Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:33

Түрк өкмөтү 2023-жылга карата Улуттук өнүгүү стратегиясынын долбоорун жаңылап жарыялады.

Стратегияда 2008-жылдан бери Түркиянын айыл чарбасындагы бейрасмий иштеген эмгек мигранттарынын саны көбөйгөнү айтылат.

Жаңы долбоордо айыл чарбасында чет өлкөлүк мигранттарды эмгек визасы менен иштетүү шарттары камтылган.

Анталия аймагында жүргөн кыргызстандык мигранттардын бир бөлүгү дал ушул айыл чарба ишине тартылган. Алар көбүнчө күнөсканада, талаада жана айыл жериндеги курулушта бейрасмий иштейт.

26 жаштагы Медер аттуу мекендешибиз Анталия аймагындагы Жевизли айылына жети ай мурда келген. Учурда ал күнөсканада эмгектенет.

Мигранттын акчасынын изи кайда?

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсебинде, Орусиядагы мигранттар салган акча кескин азайды. Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл январдан майга чейин мигранттар которгон акча 37% кыскарган.

- Бул жактагы кыргыз жигиттер чогулуп иштейбиз. Бизди колубуздан келип турса дагы жакшы жумуштарга албайт. Жаңы келгенде наабайканага ишке орношком, эми күнөсканадан жумуш таптым. Алгач ширетүүчү болгом, кийин помидор, баклажан тердим.

Кыргызстандыктар күнөсканада иштеп, чогуу ижара алган батирде жашайт. Күнүмдүк тамагын өздөрү жасап жейт. Түркияда жүргөнүнө бир топ болсо да күнөсканага көнө албай коюшканын айтышты:

- Булар бизге окшоп этке жакын эмес экен. Жашылча, чөп-чарды көп жешет. Мен дагы эле тамактарын жей албай жатам. Тооктун эти менен өзүбүзгө ылайыктап жасап жейбиз.

Медер бир канча кыргызстандык жигиттер менен бир бригадада эмгектенет. Анталияда кара жумушка тартылган мекендештердин дээрлиги мыйзамсыз иштейт. Убагында визасын узарта албагандар да күнөсканада күнүмдүк акчага жалданып иштейт.

- Эми биз иштеген жерде өзүбүздүн жумушубузду билебиз. Башка жумшаган кезде барсаң дагы төлөп беришет. Булар калп айткандарды, анан колу туткактарды жаман көрүшөт. Айлыкты күндө алсаң болот. Азыркы жетекчим ишенимдүү. Ошол себептүү ай сайын эле алайын деп сүйлөшкөм.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Күнөсканада 20дай кыз-жигит иштейт. Алардын 12си кыргызстандык. Баарынын эмгек визасы жок. Маектешим Медер эмне себектен түрк ишкерлер чет өлкөлүк мигранттарды жалдап иштетерин минтип чечмелеп берди:

- Мен визамды жасаткан эмесмин. Андыктан менин камсыздандыруум жок. Кыргызстандын паспорту менен эле жүрөм. Полиция кармаса депортация кылат. Кожоюн биздин ордубузга жергиликтүүлөрдү иштетсе, анда аларга мыйзам чегинде бардык төлөмдөрүн төлөп берүү керек. Чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз иштетүү аларга пайдалуу да.

Түрк өкмөтүнүн "Улуттук Өнүгүү Стратегиясынын" долбоору 2023-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын камтыйт. Долбоордун эң негизги бөлүгү айыл чарба, экономика жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган.

Эмгек мигранттары боюнча серепчи Ахмет Акбаш бул долбоорду кабыл алуунун башкы себебин айылды таштап, чоң шаарларга көчүп кеткен түрк жарандарынын ордун чет өлкөлүк мигранттар менен толуктоо деп түшүндүрдү:

- Айыл чарбасында эмгек визасын кантип расмий кыларын мен түшүнө албай турам. Анткени долбоор даярдалып бүттү, бирок президент аны беките элек. Чет өлкөдөн келип, кара жумушта иштегиси келгендердин баарына эле виза бербесе керек. Эмгек визасын алуу үчүн ошол жумуш берген түрк ишкер кеминде беш түрк жаранына иш берип, салык төлөшү керек. Азыр Түркиянын айылдарын таштап, чоң шаарларга көчүп кеткендер көбөйүүдө. Менимче өкмөт ошол бош калган талааларда мигранттарды иштетүүнү көздөп жатат. Бирок долбоор өтөбү, өтпөйбү азырынча белгисиз.

Түркиядан сыртка экспорттолгон жер-жемиштердин беш пайызы гана Анталияда өстүрүлөт. Жылына бир миллион тоннага чейин жер-жемиш экспорттолот. Бирок 2016-жылы экспорт 21 пайызга төмөндөгөн. Негизинен жыл бою Анталиянын күнөсканалардында помидор, бадыраң жана апельсин өстүрүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG