Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Жемкорлукту "тандалма" күрөш жеңе албайт


“Ыңгайсыз суроолор” программасы коррупцияга каршы тандалма күрөш, жемкорлук боюнча айыпталган айрым аткаминерлердин жоопко тартылбай жатканы тууралуу сөз кылат.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында өткөн теледебатта Кыргызстанда өлкө казынасын уурдаган 35 коррупционер бар экенин айтып, аларды тактыга отурары менен кустурарын жар салган.

Атүгүл шайлоодогу негизги атаандашы болуп эсептелген Өмүрбек Бабановго сөөмөй кезеп, миллиарддаган акчаны бюджетке төктүрмөй болгон.

Жээнбеков азыр мамлекет башчысы. Бирок 35 коррупционерди качан кустурары азырынча белгисиз. Бабановго берчү 25 суроосун жалпы эл көрө элек, ал эми коррупционерлердин тизмесин баштайт деген кишиден дайын жок.

Ооба, Сооронбай Жээнбеков президент болгону башкы прокурорду, атайын кызматтын башчысын жана ички иштер министрин кабыл алып, коррупцияга каршы күрөшүүгө тапшырма берди. Үч жолугушууда тең мамлекет башчысы сот, прокуратура жана укук коргоо органдары сыяктуу мамлекеттик кызматтардагы жемкорлукту азайтыш керек экенин баса белгиледи. Бирок теледебатта убада берген 35 коррупционер боюнча сөз болгону кабарланган жок.

VI чакырылыштын депутаттарына карата жалпысынан тогуз кылмыш иши козголгон. Алар: КСДПдан эки, “Республика – Ата-Журттан” бир, “Кыргызстандан” бир, “Бир Болдон” эки жана “Ата Мекенден” үч депутат. КСДПчы депутат Музаффар Исаковго “коррупция” беренеси боюнча 14-февралда кылмыш иши козголгон. Арадан он ай өтсө да тергөө бүтө элек. Бийлик партиясынын дагы бир депутаты Нурмахамат Баяхуновго “Көз боёмочулук, “Документ жасоо” беренелери боюнча иш козголуп, бирок ал депутаттык креслосун Аалы Карашевге бошотуп берери менен кылмыш иши токтотулган.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынан Өмүрбек Бабановго “Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштыруу чакырыгы” жана “Улут аралык кастыкты козутуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бабанов ошол бойдон дайынсыз.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаевге “Массалык башаламандык уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу аракети” жана “Кылмышка даярдык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 30-сентябрдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта. Исаевге ага чейин коррупция боюнча да иш козголгон.

“Бир Болдон” Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго 20-майда коррупция боюнча иш козголуп, ушул кезге чейин тергөөсү бүтө элек.

“Ата Мекенден” үч депутатка кылмыш иши козголуп, кыска убакыттын ичинде дээрлик бардыгына сот өкүмдөрү чыкты. “Коррупция” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча айып коюлган Өмүрбек Текебаевге 9тогуз айдын ичинде үч инстанциянын өкүмү даяр болду. Аида Саляновага “кызмат абалынан кыянат пайдаланды” деген күнөө коюлуп, райсот аны беш жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. “Ата Мекендин” дагы бир депутаты Алманбет Шыкмаматвого “коррупция” беренеси боюнча иш козголуп, райондук сот аны 5 миллион сом айыпка жыкты.

Жемкорлукка каршы учурда жүрүп жаткан күрөш тууралуу видеодон толук көрө аласыз.

Коррупция менен тандалма күрөш
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:14 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG