Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:15

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелериндеги каржылык текшерүүнүн жыйынтыгында 44,5 миллион сомдук бюджеттик акча уурдалганы аныкталганын жарыялады.

Бул боюнча тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына тапшырылган. Министрликтин Коомдук кеңеши болсо ички аудиттен сырткары Эсеп палатасынын буга чейинки жылдык текшерүүлөрүндө жүз миллион сомдон ашуун каражат жең ичинен желип кеткен учурлар болгону менен, зыяндын орду толтурулбай келатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жолу ички аудиттин жыйынтыгын ачык жарыялап, министр өзү эң көп акча уурдалган мекемелерди атады. Ал бул жолу каржылык мыйзам бузууга жол берген жетекчилер кызматтан гана айдалбастан, зыяндын ордун төлөтүү чаралары күчөтүлө турганын убада кылды.

Чайпалган бюджет, чайкалган миллиондор

Саламаттык сактоо министрлигинин ички аудит бөлүмү 2017-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча пландуу каржылык текшерүү жүргүзүп, медициналык мекемелерди атайын толугу менен иликтеп чыккан. Министрликтин маалыматы боюнча, 26 саламаттыкты сактоо мекемесинде аудит өтүп, укук коргоо органдарынын жана жарандардын кайрылуулары боюнча 12 мекемеде атайын иликтөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада арыздарда көрсөтүлгөн фактылар 12 мекеменин бешөөндө аныкталып, үчөөндө жарым-жартылай ырасталса, төрт мекемеден мыйзам бузуулар табылган эмес.

Кыргызстандагы ооруканалардын бири.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ири каржылык мыйзам бузуулар Бишкектеги медициналык мекемелерден чыкканын белгиледи:

- Бизге түшкөн маалыматтарды карап, алгач текшергенде Бишкектеги бир эле №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан 9,5 миллион сомдук уурулук чыгып жатпайбы. Ошонун артынан түшүп, ошол эле ыкма менен башка мекемелерди текшере баштаганда, башкаларынан дагы ар кандай ири өлчөмдө акчаны кымырып алган алган фактылар ачыкка чыкты. Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болсо мурдагы жетекчинин тушунда 2011-жылдан бери жада калса Социалдык фондго төлөнө турган акчаны жеп алышканы белгилүү болду. Ушундай эле жол менен акчаны жеп алган башка бир борбордун жетекчилиги уурулук ачыкка чыгып калгандан кийин 2,5 миллион сомду кайра алып барып төлөй салышты. Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк борбордон дагы 2,5 миллион сомдук акчанын жетишпестиги чыкты. Биз муну менен текшерүүнү токтотпойбуз. Аны биз аягына чейин чыгарабыз. Анткени бул бюджеттин акчасы, элдин, салык төлөөчүлөрдүн каражаты. Бизде ушундай бир адат болуп калыптыр. Андагы жетекчи кызматынан алынса эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калып кетип жатыптыр. Биз мындан ары жок болуп кеткен кеткен акчаны ордуна койдурмайынча, аракетибизди токтотпойбуз.

Саламаттык сактоо тармагындагы жең ичинен желип кеткен 44,5 миллион сомдун көбүн мамлекеттик бюджеттен жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан которулган каражат түзөрү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундуда көрсөтүлгөн.

Дары-дармектен кымырылган миллиондор

Мамлекеттен дарыга жана медициналык аспаптарды сатып алууга бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысынын бети ачылды.

Уурдалган акчанын 20 миллион сомдон ашууну дары-дармек, тамак-аш жана медициналык жабдууларды мыйзамды бузуу менен алуу сыяктуу мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу экени айтылды. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тендерсиз сатып алууга байланыштуу тогуз миллион 200 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган.

Маянаны негизсиз төлөөгө байланыштуу 10 миллион сомдон ашуун мыйзам бузуу аныкталса, материалдык-техникалык баалуулуктарды мыйзамсыз чыгыштаган жана сатылып алынды делген азык-түлүк менен дары-дармектердин жетишпестиги сыяктуу фактылардын негизинде 3 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев тармактагы жемкордуктун масштабы мындан бир топ жогору болгон учурлар катталганын белгилеп, бирок андан эч кандай жыйынтык чыкпай келгенине токтолду:

- Буга чейин Эсеп палатасы текшергенде деле саламаттыкты сактоо тармагынан жалпысынан жүздөгөн миллион сом кемчиликтер чыккан. Бул жолу бир аз пиары көбүрөөк болуп жатат да. Бирок эми ошолордун баарын текшериш керек. Анткени тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдүн себептери толтура. Мисалы, бир эле дары Нарында 100 сомдон сатылып алынса, ошол эле дарыны Бишкектеги медициналык мекеме 1000 сомдон сатып алып, кабыл алган учурлар мурда катталган. Өздүк наркы бир топ эле арзан дарыларды 5-6 эсе, кээде он эсе кымбат баада сатып алышкан учурлар бар. Мына ошонун баарын иликтеп чыгып, жыйынтык чыгарыш керек да. Мунун баары ошол коррупциялык жолдор аркылуу жасалат да. Бирок ошондой фактылардын бети ачылганы менен иш тергөө жана сот органдарына жеткенден кийин эле аны иликтөө кечеңдеп барып, аягына чыкпай калып жатат. Бул жерде жоопкерчилик жок болгондуктан кылмыш ишин кароо атайын создуктурулуп отуруп, 2-3 жыл өткөн соң унутулуп дагы калат.

Чуусу көп төрөт үй

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев мамлекеттик ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө жана үй-бүлөлүк медициналык борборлор сыяктуу медициналык мекемелерде дары-дармектерди, тамак-ашты, тиричилик буюмдарын жана жабдууларды "сатып алынды" деп жасалма түрдө кабыл алып, кайра эле чыгыштап салуу аркылуу аларга бөлүнгөн ири өлчөмдөгү акчаны жең ичинен жеп койгон өнөкөт кеңири жайылганын белгиледи.

Мына ошондуктан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу же болбосо гранттык негизде келген дары-дармектер дарегине жетпей, оорулуулар аны өзүнүн эсебинен сырттан сатып алган учурлар көп кездеше турганы айтылды. Медициналык мекемелердеги буга окшогон туруктуу калыптанган коррупциялык схемалардын айрымдарынын бети ачылган.

Министр Талантбек Батыралиев ошол күңүрт схемалардын тамырын түп орду менен жоюуда жана келтирилген зыяндын ордун толтурууда маселе бар экенин айтты. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев уурдалган акча канчалык чоң болсо, аны калкалоочу коррупциялык байланыштардын тамыры ошончолук терең болоруна токтолду:

- Жетекчи мамлекеттен берилген каражатты акыркы тыйынына чейин максаттуу колдонууну көзөмөлдөөгө милдетттүү. Ал ошол үчүн жетекчи. Бишкектеги №4 төрөт үйү мындан үч жыл мурун келбеген дарыны келди деп кириштеп, ошонун натыйжасында 17 миллион сомдук зыян келтирип жатпайбы. Дарылардын жасалма жеткирүү деген негизде ал жерде аябай чоң кыңыр иш чыкты. Бир миллион эмес, эки миллион эмес, бул жерде 17 миллион сом! Анан эми ал мекеменин жетекчиси ошондон бери бардыгын башкы эсепчиге гана оодарып коюп, эч нерсе болбогондой иштеп эле жүрөт. Бул боюнча эбак эле кылмыш иши козголгон. Бирок анын аягы эмне болгону боюнча ушул кезге чейин жооп ала албайбыз. Мына ошол мекеменин эмгек жамаатынан кайра-кайра арыздар түшүп, тынбагандан биз ал жакта кайрадан комплекстүү текшерүүлөрдү баштадык. Негизи мына ошол ишти мойнуна коюп, зыяндын ордун калыбына келтирүү тиешелүү укук коргоо органдарынын жана соттун иши. Тилекке каршы мына ошол иштер аябай узарып кетип жатат да. Биз үчүн ал жагы эмне болгондо дагы элдин салыгынан топтолгон акчаны максаттуу колдонбогон жетекчи иштен кетиши керек.

Буга чейин Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын биргелешкен атайын иш-чараларынын натыйжасында Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде наркы 17 миллион сомго барабар болгон дары-дармектердин жасалма алды-саттысына байланыштуу коррупциялык кылмыштын бети ачылганы жарыяланган болчу.

Анда башында өткөрүлгөн тендердин негизинде фармацевтикалык компаниядан сатылып алынган дары-дармектер кампага киргизилип, бирок кайра эле артына кайтарылып турганы аныкталган. Мындай жасалма алды-саттыдан түшкөн дары-дармектин акчасы жең ичинен жымырылып турган туруктуу коррупциялык каналдын аныкталганы көрсөтүлгөн эле.

Буга байланыштуу баш калаадагы №4 төрөт үйүнүн башкы эсепчиси кармалып, кылмыш иши козголгон. Тергөө органы бул коррупциялык "чынжырчага" кирген кылмыш ишинин башка фигуранттары да ачыкка чыгарын айтып, бирок кийин анын жыйынтыгы кандай болгону тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланган эмес. Учурда бул кылмыш иши боюнча соттук териштирүүлөр эки жылдан бери уланып, анын аягына азырынча чекит коюла электиги белгилүү болду.

"Кийинки жетекчи мурункусуна жооп бербейт"

Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекова анын бул коррупциялык ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтып, министрдин анын жоопкерчилигине байланыштуу койгон дооматын четке какты:

- Мен 2014-жылдан бери жетекчи болуп иштеп жатам. 2010-2015-жылдарды текшергенде мына ошол жерден коррупциялык схема табылган экен. Мына ошол 17 миллион сом жетпеди деген иш 2010-жылдан башталган. Анын баары жалаң эле мен жетектеген учурда болгон нерселер эмес. Мен болгону анын аягында гана келгем. Бул боюнча бир жылдан ашуун тергөө иштери жүргөн. Азыр ал иш сотто. Менин буга эч кандай тиешем жок. Себеби мен бул жакка иштегени 2014-жылы келдим. Ал эми бул схема болсо 2010-жылдан бери келе жаткан схема экен. Бул ишти Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы текшерип, мен ал жактан таптаза чыккам. Эгерде менин кандайдыр бир тиешем болгондо, мени сотко чакырып, эбак эле соттойт эле да.

Ошол эле кезде Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекова ал жетектеген мекемени үстөккө-босток текшерүүгө алуу менен Саламаттык сактоо министрлиги аны кызматтан алууга аракеттенип жатканына даттанды. Бул тууралуу ал министрликтин астындагы Коомдук кеңешке дагы арызданган.

Ошол эле кезде ал башкы дарыгердин башка бир мыйзамсыз аракеттери боюнча эмгек жамаатынан да арыз түшкөн. Башкы дарыгердин ишмердигине баа берүү жана анын жоопкерчилик маселесин териштирүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Эми коррупциянын себептери толтура да. Биз кээ бир медициналык мекемелердин башчылары 20 жылга чукул убакыттан бери жетекчилик кызматтарда отурушат. Мына ошонун баарын караш керек. №4 төрөт үйү боюнча эки тарап тең бизге кайрылып, даттанышкан. Анын башкы дарыгери дагы бизге келген. Ага каршы арыз жазган адамдар дагы бизге кайрылган. Эки тараптан тең даттануу болуп жаткан соң биз дагы ошол комиссияга киргенбиз. Эки тарапты тең угуп чыгып, терең иликтеп анан бул жагдай боюнча комиссиянын корутундусун чыгарабыз. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Азыр кимдики туура экенин айта албайбыз. Башкы дарыгер ага карата министр тарабынан басым болуп жатканына даттанууда. Ал эми ал жактан келген адамдар өздөрүнүн жүйөлөрүн айтышууда. Мунун баары кылдат текшерилиши кажет. Балким мына ошондой фактылар бардыр. Азыр айтууга эртелик кылат.

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

Бишкектин №4 төрөт үйүндөгү дары-дармектердин жасалма алды-саттысына байланыштуу чуулгандуу кылмыш ишинде башкы эсепчиден башка дагы кимдер жоопко тартылып жатканы белгисиз.

Төрөт үйүнүн мурдагы жана учурдагы башкы дарыгерлеринин бул ишке канчалык деңгээлде тиешеси бар же жок экени тууралуу дагы тергөө жана сот органдары үн ката элек. Бул ишти баштан аяк тергеп, сотко өткөргөн Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү менен дагы байланышууга мүмкүн болбоду.

Тергөөчүлөрдүн бири Кумар Байдылдаев Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын үстүнөн мына ушуга окшогон эле кылмыш эпизоду боюнча иш козгоп, аны сот аркылуу тогуз жылга эркинен ажыратууга жетишкен. Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн кийин акчалай айып пул менен алмаштырган. Ал иштеги дары-дармектер жасалма жол менен кириштелди делген Оштогу кургак учук диспансеринин башкы дарыгери кылмыш иши козголгондон кийин жүрөгү кармап, каза тапкан. Тергөөчүлөр ал кылмыш ишин ийине чыгарып, аягына чейин жеткирегени менен Бишкектеги №4 төрөт үйүндөгү 17 миллион сомдун уурдалганы боюнча кылмыш ишине эки жылдан ашуун убакыттан бери чоюлуп келе жатат.

Адатта ири коррупциялык иштерге байланыштуу күңүрт схемаларда кол астындагылар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, алардын жетекчилери жоопкерчиликтен сырткары калган учурлар арбын. Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы эсепчиси менен кассири дагы мына ошондой окуяга дуушар болгон.

Аталган мекеменин атын атагысы келбеген жооптуу кызматкери мурдагы башкы дарыгердин жоопкерчилиги каралбай калган кылмыш иши кайра артына кайтарылган жагдайга мындайча токтолду:

- Биздин мекемени текшерип чыкканда баш-аягы 5 миллион сомдон ашуун акчанын өөнөлүп кеткени аныкталган. Ошондой эле Социалдык фонд менен салыкка төлөнө турган каражаттын дайыны табылбай жатканы дагы белгилүү болгон. Буга байланыштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок буга байланыштуу мурдагы башкы эсепчи менен кассирди эле буга күнөөлүү деп таап, тергөөчү келтирилген зыяндын өлчөмүн болсо 356 миң сомго түшүрүп, ишти сотко өткөрүп калган жеринен бул тууралуу билинип калып, анан Башкы прокуратура бул ишти көзөмөлдөп карап чыгып, бул ишти кайра тергөөгө жиберди. Учурда бул ишти кайра башка бир тергөөчү тергей баштады. Бул иште бир гана мурдагы башкы эсепчи менен кассир эмес, ошол кездеги жетекчинин жоопкерчилиги каралбай калган жагдайды иликтөө боюнча дагы маселе көтөрүлдү.

Келишип алуунун жолдору

Ошол эле кезде саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев буга чейин жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана башка көзөмөл органдарынын каржылык текшерүүлөрүн дагы кайра башынан карап чыгуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, жакында болуп өткөн ички аудиттин жыйынтыгы мурда текшерилип, каржылык ишмердигине оң баа берилген медициналык мекемелердин ичиндеги кыңыр иштердин башын ачкан.

Мына ошондуктан министр Талантбек Батыралиев өкмөт аркылуу биринчи кезекте Медициналык камсыздандыруу фондунун каржылык текшерүүлөрүн кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгиледи:

- Ар бир мекемеде эле пландуу түрдө буга чейин каржылык текшерүүлөр жүргөн. Анан алардын баарынан эч кандай көйгөйлөр жок деген корутундулар чыккан. Бирок кайра эле ошол жактарда кандайдыр бир каржылык мыйзам бузуулар боюнча арыз-даттануулар түшүп жатат. Кайра ички аудиттин текшерүүлөрүнүн натыйжасында мына ошол иштер чыгып калып жатат. Бул жерде бир логикалык суроо туулат. Мунун баарын мурда текшерген Медициналык камсыздандыруу фондунун аудиторлору аларды эмне үчүн көрбөй калышкан? Бул жерде же алар бири-бири менен келишип, сүйлөшүп алышып, максаттуу түрдө көрбөй калышкан. Мына ушунча жылдан бери алар мына ошол каржылык мыйзам бузууларды көрбөй, мунун баары уланып келе жаткан болсо, анда демек бул жерде чоң күмөн жарата турган суроолорду туудурат. Ар бир ошондой суроолор өзүнүн жообун табышы керек. Жетекчилер эмне себептен шалаакылык кылышты? Атайлаппы? Биздин ал жакты текшергендер эмне себептен көрбөй калышты? Сүйлөшүп алышканбы деген суроолор турат. Биз мунун баарын аягына чыгарышыбыз керек.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Анткен менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилиги менен бул маселелер боюнча жооп алуу үчүн байланышууга мүмкүн болбоду. Ошол эле кезде Саламаттык сактоо министрлигинин жүргүзгөн ички аудиттин натыйжасында он медициналык мекемеден топтолгон материалдар Башкы прокуратурга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка андан ары иликтөө үчүн тапшырылганын жарыялады.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри мамлекеттеги каржылык текшерүү жана көзөмөлдөө системасын өзгөртүү маселесин көтөрдү. Анын айтымында, учурдагы каржылык көзөмөл тутуму каржылык мыйзам бузуулардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуда алсыздыгын көргөздү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG