн өспүрүм балдары менен чогуу 31-июлдун кечинде электрондук велосипед менен эс алууга чыккан. Жолдо кырсыгына кабылган эки өспүрүм менен Дамира дароо эле Акдеңиз университетинин ооруканасына жеткирилген:

- Менин жанымда 17 жаштагы бала жана 11 жаштагы кыз бар болчу. Биз электрондук велосипед алып жакшы эле кыдырып жүргөнбүз. Жаңы эле жамгыр жаап бүткөн болчу. Жакшы эле тээп жүргөнбүз.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Жол кырсыгында Дамиранын согончогун машина жанчып кеткендиктен, ага эки оор операция жасалды. Азыр догдурлар анын абалы тууралуу толук маалымат бере элек экен.

- Азыр догдурлар эч нерсе деп айтышпай жатат. Мени чет өлкөлүк деп жакшы карабай деле жатышат, - деп Дамира жергиликтүү бийликтердин медициналык, укуктук жетиштүү жардам көрсөтөрүнө күмөн санайт.

Анткени ал эмгек визасы менен эмес, туристтик виза менен иштеп жүргөн.

Түркиядагы Медициналык камсыздандыруу компаниясынын адиси Фатма Үнсал туристтик визага жасатылган камсыздандыруу менчик ооруканаларда гана жарактуу экенин айтты.

- Туристтик визанын медициналык камсыздандыруусу мамлекеттик ооруканаларда өтпөйт, менчик ооруканаларга барса жалпы төлөмдүн 40 пайызын гана бейтап төлөйт. Менчик ооруканалар менен түзүлгөн келишимге ылайык чет өлкөлүктөр медициналык кызмат ала алышат.

Түркияда эмгек визасын алуу боюнча талаптар көбөйгөндүктөн, мигранттардын дээрлик көпчүлүгү туристтик виза менен иштешет. Алар Түркияда кадимки эс алып жүргөн туристтердей эле укугу бар.

Кыргызстандык адвокат Чынара Мукашева, өзгөчө үй кызматында иштеген кыз-келиндерге эмгек визасын жасатуунун түйшүгүнө токтолду.

- Жумушка орношуп, иш берген компания кыргызстандыктарга виза жасатып берүүсү шарт. Бирок бардык ишканалар мигранттарга виза жасатып бербейт. Анан көбү эле бир жылдык туристтик виза менен иштеп жүрө беришет. Ал эми үй кызматында иштеп жүргөн кыз келиндер, эгер карап жаткан баласы 10 жаштан чоң болбосо же каралашкан карылар 65 жаштан улуу болсо гана ички иштер министирлиги иштөөгө уруксат берет экен. Андыктан миңдеген биздин кыз келиндер Түркияда туристтик виза менен иштөөгө мажбур.

Анталия полициясы Дамиранын кырсык болгон жердеги окуясын изилдеп жатат. Бирок окуя кечки саат ондо болгондуктан, күбөлөр азырынча табыла элек. Жолдогу коопсуздук камералар изделүүдө. Анталиялык адвокат Энис Зияли эч күбөсүз изилдөөлөр негизинен жыйынтыксыз болот деп билдирди.

- Түркияда эгер күнөөкөр табылбаса, тергөөнү токтотуп деле койушат. Эң маанилүүсү - жабырлануучу арызын албай, иштин аягына чейин изилденүүсүн талап кылса, балким, күнөөкөр табылып калаар. Бирок Түркияда жол кырсыгында күнөөлүү тарап качып кеткен учурлар өтө көп кездешет. Жабыркаган киши - түрк болобу, чет өлкөлүк болобу, мыйзамда баары тең укуктуу.

Түркиядагы ооруканалардын биринде.
Түркиядагы ооруканалардын биринде.

Кыргызстандын социалдык фонду менен Түркиянын эмгек жана коомдук коопсуздук министирлиги арасында 2005-жылы кол койулган биргелешкен кызматташтык жөнүндө макулдашуу гана бар.

Ал эми Түркияда 14 000дей кыргызстандык расмий катталса, Анталияда эле бейрасмий 6000 кыргызстандык эмгектенет.

Негизинен, эмгек мигранттар туристтер арбын каттачу Стамбул, Анкара, Измир сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет. Алардын бир даары өздөрүнүн мигрант катары укуктары менен милдеттерин жана медициналык жактан камсыздандыруу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун анчейин биле беришпейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG