Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Президенттин талабы: жоопкерчиликтин жүгү


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 8-февраль, 2018-жыл

Президенттин ачуу сынынан кийин Коопсуздук кеңеши укук коргоо органдарынын жетекчилерине эскертүү берип, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү чаралары боюнча чечим кабыл алды.

Мамлекет башчысынын катуу сынына кабылган жетекчилер коррупцияга каршы келишкис күрөш жүрүп жатканын жүйө келтиришип, сынды да эске аларын айтышты.

Саясат талдоочулар жаңы президентке "мураска" калган эски жетекчилерден арылуу оор экенин, бирок аны ишке ашыруу туура багытта баратканын белгилешти.

Тазаланууга берилген акыркы мүмкүнчүлүк

Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук коргоо жана сот органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу сыяктуу 12 иш-чарадан турган чечим кабыл алды.

Анда алгач күч түзүмдөрүн жана сот органдарын таза эмес жетекчилерден арылтуу үчүн, башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу эле алардын киреше-чыгашасы текшериле турганы көрсөтүлгөн.

Коррупция менен күрөшө турган органдар өздөрү коррупцияга малынганын айткан президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жетекчилерге тазаланууга мүмкүнчүлүк берерин айтты:

- Токтоосуз чара көрүүнү талап кылам. Мына азыр көрдүңөр. Мындан дагы көп нерселер бар. Айрым таза эмес кызматкерлер бүтүндөй системага көө жаап, мамлекеттик бийликке элдин ишенимин кетирип жатышат. Эл ишенбей калган бийликтин туруктуулугу жана өзөгү бошоңдойт. Ошон үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилери абалды оңдоп, ишти тартипке келтиргиле. Мына бул ишиңердин көрсөткүчтөрү боюнча эле чара көрсөм болмок. Бул жолу силерге акыркы мүмкүнчүлүк берейин. Бирок мөөнөт өтө кыска болот.

Жээнбеков: Коррупционерлерге саткындар деп мамиле кылуу керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:19 0:00

"Эскилер кетмейинче, жаңылар иштей албайт"

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешиндеги баяндамасында Башкы прокуратуранын, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жана Ички иштер министрлигинин ишин сынга алган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кетер алдында бул сындалган жетекчилерге генералдык чин берип, сыйлыктарды тапшырган.

Саясий чөйрөдө президент эми саясий эркин көрсөтүп, тиешелүү жетекчилерди кызматтан алышы керек деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Коопсуздук кеңешинде айтылган сөз ошол бойдон калып кетиши мүмкүн. Азыркы жетекчилерди урушуп, анан акырында аларга "дагы бир мүмкүнчүлүк берейин, тазалангыла" десе эле алар тазаланып калбайт да.
Исхак Масалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул жагдай тууралуу мындай деди:

- Президент "а" дегенден кийин "б" деш керек болчу. Эгерде президент "өзгөрүү кылам, реформа кылам, коррупцияга каршы күрөшөм" десе, анда ал ишти мына ушул жерден башташы керек. Ал жаш, келечектүү жана тажрыйбалуу адамдарды жетекчиликке алып келип, аларга мүмкүнчүлүк берсе, коррупцияны такыр жок кылып жибербесе да, анын азыркы деңгээлин бир топ эле кыскартса болот. Болбосо, Коопсуздук кеңешинде айтылган сөз ошол бойдон калып кетиши мүмкүн. Азыркы жетекчилерди урушуп, анан акырында аларга "дагы бир мүмкүнчүлүк берейин, тазалангыла" десе эле алар тазаланып калбайт да. Алар өздөрү түзгөн системаны кантип аңтара алат? Ошондуктан абал өзгөрөт дегенге мен ишенбейм. Ким өзүнө өзү сокку уруп, өзүнө каршы күрөшсүн?

Сегизбаевдин жообу

Башкы прокурор Индира Жолдубаева жыйында президенттин сынына макул экенин айтып, андай катачылыктарды жоюунун үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев коррупцияга каршы келишкис күрөш жүргөнүн айтып, өз жүйөсүн келтирди:

- 2010-2011-жылдардан баштап шылуун-паракорлорго алгачкы сокку урулган. Кийинки жылдары дагы, мисалга алсак, 2016-2017-жылдардагы коррупцияга каршы аёосуз күрөштүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдардын негизинде баш-аягы 485 кылмыш иши козголгон. Жоопкерчиликке тартылгандар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да бар. УКМК бүгүн айтылган сынды эске алуу менен топтолгон тажрыйбанын негизинде коррупцияга каршы күрөштү чечкиндүү түрдө жүргүзүүгө жана күчтөндүрүүгө толугу менен даяр.

"Жумшак" узатуунун жумалыгы

Юрист жана саясат талдоочу Кайрат Осмоналиев президентке аталган жетекчилерди кескин түрдө алмаштыруу оор экенин айтып, бирок аларга мүмкүнчүлүк берип, иштин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алууну көздөгөн багытты туура тандап алганын белгиледи:

- Биздин укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери эч качан кемчилигин моюнга алышпайт. "Чык эшикке" дегенге чейин креслосунда уялбай аягына чейин отура беришет. Мисалы үчүн президент кечээ жыйында алардын коррупцияга каршы күрөшүнүн жыйынтыгынын натыйжасы абдан начар экенин далилдеди. Президентти деле туура түшүнсө болот. Анткени анын дарегине "коррупцияны ооздуктай албайт" деген сөздөр болуп жатпайбы. Акыркы эскертүү бергени деле туура. Себеби, акылдуу башкаруучу мүмкүнчүлүк берип, ишинин натыйжасын далилдеп, анан кызматтан алат. Анткени аларды кескин түрдө иштен кетирсе, анда кадрдык тазалоо башталды дегендей терс пикирлер күчөшү мүмкүн. Ошондуктан президенттин иштегенге мүмкүнчүлүк берип жатканы туура кадам. Бирок абалды оңдоого берилген алты айлык мөөнөт көп. Бир же эки ай эле берсе болмок.

Коопсуздук кеңешинин соңку чечими берилген сунуштардын негизинде толуктала турганы белгилүү болду. Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев чечимдин соңку долбоору дагы кошумча талкууга алынарын жана изилдене турганын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG