Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?


Алмазбек Атамбаев. КСДП съезди, 31-март
Алмазбек Атамбаев. КСДП съезди, 31-март

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды. Жабык өткөн курултайга 190 делегат катышканы маалымдалды.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери курултай өткөн “Орион” отелинин айланасын күчөтүлгөн тартипте кайтарып, журналисттердин имаратка жакын барышына, тасмага тартуусуна жолтоо болуп жатышты.

Курултайга катышуу үчүн Ош облусунан келдик деген төрт киши курултайга кирбей калганын билдиришти. Алардын бири Алишер Бакышевдин айтымында, уюштуруучулар муну “тизмеде жоксуңар” деп негиздешкен:

- Биз Оштон атайын делегат болуп шайланып келгенбиз. Төртөөбүз тең кирбей калдык. Күзөтчүлөр имаратты тосмолоп, киргизбей коюшту. Баарыбыз тең дээрлик он жылдан бери партиянын мүчөсүбүз, - деди Алишер Бакышев​.

Бакышев: Съездге кире албай калдык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

Бирок уюштуруучулар буларды шайланган делегаттардын тизмесинде болгон эмес деп билдиришти.

Курултай бир саатка созулду. Ошол учурда ондон ашык делегат курултайдын чечимдерин күтпөй чыгып кетишти. Муну алар курултайдын жабык өтүшүнө жана экс-президенттин позициясына каршылык аракети катары түшүндүрүштү.

Кара-Суу районунан келген Кушбак Тезекбаев журналисттерге мындай деди:

- Партия кайсы жол менен кетип жатат? Эмнеге жабык, эмнеге филармонияга эле өткөрбөйбүз деген суроо берип, жооп ала албадым. Азыркы партиянын максаты президентти, анын айланасындагы адамдарды талкалоо экен. Биз муну алардын сөзүнөн байкадык. Экс- президент "менин Соке досум кээде туура эмес жолго кетип жатат, мен айтып жатам" деп аябай кыжырланды. Бизге ошол жаккан жок.

КСДП курултайына 15 делегат нааразы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Курултайга катышкан фракция мүчөлөрүнүн бири, депутат Анвар Артыков жыйында эч кандай пикир келишпестик болбогонун белгиледи.

- Партияда пикир келишпестик болгон жок. Азыр мурда оппозицияда жүрүп, элди бөлүп-жаргандар Атамбаевди жамандап, Жээнбековду мактап жатышпайбы. Ошолордун сөзүнө ишенип кетпеши керек деген эле сөз болду.

Социал-демократтар партиясынын съездине 190 делегат шайланган. Алардын ичинен иш сапарда болгону үчүн Жогорку Кеңештеги фракция мүчөлөрү Абдувахаб Нурбаев, Аида Касымалиева катышкан жок. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы кабарлады.

Фракциянын төрага орун басары Төрөбай Зулпукаровдун катышкан же катышпаганы беймаалым калды. КСДПнин саясий кеңешинин мүчөсү, премьер-министр Сапар Исаков курултайдын түштөн кийинки бөлүгүнө келип, делегаттар менен жолугушканы кабарланды.

"Соке досумду адаштырып жатышат"

Курултайдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков экөөнүн мамилеси, саясаттагы маселелер, Коопсуздук кеңешинин соңку жыйыны, өкмөт башчы Сапар Исаковго айтылган дооматтар тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен курултай алдында жолукканын ырастады. Анда 4,5 сааттан ашык сүйлөшкөнүн, досу, агасы катары акыл айтып, кеңеш бергенин керек болсо ага катуу айтканын да билдирди:

- Сооронбай Шарипович менин эски досум, 23 жылдан бери чогуу жүрөбүз. Ага кээ бирде катуу сөздөрдү айтам. Мен ага ыраазымын, кандай сөз айтсам да кабыл алып, кудай буюрса жакшы натыйжаларды да чыгарат. Менин да кыялым бир топ. Бирок мен айтпасам, ким айтат? Кыргыздын менталитетин мен билем да, президент болбодумбу. Өзүнөн баштап тууган-жакындарына чейин көкөлөтөт. Сооронбай Шариповичке деле мунун аягы жаман бүтөт деп айттым. Ал азыр абдан татаал мезгилде турат. Мүмкүн тегерегинде жакшы адамдар бар, жаман адамдар бар. Болгонун болгондой айтып коюу менин парзым. Жаныңда коррупционер болбошу керек деп, аппаратындагылар акты кара деп кагаз алып барып жатса аны да айтышым керек. Муну башка бирөө айта албайт. Эгер кеңеш сураса, дайыма кеңеш берем. Кыргызстандын президенттик мамлекеттен парламенттик мамлекетке өткөрүүнүн эң акыркы этабы Сооронбай Шариповичтин колуна тийди. Ошол эле убакта анын тегерегинде катуу оюндар жүрүп жатат.

Атамбаев: Мен айтпасам, ким айтат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:13 0:00

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына байланыштуу, Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынындагы баяндамасы тууралуу капа болгонун ачыкка чыгарды:

- Президенттин аппараты мурда талкууланган, биринчи окууда жактырылган стратегияны эмес, таптакыр башка документти киргизгенге аракет кылыптыр. Ал жерде акырындап парламенттик өлкөгө өтүү өңдүү стратегиялык жагдайлар, "Таза коомдун" негизи алынып калыптыр. Мен Сооронбай Шариповичтен бул кандайча болуп кетти десем, ал "аппаратыма өтө ишенип алыпмын" деди. Ушундай нерселер чындап ачуумду келтирет. Биз ошондой эле Коопсуздук кеңештин жыйыны тууралуу сүйлөштүк. Ал жерде да мен ага башка сөздөрдү айттырганын далилдеген фактыларды келтирдим. "Атамбаев соңку үч жылда коррупция менен күрөшкөн эмес" деген сөздөр болду. Эң чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин тушунда ачыла башталган. Мисалы, 800 миллион сомдук кошумча нарк салыгын төлөбөй келген схема былтыр апрелде башталган, Сегизбаевге тапшырма берилген. Эми азыр аларга айып тагылды.

"Райым миллион" жана Сапар Исаков

Атамбаев мунун артынан эле 10 миллиард сомго жакын бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген коррупциялык схема жоюлганын кошумчалады. Буга байланыштуу ошол кездеги Бажы кызматынын төрага орун басары, коомчулукта "Райым миллион" деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов кызматтан алынганын айтты:

КСДП съезди
КСДП съезди

- Өткөн жылы премьер-министр Сапар Исаковдон бул схемадагы кардиналдардын бири "Райым миллионду" кызматтан алышын катуу сурангам. Азыр мен Сапар Исаков ошол адамдын парламенттеги жана анын сыртындагы таламдаштарынын катуу чабуулуна кабылганын көрүп жатам. Сапар Исаков ишин аткарып жатат. ЖЭБдеги авария деп кыйкырып жатышат. Сапар Исаков премьер болуп 28-августта шайланды. Бардык эле өлкөлөрдө кышка даярдык сентябрь айында бүтөт. Тендер жана башка иштердин баары сентябрга чейин эле чечилет. Ушул тендердин баарын 2016-2017-жылдары Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн. Сапар Исаков кээ бир адамдарды катуу "таарынтты". Ал "Райым миллионду" кызматтан алды. Сапар Исаков таза адам. Ал көп жаңылат. Бир нерсени терең ойлонбой туруп тез баштай салат. Буга "Акылдуу шаар" долбоору мисал. Бирок мен бул долбоор апрель айында ишке аша баштарын билем.

Экс-президент өзүнүн тушундагы сот реформасы азыр сынга алынып жатканына да токтолду:

- Коопсуздук кеңештин акыркы жыйынында сот реформасы эмнеге жылган жок, эмнени күттү эле деген сөздөрдү уктум. Сот реформасын, кодекстердин 2018-2019-жылдан тарта ишке киришин ошол Сооронбай Жээнбековдун сунушу боюнча жылдырганбыз. Мына жанымда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун үлгүрбөйбүз деп жазылган кагазы бар. Биз парламентке кайрылып бир жылга жылдырдык. Сот реформасын Атамбаев ишке ашырган жок деген сөздөргө таң калам. Тынчыраак иштегенге акыркы үч жылда эле мүмкүн болду окшойт. Алты жыл эмес, 26 жыл отургандар да сот реформасын бүтүрө албайт. Бирок каражатты да таптык, жаңы мыйзамдарды иштеп чыктык.

"Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек"

Атамбаев Коопсуздук кеңештин азыркы ишине нааразы экени, буга байланыштуу президентке сунуш бергени маалым болду:

КСДП съезди
КСДП съезди

- Мен Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши стратегиялык чечимдерди даярдаган "мээлүүлөрдүн борбору" болушу керек, ал жакка кимдерди ишке алганыңды дагы бир жолу карачы" деп айттым. Мен ал жакка милицияда да, армияда да бир дагы күн кызмат кылбаган ыраматылык Темир Жумакадыровду чакыргам. Ал башы иштеген адамдардан, эксперттерден турган топ түзгөн, ага рахмат. Бирок азыр алардын баары кетип калды. Азыркылар Салык кызматына, прокуратурага барып кызматкерлер форма кийдиби же кийген жокпу деп текшерип жүрөт. Биз мунун баарын Акаевдин, Бакиевдин тушунда баштан өткөргөнбүз. Мен мунун баарын Сооронбай Жээнбековго айттым. Азыркылар ага башка стратегияны, ойдон чыгарылган фактыларды суна коюп жатат. Алар мунун баарын жакшы билген адам бар экенин билиши керек. Мен мунун баарын жакшы билем.

Алмазбек Атамбаев президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов курултайга чакырылбаганын ырастады. Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек деп айтты:

- Сооронбай Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле мен ага "Асылбек Шарипович мандатын өткөрүп бериши керек" деп айткам. Мен Асылбек Шариповичти сыйлайм, партияга жакшы иштеп берди. Президенттин бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизет.

Саясаттагы ажырым же эксперттер эмне дейт?

Оппозициялык саясатчы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров бүгүнкү курултайда күтүлгөн эле сөздөр, саясий жүрүштөр болгонун айтты.

Эми экөө бири-бирине ишенбей калса эл күнөөлүүбү? Же саясатчылар, журналисттер күнөөлүүбү?
Адахан Мадумаров

Ал бийликтин башкаруучу партиясынын курултайында эки адамдын мамилеси эмес, мамлекеттик маселе талкууланышы керек эле деген пикирде. Ошондой эле Мадумаров Жээнбеков тараптан, Атамбаевдин сындарына жооп болбойт деп кошумчалады:

- Мен айтпасам ким айтат деп жатпайбы, Мадумаров айтып эле жатат. Ачуу сынды көтөрө билиши керек дейт. Ачуу сынды көтөрсө эмне үчүн сындаган кишилер куугунтукталып жатат? Тигиниси дагы капа болбосун, себеби менин эң ишенимдүү досум, ушул менин көчүмдү, жолумду улайт, менин айтканымдан чыкпайт деп ишеним артып колдогон, мунусу ишенип барган. Эми экөө бири-бирине ишенбей калса эл күнөөлүүбү? Же саясатчылар, журналисттер күнөөлүүбү? Ким күнөөлүү?

Ал саясат талдоочу Марс Сариевдин баамында, бүгүнкү курултай экс- президент менен азыркы мамлекет башчынын ортосунда пикир келишпестик бар экенин даана көрсөттү:

- Эки команданын ичинде тирешүү бар экени белгилүү болуп калды. Атамбаев айтып кетти мен саясатка кайтып келем деп. Ошондой эле Жээнбеков катачылык кетирип жатканын айтып өттү.

КСДП жыйыны
КСДП жыйыны

Азырынча президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары саналган партиялаш саясатчылар жабык өткөн курултайдын чечимдери тууралуу расмий билдирүү жасаша элек.

Саясатчы Равшан Жээнбеков буга мындай баа берди:

- Эми ачык чыга албагандардын маанилүү себеби бар. Азыр ал күчтөр эмес президент өзү дагы чыга албай жатат. Андыктан башкалар алдын ала чуркап, ачык айтып чыга алышпайт. Алар эркин саясатчы эмес. Коркуп жатышат, себеби азыр Атамбаевдин колунда бир топ бийлик бар. Жээнбеков өзү кадам таштамайын, тегерегиндегилери баш көтөрө албайт.

Ал эми коомдук ишмер Жыпар Жекшеев бүгүнкү Атамбаевдин айткандарын жөндүү деп эсептейт. Ал буга өлкөдө саясий маданият калыптанып жатат деп баа берди:

- Сооронбай Жээнбеков ушул партиядан барган. Саясий партия дайыма сындап турушу керек. Партиянын лидери катары Атамбаев туура эмес кылган иштерин ачык айтып берди. Бизде ушундай далилдүү сын айткан, аны уга билген маданият калыптанышы керек.

Буга чейин Социал-демократтар партиясынын 17-курултайына камылгалар бир нече ай мурда башталып, анда саясий олуттуу чечимдер кабыл алынары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG