Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Бишкекте КСДПнын жыйыны өттү


Бишкекте КСДПнын съезди соңуна чыкты. Съезддин жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланганы белгилүү болду.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагасы болуп шайланганын съездге катышкан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Евгения Бердникова билдирди.

Бердникованын айтымында, съездде Атамбаевди төрагалыкка шайлоо маселеси жана партиянын сегиз айлык отчету каралды.

"Орион" мейманканасында берген маалымат жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясын 2020-жылкы шайлоого даярдай турганын билдирди.

Ал саясатка кайтуу аракети бир гана партиялык ишке байланыштуу деди. Атамбаев өкмөт башчысы болууга аракет кылып жатат деген сөздөрдү четке кагып, азыркы премьер-министр Сапар Исаков анча-мынча ката кетиргени болбосо жакшы иштеп жатканын белгиледи.

Түз эфир

КСДП партиясынын съездине катышып жаткан 15 делегат протест иретинде залдан чыгып кетти.

Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов билдирди. Анын айтымында, делегаттар партия жетекчилигинин позициясына макул эместигин билдиришкен.

КСДП курултайына 15 делегат нааразы болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Съездге 190 делегат чакырылган. Бирок белгисиз себептерден улам жыйынга партия мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Жанар Акаев катышкан жок.

КСДП фракциясынын депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков кечээ 30-мартта партиянын жыйынынан кабардар экенин, бирок чакыруу албаганын “Азаттыкка” билдирген.

- Мен үч күндөн бери тажияда жүрөм. Чакыруу келген-келбегенин азыр тактайм. Бирок мен 2007-жылдан бери КСДПнын Ош шаары жана облусу боюнча координаторумун. Бирок саясий кеңештен чыккам, - деген Жээнбеков.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимов КСДП съездине эмнеге чакырылбай калганы түшүнүксүз экенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жанындагылар атайын адаштырып жатышы мүмкүн.

- Мени съездге чакырышкан жок. Эмнеге экени түшүнүксүз. Менимче, Алмазбек Шаршеновичти жанындагылар атайын адаштырып жатышат. Болбосо парламенттик шайлоодо КСДПга Кара-Суудан 45 миң добуш алып бергем. Жергиликтүү шайлоолордо да КСДПга эң көп добуш топтогонбуз,- деди Матраимов.

Булардан тышкары жыйынга Оштон чакырылган төрт делегат киргизилген жок. Бул тууралуу съездге кирбей калган делегаттардын бири Алишер Бакышев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар аларга “тизмеде жоксуңар” деп айткан.

- Биз Оштон атайын делегат болуп шайланып келгенбиз. Төртөөбүз кирбей калдык. Күзөтчүлөр имаратты тосмолоп, киргизбей коюшту. Баарыбыз тең дээрлик он жылдан бери партиянын мүчөсүбүз, - деди Бакышев.

Бакышев: Съездге кире албай калдык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

Маалыматка ылайык, аталган төрт делегат Араван, Өзгөн райондорунан жана Ош шаарынан делегат болуп тандалган. Партия жетекчилери бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

“Азаттыктын” кабарчысы Токтосун Шамбетовдун жеринен билдиришинче, КСДП партиясынын айрым өкүлдөрү, коопсуздук кызматкерлери кабарчылардын имаратка жакын барышына, тасмага тартышына жолтоо болуп жатышат. Кабарчыбыз имарат күзөт кызматкерлери тарабынан күчөтүлгөн кайтарууга алынганын кошумчалады.

КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” съездге журналисттер киргизилбесин, бирок Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG