Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

"Белизгейттин" бети ачылабы?


Сооронбай Жээнбеков менен Абдил Сегизбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Абдил Сегизбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы менен башкы прокурорду кабыл алып, коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгарууну тапшырды. Муну бийликти жактагандар буга чейинки коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабынын уландысы катары баалашты. Ошол эле учурда бул убада аткарыларынан күмөн санагандар жетиштүү.

Президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукта чуу жараткан кылмыш иштерин аягына чыгарууну УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурда талап кылды. Анда президент коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча буга чейинки тапшырманын аткарылышынан кабар алган.

Өлкө башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, коомчулукта талкуу жараткан иштерге жана жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруу тапшырылды:

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

- УКМКнын башчысына жана башкы прокурорго коомчулукта катуу талкуу жаратып жаткан иштерге өзгөчө көңүл буруу тапшырылды. Буга чейин да жабылып калган же аягына чыкпай калган иштерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырылган. Президент ушул нерселерге басым жасап, кошумча тапшырмалар берилип жатат.

Президенттин басма сөз катчысы "коомчулукта талкуу жараткан" деп конкреттүү түрдө кайсы иштер тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок. Бирок Жээнбековдун кыска убакыт ичинде УКМКнын башчысы менен башкы прокурорду экинчи ирет кабыл алышына көңүл бурулду. Себеби, "резонанстуу иштер" деп көтөрүлгөн маселе буга чейин абдан кызуу талкуу жаратып, кийин бас-бас болгон бир нече окуяны эске салды.

Алардын сап башында Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырма алган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев айтып чыккан "Белизгейт" жаңжалы, "Манас" аэропортунун жанында кулаган учактагы жүк, президенттик шайлоодо экинчи орунду ээлеп, кийин өлкөдөн чыгып кеткен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго козголгон кылмыш иштери бар.

Президенттин тапшырмасынан улам "Ушул сыяктуу ара жолдо калган иштерге жооп табылабы жана аны аягына чыгарууга Жээнбековдун эрки жетеби деген суроо коюлуп жатат.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Сооронбай Жээнбеков бул сыяктуу тапшырмаларды жоопкерчиликти сезип туруп берип жатат деген пикирде:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Бул иштер аягына чыгабы, чыкпайбы - ал президенттин эле колунда. Президент биз айтып, көрүп жаткан иштерди көзөмөлгө алып, Коопсуздук кеңеши аркылуу иш жүргүзсө - жыйынтык чыгышы керек. Себеби, "резонанстуу" деген коомчулукка кеңири белгилүү болуп, жаап салууга болбой турган иштер. Аны президент деле түшүнүп турат. Ошондуктан жоопкерчиликти сезүү менен айтып жатса керек деп ойлойм.

Сооронбай Жээнбеков февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү тапшырмасын берген эле. Анда президент бул боюнча УКМК, прокуратура баш болгон күч органдарынын айрым иштерин сынга алган. Кийинчерээк УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси кызматтан кеткен.

Ушундан улам "биринчи жетекчилерди кызматтан алыш керек" деп эсептегендердин айрымдары Жээнбековдун чуулгандуу иштерди аягына чыгаруу аракетинен майнап чыгарынан күмөн санай башташты.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул тармакта жетекчилердин каалоосу жок болсо, ишти аягына чыгаруу кыйын экенин белгиледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Президент тергөөчү же прокурор эмес. Ал тапшырма берет. Тапшырма бергенге эрки жетет. Ал эми ал тапшырма аткарылбаганы үчүн жетекчини жоопко тартканга эрки жетеби же жетпейби - бул чоң суроо. Маселен, Коопсуздук кеңешиндеги президенттин катуу сөздөрү көп кишиге жаккан болчу. Бирок "коррупцияга каршы күрөштү күчөткүлө, мурда жабылган иштерди аягына чыгаргыла" деп өзү сындаган кишилерге тапшырма берип жатат. Негизи эле ачылган кылмыш иштери кандай болгон күндө да аягына чыгарылышы керек. Күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени айтылышы керек.

Кайырмак салынган иштер...

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова кылмыш ишин ачып, аягына чыгарбоо бийлик үчүн көндүм адатка айланганын белгиледи. Сооронкулованын айтымында, мындай системаны жок кылуу кыйын:

- Негизи мурдагы президенттердин учурунда бийликке кайсы бир адамдарга каршы кылмыш ишин козгоп, аны кыскартпай же аягына чыгарбай койгон көнүмүш адатка айланган. Юристтер муну "кайырмак салып коюу" дешет. Себеби, ал адамдар коркунуч жаратса, камакка алынат. Калгандарынын былыктарын таап, кылмыш ишин ачып, "керектүү учурга" деп токтотуп коет. Эгер чектен чыга турган болсо, кылмыш иштери жанданат. Ошондуктан аягына чыкпаган иштердин өз максаты бар.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген болчу. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

​"Ата Мекендин" депутаттары бул маалыматтарды негизсиз каралоо катары баалап, четке кагышкан. Фракция юристтерге таянып, УКМКнын маалыматы жокко чыгарылганын айтып келет. Бул чатак боюнча экс-президент Атамбаев да пикирин билдирип, Белиз өлкөсүнөн келген документтер жасалма болуп чыкса, атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаев жооп берерин эскерткен.

Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.

Ал эми бул иш боюнча аты аталган оппозициячыл үч депутат тең башка иштер боюнча айыптуу деп табылып, Текебаев абакка камалса, Салянова депутаттык мандатынан ажырады. Ал эми Шыкмаматов акчалай айыппулга жыгылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG