Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:08

Мамыров: Көп өлкөлөр ЖЭБден баш тартууда


Ашыкча энергияны сактачу күн аккумулятору

60 жыл мурун курулган Бишкек ЖЭБинин эскилиги жетти. Учурда дүйнөдө борборлоштурулган жылуулук системасы колдонуудан чыгып, үйлөр жекече жылытууга өтүп жаткан чагы. Кыргызстан да калкты жылуулук менен камсыз кылуунун өлкө шартына ылайык заманбап ыкмаларын иштеп чыгышы зарыл. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана жылуулук боюнча серепчи Райымбек Мамыров айтып берди.

"Азаттык": Райымбек мырза, Бишкек ЖЭБинин тегерегинде болгон окуянын шарында жалпы өлкөдөгү жылуулук тармагы боюнча сөз кылсак. Сиздин пикириңизде кыргыз өкмөтү бул багытта кандай иштерди жасашы керек эле?

Райымбек Мамыров: Дүйнө жүзүндө биздикине окшогон жылуулук борборунан сууну ысытып, аны 30-40 чакырымга ташып берген жылуулук системалары аз. Таптакыр эле жок болуп баратат десек да болот. Жетишкен мамлекеттерде ЖЭБдер райондордун аймагына, чоң-чоң үйлөрдүн жертөлөлөрүнө курулган. Ал жерде сууну ар кандай жолдор менен: электр энергиясы, газ же отундун башка түрлөрү менен ысытышат. Биз деле бара-бара Бишкек ЖЭБинин жылуулугунан баш тартып, ошондой ыкмага өтөбүз го дейм. Эгер ЖЭБдин реконструкциясын жасайбыз дешсе, анда ошондой эсептерди жүргүзүп, мүмкүн кээ бир райондорду өзүнчө жылытуу системасына өткөрүү зарыл.

"Азаттык": Бишкек ЖЭБи шаардыктарды гана жылытат. Жалпы республиканын масштабында жылуулук маселесин кантип чечсе болот деп ойлойсуз?

Райымбек Мамыров.
Райымбек Мамыров.

Райымбек Мамыров: Мындай маселе отундун түрүнө жана ошол жерде бар отунду пайдалануунун же ал жерге отунду жеткирүүнүн чыгымына жараша каралат. Мисалы, Таш-Көмүр шаарында, Сүлүктүдө, Кызыл-Кыяда көмүр бар. Демек алар көмүргө басым жасашы керек. Ош шаарында болсо газ жакшы болуп атат. Андыктан алар көгүлтүр отту пайдаланса арзан түшөт. Буга Жалал-Абад, Кочкор-Ата да кирет. Нарынга Кара-Кече жакын. Ал жерге көмүр менен иштей турган ЖЭБдер курулушу зарыл. Каракол шаарында Жыргалаң шахтасын эске албаганда отундун ыңгайлуу түрү жок. Газ алып баруу кымбат. Ал жердин маселесин электр энергиясы менен чечсе болот. Айтайын дегеним, ар бир шаарга өзүнчө ыкма менен мамиле кылуу зарыл. Тактап айтканда, жылуулук маселесин чечүүдө экономикалык так эсеп керек.

"Азаттык": Сиз ошондо “республикадагы жылытуу системасы эскирди, ал дүйнөлүк тажырыйбаларды эске алып, экономикалык кызыкчылыкты көздөп, кайрадан жаңыланыш керек” деп эсептейсиз...

Райымбек Мамыров: Ооба. Себеби, бүгүнкү күндө бардык маселени экономика чечип жатпайбы. Ар бир киши өзү да жеке кирешелерин эске алып, жылуулукту кайдан алса арзан түшөрүн эсептеп көрөт да. Мен деле эгер үйүм четки райондо жайгашып, келген жылуулук кымбатка түшүп жатса, аны эсептеп көрүп, ашыкча чыгаша болсо баш тартам. Мүмкүн мага газды пайдаланган туура келбей калышы мүмкүн. Мамлекет да республикадагы жылуулук системасын курууга жеке адамдай мамиле кылууга тийиш.

Азыр жөн эле “эскирип калыптыр, баарын алмаштырыш керек” деп, аны жасап бүткөндөн кийин ага кеткен насыя өзүн актабай калып жатпайбы. Кеткен чыгымды албетте, жылуулук сатып алган кишилер төлөйт. Аларга мамлекет дотация төлөп бере албайт. Ошондуктан реконструкция кылаарда өндүрүлгөн жылуулук жана анын сатылышы жакшылап эсептелип чыгышы өтө зарыл.

Жылуулук борборунун бузулушунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG