Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:51

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы аракеттерди ишке ашыруу боюнча зарыл чаралардын жоктугунан улам бир катар министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуш кылды.

Коопсуздук кеңеши Социалдык фонддун, Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин, Мамкаттоонун, "Кыргызпочтасынын" жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуш кылды.

Эми буга Башкы прокуратура көңүл бурууга тийиш экени да айтылат. Анткен менен эксперттер мамлекеттик мекемелердин ишинде ачыктык болмоюнча күрөш өтөсүнө чыкпайт деп эсептешет.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу бул жолу Социалдык фонддун системдүү коррупцияны жоюу планын талкуулады.

Маалыматка ылайык, акыркы байкоонун натыйжасында мерчемделген антикоррупциялык иш-чаралар 36% гана аткарылган. Ушундан улам өкмөткө Соцфонддун жетекчилигинин жоопкерчилигин карап көрүү туурасында сунуш киргизилди.

Мындан сырткары Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөш боюнча зарыл чаралардын жоктугунан улам Социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерин жоопко тартууну өкмөткө сунуш кылды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү эми буга Башкы прокуратура көңүл бурууга тийиш экенин маалымдайт.

Аталган фонддун коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым өкүлү Улан Токторбаевдин "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, иш-аракеттер техникалык себептерден улам толук аткарылбай калган.

мүмкүн болгон коррупциялык жети зона бар деп белгиленген.

- Бизде аныкталган, мүмкүн болгон коррупциялык жети зона бар деп белгиленген. Бул пенсияларды чектөө жана кайра эсептөө, пенсияларды төлөө жана "Кыргызпочтасы" аркылуу төлөө, кирешелерди башкаруу, мөөнөтү өткөн карыздар менен иш алып баруу, активдерди башкаруу. Бир топ иштер жүргүзүлгөн. Ошол эле кезде бир катар иш-чаралар техникалык себептерге байланыштуу аягына чыга элек.

Ириде паспорт жана айдоочулук күбөлүк боюнча көп дооматтар айтылып келаткан Мамлекеттик каттоо кызматы былтыр 250дөн ашуун кызматкер дициплинардык жоопко тартылганын билдирүүдө. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов автоматташтырылган маалымат системасы түзүлгөнүн мисал кылууда.

Мелис Эржигитов.
Мелис Эржигитов.

- 2017-жылы майдан баштап паспорт жаатында кадыресе оңолуу башталды. ЗАГС жагын биз толугу менен автоматташтырдык. Былтыр 253 кызматкер дициплинардык жоопко тартылган, алардын бешөө кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жумуштан алынган.

Мындан бир ай мурда премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик инвестициялар программасын аксаткан бир катар министрлик-мекемелердин жетекчилерине катуу сөгүш жарыялаган. Ага бул программанын негизинде берилген акчанын 70 пайызы гана өздөштүрүлгөнү себеп болгон. Коопсуздук кеңешинин министрлердин жоопкерчилигин кароо тууралуу сунушу да өкмөттөгү кадр саясаты тууралуу дооматтар көбөйгөн учурга туш келүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев сот, күч түзүмдөрүнөн тартып бардык мамлекеттик мекемелердин иши ачык көрсөтүлмөйүнчө коррупция жоюлбайт деп эсептейт:

Абдувахаб Нурбаев.
Абдувахаб Нурбаев.

- Бул жерде негизгиси мекемелердин ишиндеги ачык-айкындуулук маселеси болуп жатат. Канчалык маалымат ачык болуп турса, жарандык коом да көзөмөлдөп, алар ушундай нерселерди кыла албай калат. Муну көбүнчө алдын алыш керек, бизде азыр кылган кылмыштарды тапкан жагдайлар болуп жатат, муну болтурбаштын жолун караш керек. Ал үчүн эң биринчи автоматташтыруу, электрлештирүү зарыл. Ар бир өткөрүлгөн тендер, чоң суммадагы келген насыялар ачык-айкын көрүнүп тураса, "ал кандай шарттар менен эмне жумшалат" десе, ошол жерде мамлекеттик акчаны жеп коюу, уурдаш кыйынырак болот.

Ал эми журналист жана талдоочу Турат Акимов күрөштүн өтөсүнө чыгыш үчүн коррупция боюнча козголгон кылмыш, экономикалык жана арбитраждык иштердин бардыгына аудит жүргүзүүнү сунуш кылат.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- "Жоопкерчилигин карап койгула" дегенден эч нерсе өзгөрбөйт. 25 жылдан бери калыптанып калган да. Анткени алар эски отчетторду жана мурдагылардын катасын оңдогонго кызыкдар эмес. Бул жерде жетекчилерди жана кызматка дал келбеген, эч нерсени түшүнбөгөн, билбеген, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди айдаш керек. Президент бул маселеге канчалык көңүл бурбасын, анын жанындагы командасы күчтүү болуш керек. Аудит, талдоо жүргүзгөндөн кийин юридикалык жактан талдап, тергөө кандай болгон, эмнеге аягына жеткен эмес, эмнеге сотко тапшырылбай же сотто далилденген эмес - чоң жумуш керек.

Кыргызстанда "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, аягында кыскарып кеткен учурлар көп эле кездешет. Мисалы, 2013-жылы экс-спикер Акматбек Келдибеков "Соцфондду жетектеп турган учурда коррупциялык схема түзгөн" деп айыпталып, кийин ага байланыштуу кылмыш иши кыскарган.

Эксперттердин баамында, коррупцияга жол ачкан жылчыктар дагы эле жоюла элек. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коррупцияга каршы күрөш багытында 45 иш-чараны камтыган чечим ишке ашырыла баштаганын айткан. Ал бул чечимдердин жыйынтыгы жай айларынан тартып сезиле баштайт деп убада берген.

Коррупция менен тандалма күрөш
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:14 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG