Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:47

Матраимов өкмөт менен соттошо баштады


Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.

Бишкекте Биринчи май райондук соту 10-майдан тартып Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими боюнча арызын карай баштады. Матраимов өкмөттү "кызматтан мыйзамсыз алган" деп айыптап жатат.

Ал арада Жогорку Кеңештин комитети саясий жана мамлекеттик кызматкерлерди иштен бошотуудагы талаш-тартышты соттук эмес тартипте чечүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Анда Эмгек кодексинин 427-беренесин өзгөртүү каралган.

Сотто Райымбек Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская "анын кызматтан алынганы мыйзамсыз болгон" деп билдирди. Ал өз кардары "чет мамлекетте дарыланып жаткан кезде иштен алынганын, эмгекке жараксыздыгы тууралуу маалымкатка көңүл бурулбаганын" жүйө келтирди. Адвокат соттон Матраимовдун кайра кызмат ордуна дайындоо тууралуу арызын толук канааттандырып берүүнү сурап жатат.

Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева сот процессине бардык тарап катышканын "Азаттыкка" ырастады. Ал өкмөттүн өкүлү материалдар менен таанышуу үчүн убакыт сураганын билдирди:

- Алгач өкмөттүн өкүлү иш менен толук таанышып чыгууну өтүнүп, ишти карап жаткан судья аны жарым-жартылай канааттандырган. Андан кийин ал Матраимовдун өкүлү Карыжинская менен макулдашып, сот 17-май, саат 14:00гө коюлду.

Коомчулукта "Райым миллион" деген каймана ат менен таанылган, артынан уу-дуу сөз ээрчиген Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды" деп жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат” деп жазылган.

Райымбек Матраимов болсо өкмөттү өткөн айда сотко берген. Анын алдында, 31-мартта КСДПнын курултайынан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу Райымбек Матраимовду айыптаган, анын кызматтан алынышына себепчи болгонун да ачыкка чыгарган:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- Былтыр премьер-министр Сапар Исаковдон бул схемадагы "кардиналдардын" бири "Райым миллионду" кызматтан алууну катуу сурангам. Азыр мен Сапар Исаков ошол адамдын парламенттеги жана анын сыртындагы таламдаштарынын катуу чабуулуна кабылганын көрүп жатам. Сапар Исаков кээ бир адамдарды катуу "таарынтты". Ал "Райым миллионду" кызматтан алды. Сапар Исаков таза адам.

Ал арада өкмөт Конституциялык палатанын 2013-жылы ноябрда кабыл алган чечимине ылайык Эмгек кодексинин талаш-тартыштуу 427-беренесин өзгөртүүгө киришти.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 7-майда өкмөт киргизген мыйзам долбоорун жактырды жана үчүнчү окууда кароого жөнөттү. Бул берене "кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү" деп аталат.

Тактап айтканда, азыр Эмгек кодексинде "президент, парламент жана өкмөт башчы шайлаган, бекиткен же дайындаган кызматкерлерди иштен бошотуу, иштен бошотулган күнүн жана себептерин өзгөртүү, башка ишке которуу, ишке аргасыз чыкпай калган же айлыгы аз жумушка барган, ошондой эле тартиптик жаза маалында акы төлөө маселелери соттук эмес тартипте чечилет" деп жазылган. "Ушул беренеде кабыл алынган чечимдер боюнча даттанууга болбойт" деп да көрсөтүлгөн.

Комитет жактырган мыйзам долбоорунда болсо жогорудагы кодекстин "президент, парламент жана өкмөт башчы шайлаган, бекиткен же дайындаган" деген жерин "саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар" деп өзгөртүү сунушталып жатат.

Мындан беш жылдай мурун Жогорку соттун Конституциялык палатасы Эмгек кодексинин 427-беренесинин Конституцияга шайкеш келер-келбесин караган. Буга ошол кездеги Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчылыгынан бошоп калган Асан Токтоналиев менен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акиминин орун басарынын кызматынан алынган Болотбек Чокморовдун арыздары негиз болгон.

Палатанын беш судьясы "427-берене Конституцияга ылайык келет" деп тапкан, үч судья болсо "Баш мыйзамга каршы келет, саясий, мамлекеттик кызматта иштеген жарандардын сотко кайрылуу укугун чектейт жана саясий максатта колдонулушу мүмкүн" деп өзгөчө пикирин билдиришкен.

Конституциялык палатанын ошол кездеги судьясы Клара Сооронкулова палатанын андагы бүтүмү азыр туура эмес чечмеленип жатканын сынга алды. Ошондой эле ал саясий кызматты ээлегендердин тизмеси узарып кеткенине токтолду:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Саясий кызматта турган адамдар саясий программаларды ишке ашырат. Мисалы, өкмөт мүчөлөрүнүн баары саясий кызматта турган адамдар. Алар кандайдыр саясий программаны ишке ашыруу максатында дайындалып жатпайбы. Бул жерде өкмөт башчы менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилени "саясий ишеним" деп атаса болот. Башка мамлекеттик кызматкерлерде болсо "саясий бейтараптык" болот. Көпчүлүк мамлекеттик кызматтар "саясий бейтарап" болушу керек. Биз ал убакта "саясий кызматтарды белгилеп, жөнгө салгыла, санын азайткыла, Конституцияда гана көрсөтүлгөн кызматтар болсун" деген чечим чыгарып бергенбиз. Ошол убакка чейин саясий кызматтардын реестрин президент түзүп, жөнгө салып келген. "Ошону президенттен алгыла" дегенбиз. "Саясаттын негизинде келген гана кызматтар саясат болсун" дегенбиз. "Калгандары туруктуу болушу үчүн калган кызматтардын баары саясий кызмат болуп эсептелбесин" дегенбиз. Бирок мындай кызматтарды тескерисинче көбөйтүп жиберишиптир. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жаңы реестр кабыл алганда көбөйтүшүптүр.

Клара Сооронкулова Райымбек Матраимовдун сотко кайрылганын жөндүү деп эсептейт. Ал ошол эле учурда соттор буга чейин адатта мындай иштерди кароодон баш тартып келгенин белгиледи:

- Мамлекеттик бажы кызматы өкмөттүн да курамына кирбейт. Булардын өзүнүн туруктуу функциялары бар. Бул административдик кызмат. Кызматтардын баарын саясий кызмат кылып алып, "саясий ишенимден кеткени үчүн" деп иштен жумуштан алып жатышпайбы. Матраимовдун сотко бергени деле туура. Бирок мен бул ишти сот кабыл алып карап жатканына таң калып жатам. Себеби буга чейин кабыл алышчу эмес. Саясий кызмат болгондо деле анын жол-жобосу бар да. Ошол жол-жоболор мыйзамга ылайык сакталышы керек. Ошондуктан сот маңызын карабаса да, жол-жобосу жагынан карашы мүмкүн.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү Мирлан Жээнчороев саясий кызматтагы адамдарды иштен бошотуу маселелеринде саясий жоопкерчилик эске алынышы керек деп эсептейт:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- "Президенттин, премьердин буйругу, ЖКнын токтому менен дайындалгандар соттошуп, кызматын бошотпой отуруп алган учурлар болбосун, өкмөттүн курамын ыкчам өзгөрткөн маселелер чечилсин" деп кабыл алынган берене. Менин оюмча бул туура. Бул жерде эмгек тартибиндеги эле жоопкерчилик эмес, саясий да жоопкерчилик турат.

Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү Алмазбек Токторов жарандардын сотко кайрылуу укугу чектелбеши зарыл экенин айтып, сотторго айтылган сын пикирлерди эстеди:

- Эгер кызматкер негизсиз жумуштан бошотулса, анда ал сотко берүүгө укугу бар. Бирок ал соттор менен сүйлөшө коюп, туура эмес чечим чыгартып алып, "кайра ишке коесуңар, чыгымды төлөп бересиңер" дегени башка маселе. Баары эле келип сотко такалат. Эгер сот адилет карап, калыс чечим чыгарып берсе эч кимдин эч кандай дооматы болбойт. Жетекчилер да кимдир-бирөөнү иштен алып жатканда жоопкерчилигин ойлойт. Жылдан-жылга мыйзамсыз иштен алынганы үчүн төлөй турган кенемте көбөйүп баратат. Өкмөт ошондуктан бюджетке кошумча түйшүк болбосун деп ушундай демилге көтөрүп жатса керек.

Кыргызстанда жарандардын мамлекеттик кызматтан мыйзамсыз алынганына даттанып айлап-жылдап соттошкон, арыз-муңун айтып өлкө жетекчилигине чейин кайрылган, тескерисинче соттон утуп келген, мамлекеттен миңдеген сом өндүрүп алган учурлар да арбын кездешет. Ошондон улам Жогорку Кеңеште "бул акчаны мамлекеттен эмес, ошол иштен алган жетекчинин айлыгынан өндүрүп бериш керек, аларга кылмыш ишини козгоо зарыл" деген да демилгелер көтөрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG