Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Кыргызстан инклюзивдик өнүгүүдөн артта калды


Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бири
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бири

Кыргызстан инклюзивдик өнүгүү индексинде өнүгүп келе жаткан 74 өлкөнүн ичинен 51-орунду ээледи. Бул индекс өлкөлөрдүн экономикалык абалын аныктаган жаңы система.

Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн экономикалык абалын аныктаган жаңы система өткөн айда Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сунушталды. Ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчү ички дүң продукциянын (ИДП) заманбап аналогу катары сунушталууда.

Инклюзивдик өнүгүүнүн индекси деп аталган система ички дүң продукция эле эмес, андан башка 11 көрсөткүч боюнча да кайсы бир өлкөнүн абалын аныктайт.

Жалпак тил менен айтканда, мурда дүйнөдө ИДПнын көрсөткүчү боюнча өлкөнүн экономикалык абалы аныкталса, эми анда жашаган жарандардын саламаттыгы, иш менен камсыз болушу, жакырчылыктын деңгээли, байлар менен чөнтөгү жукалардын кирешесинин айырмасы, мамлекеттик карыздын көлөмү сыяктуу он эки көрсөткүчтүн (индикатордун) негизинде каралат. Тагыраагы, өлкөнүн жалпы экономикасы эмес, адамдардын бакубат жашоосу жана аларга түзүлгөн шарттарга көңүл бурулат.

Давостогу экономикалык форумга катышып келген премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султановдун айтымында, жаңы системанын өзгөчөлүгү жалпы жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган:

- ИДП мүмкүн мамлекет канчалык өнүгүп баратканынын бардык деталдарын көрсөтпөйт деген ойлор көп жылдан бери айтылып келген. ИДП абдан катуу өсүп баратса да, мамлекеттин ичиндеги чакан топ абдан байып, ал эми калгандары жакырланса, анда бул бакубат эмес мамлекет болуп эсептелет. Мисалы, өлкөдө ИДП өскөнү менен 90 пайыз жарандардын жашоосу оңолбосо, экономика жакшы өскөнүн көрсөтпөйт экен. Ошондуктан ушул маселенин айланасында талкуулар болуп, кантип инклюзивдүү өнүгүшүбүз керек деген ойлор айтылып жатат.

Кыргызстандагы жаңы конуштардын бири.
Кыргызстандагы жаңы конуштардын бири.

Мына ушул көрсөткүчтөр боюнча январдын соңунда Дүйнөлүк экономикалык форум жаңы индексти жарыялады. Анда рейтинг өнүккөн өлкөлөр жана өнүгүп жаткан өлкөлөр деп эки топко бөлүнгөн. Кыргызстан өнүгүп жаткан өлкөлөр тобунда 74 өлкөнүн ичинен 51-орунду ээлеген.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун эсеби боюнча, Кыргызстандын ички дүң продукциянын адам башына түшкөн суммасы 1038 доллар болсо, жакырчылыктын деңгээли 23 пайызды түзгөн.

Ал эми адам өмүрүнүн узактыгы 63 жаш деп белгиленген. Ички дүң продукция боюнча эсептелген Дүйнөлүк банктын рейтингинде Кыргызстан 192 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээлеп келген.

Кыргыз бийлиги жаңы рейтинг менен тааныш экенин белгилеп, андагы көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн аракеттенерин билдирүүдө.

Маселен, экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, өкмөттүн буга чейин программалары бул рейтингде негизги максатына үндөшүп кетет:

- 2040-жылга чейин программаны же "Жаңы доорго кырк кадам" деген беш жылдык программанын негизги борборунда адам турат. Башкача айтканда, мурда ар дайым экономика же башка нерселер алдыда болсо, азыр адамды коюп жатабыз. Ошол инклюзивдүү өнүгүү адамдын айланасында болуш керек. Бул жаатта алдыга максаттарды коюп, иштерди жүзөгө ашыруу боюнча аракет кылып жатабыз.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү экономиканын абалын жаңы система боюнча өнүктүрүүгө убада бергени менен жаңы рейтинг өлкөдөгү чыныгы абалды көрсөттү деген пикирлер бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков өлкөдө реформалар ишке ашмайынча, эч нерсе өзгөрбөйт деген пикирде:

- Бардык мамлекеттик багыттар: саламаттык сактоо, билим берүү, жакырчылык менен күрөш болобу, экономикалык көрсөткүчтөр болобу бир гана маселеге келип такалып жатат. Ал - мамлекеттеги структуралык жана системалык реформалар. Эгер мындай реформалар болбосо, Давостогу форумда сунушталган инклюзивдик көрсөткүчтөр эч качан өзгөрбөйт.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин окутуучусу, экономика илимдеринин доктору (PhD) Жунус Ганиев кандай система болбосун өлкөдө коррупция менен күрөштү күчөтүп, көмүскө экономиканы ооздуктамайынча бул сыяктуу рейтингдерде көрсөткүчтөрдү оңдоо аракетинен майнап чыкпасын айтууда.

- Бул жерде так инструменттер болуш керек. Биз адамдын кирешесин эки эсе өстүрөбүз дегенде эле ал өсүп калбайт. Алгач экономиканы өнүктүрүп алып, анан ошого жараша иш кылуу абзел. Экономиканы алдыга жылдыруу үчүн завод-фабрикаларды куруп, өндүрүш жакшы деңгээлге чыгышы зарыл. Болбосо, мигранттардын акчасын алып эле инклюзивдүү өнүгөбүз деген туура эмес.

Ош базары.
Ош базары.

Ошол эле учурда экономикалык абалды аныктоонун системалар арасына кайсынысы так жана туура деген суроо коюлууда. Адистер мындай суроо туура эмес экенин белгилешет. Себеби ички дүң продукция экономикалык гана көрсөткүч болсо, жаңы индекс өлкөдөгү абалды комплекстүү кароого мүмкүнчүлүк берет.

Бул рейтинг боюнча дүйнөдө инклюзивдүү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн көч башында Норвегия, Исландия, Люксембург, Швейцария жана Дания баштаган Европадагы мамлекеттер турат.

Алар экономикасын өнүктүрүү менен катар адамдын жашоосуна эң жакшы шарттар түзүлгөн өлкөлөр деп табылган. Ошол эле кезде ички дүң продукциянын катышы боюнча экономикасы өнүккөн өлкө катары саналган АКШ бардар жана кембагал жарандардын ортосундагы айырма, мамлекеттик карыздын көлөмү жагынан 23-орунда турат. Ал эми Борбор Азиядан өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 15-орунда турса, Тажикстан 54-орунга илинген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG