Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

«Депутаттардын элге мамилеси билинип калды»


Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

Матраимовдордун иш-чарасы соцтармактарда катуу талкууга түштү.

Кара-Суу районунда Искендер Матраимов атасы Исмаил Матраимовдун элесине арнап волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш өткөргөн. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана парламенттеги фракция лидерлери баш болгон депутаттар катышкан.

Интернет колдонуучулар иш-чарага катышкан депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин моралдык жоопкерчилигин сынга алып жатышат. Бул окуя боюнча серепчи Эркайым Мамбеталиеванын пикирине кызыктык.

«Азаттык»: - Матраимовдордун иш-чарасы соцтармактарда катуу талкууга түштү. Ага барган айрым эл өкүлдөрү депутат Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганын айтып, актанып жатышат. Бул окуяга сиздин пикириңиз кандай?

Эркайым Мамбеталиева: - Укуктук мамлекетти түзүү жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин моралдык, этикалык жоопкерчилиги болушу керек. Биз ушул жагынан аксап келатабыз. Мамлекет эки нерсеге таянат. Биринчиси - укуктук жагы, экинчиси - этикалык жагы бар. Бизде этикалык, моралдык нерселерди жокко чыгарып койгондуктан укуктук жагыбыз да өнүккөн эмес.

«Азаттык»: - «Раим миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимов кыргыз өкмөтү менен соттошуп жатат. Бирок Матраимовдор жылда өткөргөн спорттук иш-чарасына мамлекеттик жогорку кызмат адамдарын чакырды. Сиздин пикириңизде мамлекеттик кызматкерлер чакырууга кандай жооп бериш керек эле?

Эркайым Мамбеталиева: - Эми кандай жооп беришсе өздөрүнүн иши... Бүгүн ал жакта парламент өкүлдөрү жүрөт. Мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү трибунадан элдин көйгөйүн кыйкырып айтышат. Бирок бүгүнкү аракети аларга карама-каршы келүүдө. Бул - эки жүздүүлүк.

1-май, 2019-жыл
1-май, 2019-жыл

«Азаттык»: - Эми бул окуядан эл, шайлоочулар кандай сабак алышы керек? Эл арасында Райымбек Матраимов жөнүндө ар кандай пикир бар эмеспи? Дегеле, коом бул көрүнүштөн жыйынтык чыгара алабы?

Эркайым Мамбеталиева: - Коомдун аң-сезимин өстүрүүгө эч кандай аракет болгон жок. Эми реалдуу алганда коом мындан ойлонуп сабак алат деп да айтууга болбойт. Туура чечим чыгарат дегенден алыс болушубуз керек. Азыр шайлоо жакындап келди. Анда шайлоонун үгүтүнө жараша жыйынтык болот. Бирок мамлекеттик кызматкерлердин, парламенттин элге карата мамилеси кандай экенин көрсөтүп койду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG