Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Жемкорлук жеңилбес ажыдаарга окшош


Иллюстрация
Иллюстрация

Transparency International эл аралык уюмунун 2017-жылдагы коррупциянын деңгээлин ченеген иликтөөсү боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 135-орунду ээледи.

2016-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч бир эле позицияга алга жылган. Коррупция менен күрөшүүдө эмне үчүн натыйжа болбой жатат? Аны кыскартууга өкмөт өктөм аракет жасадыбы? Бийлик өкүлдөрүн жемкорлуктан кантип арылтсак болот? “Таза коом” программасынын үзүрүн эл качан көрөт?

"Арай көз чарай" талкуусуна премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана эксперт Максат Мамытканов катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, Transparency International эл аралык уюмунун 2017-жылдагы коррупция менен күрөшүүнүн деңгээлин ченеген иликтөөсү боюнча Кыргызстандын абалы 2016-жылга салыштырганда бир эле позицияга жакшырган экен. Буга өкмөт чечкиндүү кадам жасай албай жатат деп баа берсек болобу?

Коррупция менен күрөшүү ажыдаар менен кармашканга барабар экен. Бир башын кессең, эки баш өсүп чыгат.
Талант Султанов

Талант Султанов: Бул рейтингде адегенде тенденция кайда баратканын кароо керек. Акыркы беш-алты жыл ичинде алга жылуу бар.

Жүз пайыздык ченем менен алганда Кыргызстан 29 пайызды алса, эң жогорку 89 баллды Норвегия алып жатат. Алты жыл мурда Кыргызстан бул көрсөткүчтө 22 балл алган болчу, позитивдүү тренд, алга жылуу бар дегеним ушул. Африкадагы бир топ мамлекеттер 7-9 баллдын тегерегинде болуптур.

Ошентсе да коррупция менен күрөшүү ажыдаар менен кармашканга барабар экен. Бир башын кессең, эки баш өсүп чыгат. Ооба, коррупция менен күрөшүү керек, ошол эле учурда ага жол бербей турган алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл.

Азыркы өкмөттүн максаты “Таза коом” программасы аркылуу бардык процесстерди ачык кылуу, өкмөт эмне иш кылып жатканын эл көрүп турушу керек. Анын арты менен коррупцияга жол бербегенге шарт түзүлөт. Коррупция - кайсы мамлекет болбосун курч турган маселе. Кыргызстанга салыштырганда Борбор Азиядагы кошуна мамлекеттер 20-30 орун төмөн турушат.

“Азаттык”: Максат мырза, өткөн 2017-жылы коррупция менен күрөшүүдө бийликтин кайсы бир аракеттери, анын натыйжалары байкалдыбы?

Парламенттик башкарууга өттүк, бийликти партияларга бердик дегенибиз менен бизде система өзгөргөн жок.
Максат Мамытканов

Максат Мамытканов: Жаңы президент акыркы сүйлөгөн сөздөрүндө коррупция менен күрөшүү боюнча максаты же умтулуусу бар экенин көрсөттү. Айтканын кандай ишке ашырат, ал экинчи маселе.

Бирок коррупция менен күрөшө тургандар баягылар эле болсо, кантип натыйжа чыгат? Алар өздөрү түзгөн коррупциялык схемаларды кантип тазалайт? Ушул убакытка чейин бийлик коррупция менен күрөшө турган стратегиясын коомго алып чыккан эмес. Парламенттик башкарууга өттүк, бийликти партияларга бердик дегенибиз менен бизде система өзгөргөн жок.

Азыркы бийлик өзгөрүүнүн өзөгүн көрбөй жатышпайбы, коррупция менен күрөшө турган дүйнөдөгү алдыңкы технологияларды булар билбейт. “Биз коррупция менен күрөшө турган жаңы кызмат ачабыз, акча бергиле” деп донорлордон каражат алышты. Арадан алты жыл өттү баягы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан (АКС) натыйжа болгон жок. Мунун негизги себеби АКСтин башына, анын курамына да даярдыксыз кадрлар келгенинен болду. Аларды саясий курал катары да пайдаланышты. Акыркы жылдардагы иштерди карасаңар саясатчылар менен байланыштуу болду, кимди кандай камаганын элдин баары билет.

Коррупция өтө кылдат жасалган кылмыш, ал жүзүн эч кимге көргөзбөйт. Анын бет кабын сыйрып, коомго шардана кылуунун формалары болот. АКС ошол милдетти аткара алган жок.

Талант Султанов: Азыркы өкмөт коррупция менен күрөшүү максатында көп тармактарга жаңы технологияларды киргизип жатабыз. Бажы кызматына жаңы жетекчи келгенден бери жаңы технологиялар колдонула баштады. Бажыдан түшкөн кирешелер эки ай ичинде эки-үч эсе өстү. Салык кызматында да жаңы технологиялар колдонула баштайт. Ким канча салык төлөп жатканы баары ачык көрүнүп турат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Жемкорлук жеңилбес ажыдаарга окшош
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:28 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG