Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Бийликти сынаган Матраимовдун иши


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришти.

Бирок анын бир тууганы бул мекемеде иштей турганы айтылып, текшерүүнүн ачык-айкындыгынан күмөн санагандар чыга баштады.

Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун "Азаттыкка" ырасташынча, текшерүү өткөн жылдын аягында президент Жээнбековдун басма сөз жыйынында журналисттер берген маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатат.

Ал арада Матраимовдун бир тууган иниси Исламбек Матраимовдун Финансы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгын жетектей турганы белгилүү болду. Буга байланыштуу текшерүү ишине анын таасири тийиши мүмкүн деген күмөн саноо күчөдү.

- Ооба бизде андай кызматкер бар. Алар Финполдо иштеген кызматкерлердин коопсуздугун карайт. Бирок сырттагы жарандарды иликтөөгө катышпайт. Жаңы мыйзамдарга байланыштуу бизде жаңы бөлүм ачылды, Матраимовдун мүлкүн ошол бөлүм же ыкчам иликтөө башкармалыгы текшериши мүмкүн. Бул жөнүндө кошумча маалымат беребиз, - деди Пискур.

Бажы кызматынын төрагасынын "Райым миллион" деген каймана ат менен таанылган мурдагы орун басарынын тегерегинде, өзгөчө анын байлыгы туурасында бир канча жылдан бери көп сөздөр айтылып келет.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары ал Кыргызстандагы 100 байдын алдыңкы сабында турганын, мүлкүнүн баасы 140-160 млн. доллардай экенин жазышкан.

Матраимовдун байлыгы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да жазган жайы бар. Ал мүлкү текшерүү ишин УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат алып барса туура болмок деген пикирде.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Бир тууганы бул мекемеде иштесе, кызыкчылыктар кагылышы болуп калат го. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы текшерсе жакшы болмок, башкаларды деле текшерип жатпайбы. Чиновниктин байлыгын текшерүү оңой. Мисалы сен ошол үйдү, машинаны кайсы акчага алдың 20 жыл бажыда иштедиң деп сураса болот. Балким анын аялы ишкерлик менен алектенет чыгаар? Анда ошону, канча салык төлөгөнүн көрсөтсүн да.

Райымбек Матраимов кайсы бир ири ишкерлик менен алектене турганы, анын ишканасы мамлекетке салык төлөп жатканы тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Киреше-чыгашасы тууралуу 2016-жылы тапшырган декларациясы боюнча, анын расмий кирешеси бир жылда 587 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары 57 жана 39 чарчы метрди түзгөн эки батири, Lexus-GX460 үлгүсүндөсү автоунаасы бар экенин көрсөткөн.

"Азаттык" буга чейинки иликтөөсүндө Матраимовдун жакын туугандарына таандык үч хан сарайы бар экенин жазган. Ош шаарынын борборундагы эки кабаттуу үйү апасы Апиза Матраимовага тийиштүү. Бишкектеги 256 чарчы метрлик батири дагы апасына катталган. 2016-жылы 43 миң долларлык саат тагынып, яхтада эс алып жүргөн баласынын сүрөтү Интернетке жарыяланган.


Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупция боюнча айыптап келет.

Атамбаев ошондой эле Матраимовдорду "азыркы президенттин капчыгы" деп атаган. Аны кызматтан алууга Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда каршы чыкканын айткан.


Матраимов Алмазбек Атамбаев бийликте турганда сөз болуп жаткан кызматта иштеп, ал бийликтен кетип жатканда кызматтан алынган.

Декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштириле турганын убада кылган.


Макала жазылып жатканда Матраимовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов инисинин бизнеси бар экенин айтып, башка маалымат айткан жок.

- Бизнеси бар экенин билем. Ал эми бир тууган инибиз Финансы полициясына канчанчы жылы киргенин билесиңерби? Ал текшерүүгө эч качан таасир этпейт, анын кызматы такыр башка.

Жарандык актвист Адил Турдукуловдун пикиринде, Матраимовдун байлыгын текшерүү жана анын жыйынтыгы көпчүлүктүн назарында турат. Бул элдин бийликке болгон ишенимин же президенттин мындан кийинки демилгелерине да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Биздин мамлекеттик чиновниктердин тапшырган декларациясы менен чыныгы мүлкү көбүнесе дал келбейт. Ошондуктан бул жерде системалуу текшерүүлөр болсо жакшы болмок. Ушул себеп болуп, азыркы аткаминерлердин, депутаттардын чыныгы мүлкүн аныктаганга убакыт келди деп ойлойм... Эгер формалдуу түрдө болуп, "мына текшерип баштадык" деп коюп ошол менен бүтүп калса, анда бул демилгени бийлик көтөрбөй деле койсо болмок. Эгер куру демилге болуп калса, анда бийликтин башка демилгелерин эл колдобойт жана ишенбейт. Эгер текшерүүгө бир тууганы таасир этсе, Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлөсүнүн бийликке болгон таасири күчтүү жана чечүүчү экенин аныктайт. Муну менен бийлик өзүнө аброй алып келбейт, ошондуктан жыйынтыгын күтө туралы.

Ал эми мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев Финполдо Матраимовдун бир тууганы иштеп жатканынан чочулоого негиз жок деп эсептейт.

- Кыргыз алакандай эле эл. Куда-сөөк, кошуна-колоң, жээн-таяке дегендер толуп жатпайбы. Антип ойлосоңор, Орусиядан чакырып келип текшерткиле.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Юристтер ошол эле кезде бул чечим аткарылууга тийиш экенин, Матраимов факт жүзүндө ишке бара ала турганын билдиришкен.

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталып кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Нурбек Айбашевдин үйүн тинтүү маалында кымбат баалуу буюмдар табылгандан кийин айлыкка жашаган кызматкерлердин үйүн, өзгөчө Райымбек Матраимовдун үйүн да тинтүү тууралуу сунуштар айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG