Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Матраимовдор маалымат согушуна себеп болду


Википедия сайтындагы ага-ини Матраимовдор тууралуу чуулгандуу материал жарыялангандан көп өтпөй эле өчүрүлдү.

"Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген макала орусча Википедияга жайгаштырылган. Кыргыз Википедиясын түзгөндөрдүн бири Чоробек Сааданбектин айтымында, макаланы "Кыр" деген колдонуучу жайгаштырган. Жарандык активисттин баамында, акыркы учурда Википедия саясий кармашта куралга айланды жана анда компроматтар байма-бай жайгаштырылып жатат.

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

- Бул макаланы жайгаштырган колдонуучу өз баракчасын ушул макаланы киргизиш үчүн эле түзгөнү көрүнүп турат, - дейт Чоробек Сааданбек. - Ал тууралуу башка эч кандай маалымат жок. Алар макаланы орусча Википедияга жайгаштырып, аны өчүрүүгө канча бир убакыт кетерин билишкен. Алар бул макаланы Википедияга жайгаштыргандан кийин социалдык тармактарда тез таратып, жайылтып салуу боюнча атайын өнөктүк да жүргүзүштү окшойт. Мындай каралоо же жарнамалоо мүнөзүндөгү макалалар көп эле жайгаштырылат, бирок тез эле өчүрүлөт. Бирок адатта алар мынчалык тез таратылып, жайылтылбайт. Бул макала кеңири жайылып кеткенинен улам кайсы бир максатты көздөп жазылган деп айтсак болот. "Кыр" деген ат менен Википедияга бул макаланы жүктөгөн колдонуучу компромат материалдарды жайылтып жаткандыктан бул материалдарды тазалап салууну сайттын администраторлорунан өтүндүм, аларга сунуш кылдым. Кыргызстандагы саясий оюндарда Википедияны да колдонуу аракети болуп жатканы өкүнүчтүү. Сайтты кийинки убакта байма-бай колдоно башташты. Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу макала терс маанайдагы маалыматтар менен өзгөртүлүп, бул бир топ резонанс жаратты эле. Ага чейин Алмазбек Атамбаевдин макаласына да жаман сөздөр жазылган учур болгон. Мындан эки тараптын ортосунда маалымат согушу катуу жүрүп жатканы көрүнүп турат.

"Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген макала бир канча темага бөлүнүп жазылган. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов “Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан кландын башчысы” деп көрсөтүлгөн. Бир туугандарга коррупция, аткезчилик, баңгизат сатуу, кылмыштуу топтор боюнча доомат коюлган. “Матраимовдор түптөгөн "Исмаил-Ата" фондунда арам акча адалданат” деген маанидеги да сөздөр болгон. "Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун коррупциялык кланы менен эсептешет" деген корутунду чыгарылган.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов макалада айтылгандардын баарын жокко чыгарды жана каралоо катары баалады:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

- Бул макаланын артында кимдер турганын так айта албайм, билбейм. Көрө албастык, ичи тардык кылгандар, бизге душман болгондор тынбай эле каралап жатышат. Ошолор жаздырып жатат. “Ошондой клан түзүлгөн” дегенди окуп алып өзүм айран-таң калдым. Азыр Кыргызстандагыдай ачыктык, демократия жакынкы коңшуларыбызда жок. Андай болсо эчак эле ачыкка чыкмак. Бир нерсе болсо эле Интернетке, ЖМКларга жарыяланып кетип жатпайбы. Ал жерде мисалы мени "Бахапованын күйөө баласы" деп жазышыптыр. Мен эч качан Бахапованын күйөө баласы болгон эмесмин. Ал жерде эми айыл өкмөттөр тууралуу жазып жатышат. Биздин райондо айыл өкмөттөр чоң. Ар бир айыл өкмөттө 31 депутат бар, башчыны ошолор шайлайт. Эгер аларды бир адам, аким дайындаганда бир жөн эле. Менин иним Кара-Сууда Өмүрбек Бабановдун тушунда эле аким болгон. Аны депутаттар шайлаган. Ушул кезге чейин иним тууралуу “аны-муну кылыптыр” дегенин укканым жок. Атамдын атында фонд түзүлгөн. Фонддон бей-бечараларга, балдарды окутууга жардам берип жатабыз. Макалада жазылгандардын баары чындыкка дал келбейт. Мени “Жогорку Кеңеште комитеттин төрагасынын орун басары катары чет өлкөгө чыкканда кайсы бир иштерге барат” деп жазышыптыр. Мен ал жакка өзүм жалгыз барбайм да. Бул негизи ишене турган деле сөз эмес. Менин күзөтчүлөрүм, шопурум деле жок, өзүм жумушка барып келем. Эми мени да саясий оюнга аралаштыра башташтыбы деп турам.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтүп, кызматтан кеткенден бери эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупция боюнча айыптап келет. Өткөн айда "Апрель" телеканалындагы маегинде Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп билдирген. Анын санаалаштары, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын да Атамбаев Матраимов менен байланыштырды:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун өтүнүп, суранганына карабай, Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Мага Сапар 23-ноябрда телефон чалып: "Сооронбай Жээнбеков “Райымды кызматтан алба” деп суранып, жалдырап жатат" деп айткан. Сапар анын тилин албай койгону үчүн камалды. Кубанычбек Кулматов болсо бажы тармагын Райымдын адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Ош бажысында бир күндө эле бажы төлөмдөрү 10 эсе көбөйгөнү эсиңиздердеби? Кулматовду орус паспорту, мектеп үчүн эмес, Райым үчүн өч алуу максатында камашты, - деген эле Атамбаев.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен аппараты Райымбек Матраимовго байланыштуу мурда-кийин айтылган дооматтарга үн ката элек. Талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, бул каралоонун артында мурдагы президенттин командасы турушу мүмкүн. Ал Райымбек Матраимов дал Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда кызматтан кызматка жогорулаганын эске салды:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимовду өзү колдоп, агасы Искендер Матраимовду партиянын тизмесине кошуп депутат кылган да. Эгер аларды “клан” дей турган болсок, “Соңку жылдары аларды ким колдоп келген?” деген суроо бере турган болсок, анда “Атамбаев” деп эле ачык айтыш керек. Райымбек Матраимов өзү деле “Оштогу бажыкананын жетекчисинин кызматына, андан кийин Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына чейин Алмазбек Атамбаев менен Икрамжан Илмиянов жеткирген” деп айтып жүрбөйбү. Ал “Асылбек Жээнбековду мен депутат кылгам” деп айтып жүрбөйбү, андай болсо Искендер Матраимовду да өзү депутат кылган болот да. Ошол сегиз жылдан бери ушундай клан бар экенин көрбөй, ыплас иштерин көрбөй, анан эми бир нерсе болсо эле Матраимовдордун маселесин көтөргөндүн өзү бул кызык тема. Анан бул жерде Атамбаев бул теманы өзүнүн эле жеке саясий кызыкчылыгын көздөп көтөрүп жатат.

Оштогу серепчи Эркин Абдразаков бир тууган Матраимовдордун аты аталган соңку жагдайды кландар арасындагы кармаш катары мүнөздөдү:

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

- Атайын эле маалымат согушу болуп жаткандай сезилип жатат. Матраимовдордун кичүүсү кызматтан кеткенден кийин деле ар кандай фейк материалдарды таап чыгып жатышат. Чынында эле булар бай кишилер. Бирок байлыгын кайсы булактан топтогону белгисиз. "Атабыздын атындагы фонд ачканбыз, чет өлкөдөн инвестор тартып келгенбиз" деп байма-бай айтып жүрүшөт. Жамандык-жакшылыктарда да өздөрүнүн айылынан кабар алып турушат. Айыл өкмөттө жаштарды, спортчуларды колдоп жүрүшкөнүн билем. Бажынын ичин билбегенден кийин, колунан кармап албагандан кийин бир нерсе айтуу кыйын. Ар ким божомол-жоромолду айта берет. Аны факты менен ырастап, кандайдыр схемаларды түзгөн болсо ошолорду көрсөтүш керек да. Ал бажыдан уурдадыбы же аткезчилик менен өзү товар ташып жаттыбы - ошонун баарын тактап, далилдеп айтпастан эле, фактыга таянбай эле жөн гана айтып коюу кыргыз коомчулугундагы жаман адат болуп калды.

Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген. Жарым жылдай убакыт өткөндөн кийин ал өкмөттү сотко берген жана анда ошол кездеги кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Быйыл жайында Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарган. Өкмөт буга байланыштуу соттун жогорку инстанциясына кайрылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG