Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Байлыктын күчү, «элитанын» жүзү


Матраимовдордун иш-чарасына катышкандар.
Матраимовдордун иш-чарасына катышкандар.

Матраимовдордун иш-чарасына барганы туурасында эл ичинде айтылып жаткан сынга парламенттин төрагасы жана биринчи вице-премьер-министр жооп кайтарышты.

1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага катышкан жоон топ депутаттардын айрымдары коомчулуктун сынына дароо эле реакция кылып, эл өкүлү Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганын бир ооздон айтып жатышат.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

​2-майда парламент жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Суудагы иш-чарага катышканы тууралуу журналисттердин суроосуна кыскача гана жооп берип, ал да депутат Матраимов үчүн барганын айтуу менен чектелди:

«Биринчиден, Райымбек Матраимовго барган жокмун, Искендер Матраимовго бардым. Экинчиден, дем алыш күнү жеке сапарым болчу».

Ал эми парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков жоон топ бийлик өкүлдөрү Матраимовдун иш-чарасына барганын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады. Ал парламенттин радиосунда сүйлөп жатып депутаттар өз каражатына согуш ардагерлери үчүн белек да ала барышканын билдирди:

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

«Биз, депутаттар, бири-бирибизге сый мамиле көрсөткөндүн негизинде гана барып келдик. Бюджеттен эч кандай каражат кеткен жок. Биринчиден, бул дем алыш күн болчу. Экинчиден, ар бир депутаттын барып келиши өзүнүн каражатынан болду. Төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок. Искендер Исмаиловичке: «Биз ал жерге бара албайбыз. Сенин иниңде ушундай маселе бар» дегенге эч кандай себеп жок».

Өкмөттүн басма сөз кызматы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Суудагы сапарына өз каражатынан барганын маалымдады.

Депутаттар: Биз Райымбекке эмес, Искендерге барганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

Эмне болгон күндө да кыргыз өкмөтү менен соттошуп, акыркы учурда саясаттын көңүл чордонунан түшпөй, коррупцияга байланыштуу ар кандай сөз ээрчиген Райымбек Матраимовдун туугандары уюштурган майрамга бийлик бутагындагы эң жогорку кызмат адамдары катышканы кыргыз медиасында күндүн темасына айланды. Айрым талдоочулар бул көрүнүш бийликтин «коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатат» деген саясатынын аброюна сокку урганын айтып жатышат.

Саясий серепчи Даниэл Кадырбеков мындан жогорку кызмат адамдарынын эле эмес, мамлекеттик институттун да кадыры түшүп жатканын белгиледи:

Даниэл Кадырбеков.
Даниэл Кадырбеков.

«Шек жараткан адам тойго чакырса өлкөнүн расмий башчылары чогуу барып чай ичишкени - мамлекеттик институттун деградация болуп баратканы. Анткени 15 жылдан бери бийлик башындагы адамдар мындай институттарды чабал абалга алып келди».

Кадырбеков учурда муну катуу сындап, аткаминерлердин жооп беришин талап кылган күчтүү оппозиция да жок экенин кошумчалады.

Саясат талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, Кыргызстан эгемендик алгандан бери жогорку кызмат адамдарынын мыйзамдык укуктарынан сырткары моралдык укугу калыптанбай жатат. Айрыкча кийинки убакта көшөгө артындагы саясатта бийлик өкүлдөрүнүн коомчулукка жакпаган фигуралар менен ымала түзүп алганы ачык байкалууда. Акимов акыркы окуяны ошонун мисалы катары мүнөздөдү:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Жогорку Кеңештин жарымы жөн эле саясий пиар менен алектенип бийликке келген. Адилеттүүлүктү талап кылып, бакырып-өкүрө берет. Трибунадан түшүп, кучакташып чай ичишет. Бийик даражадагы түшүнүк, моралдык баа берүү деген жок болуп калды. «Элге уят болобуз» деген жок. Мамлекеттин эки чоң бийлик бутагы учуп баргыдай Райымдын атасы космонавт же залкар адам эмес».

Матраимовдордун атасы, маркум Исмаил Матраимов атындагы фонд уюштурган иш-чарада согуш ардагерлерине баалуу сыйлыктар да тапшырылганы коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.

Депутат Искендер Матраимов ардагерлерге белектер айыл өкмөт тарабынан берилгенин маалымдады. Ал эми Кара-Суу администрациясынын акиминин орун басары Мехринса Жороеванын айтымында, иш-чарада акимдин резервдик фондунан 11 ардагерге 10 миң сомдон берилген, ал эми Жоош айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бир ардагерге автоунаа тапшырылган.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген.

2018-жылы апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG