Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Оппозицияга үмүт берген демилге


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жумада чогулган Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. “Азаттыктын” бул жолку “Арай көз чарай” берүүсүндө Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык боло турган сот реформасы, ага байланышкан коррупциялык көйгөйлөрдү чечүү, укуктук база түзүү, сот адилеттигин орнотуу маселелеринин тегерегинде кенен кеп болду.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сектор башчысы Рысбек Абдысатаров, Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев жана “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы Адил Турдукулов катышты.

“Азаттык”: Рысбек мырза, кечээ Коопсуздук кеңешинин президент кол койгон чечиминде кайсы чараларды айрыкча бөлүп көрсөтөр элеңиз? Аларды турмушка ашыруу канчалык реалдуу?

Коопсуздук кеңешинин бул жолу кабыл алынган чечиминин өзгөчөлүгү - мурда бул көйгөй боюнча чечкиндүү чаралар болбосо, азыр так фактылар, багыттар аныкталган.

Рысбек Абдысатаров: Негизги маселе – сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу.

Коопсуздук кеңешинин бул жолу кабыл алынган чечиминин өзгөчөлүгү - мурда бул боюнча чечкиндүү чаралар болбой келсе, азыр так фактылар, багыттар аныкталган. Башкы прокуратуранын же башка мамлекеттик органдардын иштери талданды. Ошонун негизинде так тапшырмалар, көрсөтмөлөр берилип жатат.

Мисалы, "укук коргоо, көзөмөл органдары ай сайын элге чыгып, отчет берип, алардын суроолоруна жооп берсин" деген тапшырма берилди. Болбосо жарандардын көпчүлүгү президентке ар кандай маселе менен кайрылышат.

Негизинен жеринде эле чечип койчу маселелер, буга көңүл бурбай келишкен. Тармактын жетекчилери өздөрү элдин көйгөйүн укканда, анын аткарылышын өз көзөмөлүнө алганда гана абал өзгөрөт, мыйзам бузуу да токтойт эле деп жатабыз.

“Азаттык”: Адил мырза, мурдагы президент Атамбаев "сот реформасын баштадык, аягына чыгара албай калдым" деди эле. Коопсуздук кеңешинин чечимдери ошол реформаны улантууга өбөлгө боло алабы?

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Адил Турдукулов: Убагында Атамбаев "коррупция менен күрөшөм" дегенде чоң ишеним болгон. Тилекке каршы, анын бийлигинин акырында элдин ишеними бир топ сууп калды, анткени жыйынтык болгон эмес.

Азыркы президент Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү демилгесине, аракетине жеке эле өзүнүн командасы же жактоочулары эмес, оппозициялык күчтөр да үмүт артып жатканын көрүп турабыз.

Президенттин “коррупция менен күрөшүүдө жаңы баракты ачам” дегени үмүт отун жандырды. Үмүт артканынын себеби - Жээнбеков ушул убакка чейинки былык иштерге аралашкан эмес. "Сот жана укук коргоо органдарында реформа жасайлы" дегени туура, алар бири-бири менен тыгыз байланышта. Кош стандарттуулук менен кылмыш ишин козгоп, анын негизинде адилетсиз сот чечимдери чыгып жатканы көптү айтып турат. Ошондуктан бул органдарда системалык бурулуштар болушу керек. Азыркы укук коргоо органдарында ачылган кылмыш иштеринин 30 пайызы гана сотко жетип жатканын президент өзү айтып жатат. Бул эмненин белгиси?

Прокуратурада, милицияда, Каржы полициясында, УКМКда, Эсеп палатасында системалык коррупциялык көрүнүштөр бар экендигинин белгиси. Бул көйгөй ал тармактарды анча тааныбыган адамдарга деле белгилүү. Президент Сегизбаевди, Жолдубаеваны бекеринен жарга такап жаткан жок. Ошол эле Исраилов 2010-жылга чейин милицияда бир күн да иштебеген. Жолдубаева бир күн прокуратурада иштеген эмес. Сегизбаев басма сөз катчысы болуп иштеп жүргөн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке келгенден бери оппозицияны куугунтуктагандан башка иш кылган жок, булардын баарын кетириш керек.

“Азаттык”: Байтемир мырза, президент кол койгон чечимде "Башкы прокуратура ушул убакка чейинки козголгон кылмыш иштеринин, соттук чечимдердин мыйзамдуулугун кайрадан текшерип, ревизиялап чыгышы керек" деп жүрөт. Сиздин оюңузда бул канчалык реалдуу, анын натыйжасы болот деп ойлойсузбу?

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Байтемир Ибраев: Президент кол койгон чечимде, анын койгон талаптарында реалдуу эмес эч нерсе жок. Эгер маселени тереңинен карасак, аны президентке айттырбай эле аткаруу - түздөн-түз башкы прокурордун милдети. Ар бир козголгон кылмыш ишине көзөмөл жүргүзүү - алардын функциясы.

Ушул убакка чейинки документтерде тиги же бул тармакта коррупциялык схемалар бар экен айтылып, жазылып келатат. Коррупциялык схемалар укук коргоо органдарында да бар, алардын баарын президент айтты. Эгер тергөөдө иш сотко жетпей калса - ошол коррупциялык схеманын натыйжасы. Кылмыш иши негизсиз козголсо - ал дагы ошондой схема. Бир иштин аркасы менен сот алты жылдан бери бүтпөй жүрсө - ошол да коррупциялык схема. Ошол иштердин баарын президент башкы прокурор Жолдубаевага акыркы жолу эскертип жатат, "ошонун баарын бүтүр" деп жатат...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Оппозицияга үмүт берген демилге
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:06 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG