Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Кыргызстанда сыналган дарыга суроо көп


Кургак учукка каршы казакстандыктар ойлоп тапкан дарынын Кыргызстанда клиникалык изилдөөдөн өткөрүлүшү көп суроолорду жаратууда.

Улуттук фтизиатрия борбору 54 жаран катышкан сынактын мыйзам чегинде өткөнүн ырастаса, Дары менен камсыздоо департаменти алардан эч кандай расмий уруксат алынбаганын билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын көңүлүн бурган иш

Казакстанда ойлоп табылган кургак учукка каршы ФС-1 аттуу дарынын Кыргызстанда клиникалык изилдөөдөн өткөрүнүн мыйзамдуулугун ушул тапта Башкы прокуратура иликтеп жатат. Бул маселе боюнча Улуттук фтизиатрия борбору жана Дары менен камсыздоо департаментинин кызмат адамдарына иш козголгон.

- Кылмыш иши кургак учукка каршы ФС-1 аттуу препаратты мыйзамсыз клиникалык изилдөөдөн өткөрүү фактысы боюнча козголду. Улуттук фтизиатрия борбору “Дары каражаттары жөнүндөгү мыйзамды” бузуп, тийиштүү аккредитациядан өтпөй туруп, Казакстандагы “Инфекцияларга каршы препараттардын илимий борбору” акционердик коому менен ФС-1 аттуу дарыны клиникалык изилдөөдөн өткөрүү боюнча келишим түзгөн. Жыйынтыгында борбордо мыйзамсыз клиникалык изилдөө жүрүп, ага туруктуу формадагы кургак учук менен ооруган адамдар тартылган. Дарыны ичкен 54 кишинин ичинен он адамга дары терс таасирин тийгизген учур болгон жана эки адам мерт болгон деген факты катталган. Азыр тергөө уланууда, – деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Алманбет Абдраманов.

Дарыгер учук оорулуу бейтаптын өпкөсүнүн флюрографиясын карап жатат.
Дарыгер учук оорулуу бейтаптын өпкөсүнүн флюрографиясын карап жатат.

​Клиникалык изилдөөнү Улуттук фтизиатрия борбору 2014-жылдын май айында баштаган. Борбордун жетекчиси Абдулат Кадыров ФС-1 дарысын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү боюнча Казакстандын “Инфекцияга каршы препараттар илимий борбору” менен келишим Кыргызстандын Дары менен камсыздоо департаментине караштуу Фармакология комитетинин корутунду-уруксатынын негизинде жетишилгенин ырастоодо. Мындан улам эки жылдык изилдөө ишинен кийин департаменттин кабарыбыз болгон эмес деген дооматын түшүнбөй тургандыгын айтууда.

- Ушул базаларды аккредитация кылыш үчүн жоболору болуш керек да. Ал департаментте бүгүнкү күнгө чейин иштелип чыккан эмес. Аккредитацияны департамент өткөрүш керек, андан кийин бизге клиникалык изилдөө өткөрүүгө уруксат бериш керек эле. Эми алар жооп беришсин. Алар бизге, илимий борборго изилдөө өткөрүүгө уруксат берип жатпайбы. Анан алар кантип берген, кандай жол менен берген, ошол берген адамдар жооп берсин.

Кадыровдун айтуусунда, клиникалык изилдөөнүн тартибине ылайык 54 кишинин жарымына чыныгы ФС-1 дарысы берилип, калганына ичи бош дары, медицинанын тили менен айтканда плацебо берилген. Мындай ыкма менен дарынын таасири аныкталат. Изилдөөнүн башында айрым жарандар ар кандай себептерден улам дары ичүүдөн өздөрү баш тарткан учурлар болгон. Мындан тышкары 10 кишиге терс таасир этип жатат деген негиз менен дары берүү токтотулган. Андан бери толук 12 айлык курстан 13 киши өтүп, изилдөө токтотулганына байланыштуу 21 киши ара жолдо калган. Бирок бул жарандардын кимиси чыныгы дарыны же плацебону ичкени, дары кимге кандай таасир эткени тууралуу казак тарап жыйынтык чыгара элек. Бирок изилдөө маалындагы эки кишинин каза тапты деп чыккан маалыматтардан улам Фтизиатрия борбору казакстандык илимий борборго алардын анализин ачыктоо боюнча кат жөнөткөн. Кадыров анын жыйынтыгында бул адамдар ФС-1 дарысын ичпегендиги аныкталганын билдирүүдө.

- Өлгөн оорулуулар деп жатпайбызбы. Ушундай сөз болгондон кийин биз казак илимий борборуна кат жөнөттүк. Бул эки жаран ФС-1ди ичкенби же ичи бош плацебону ичкенби деп сурадык. Ал жактан бизге жооп берди. Экөө тең ФС-1ди алган эмес экен, ичи бош дарыны ичкен. Аларда корутундусу бар. Бул эки жаран оорулары өтүшүп кетип каза болушкан.

Дары менен камсыздоо департаменти өз кезегинде мындай клиникалык изилдөөдөн кабарсыз болгонун, ага эч кандай расмий уруксат берилбегенин билдирүүдө. Департаменттин дары-дармек менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Акаевдин айтуусунда, бул ишти департаментке караштуу фармакологиялык комитет өзүмбилемдик менен документтерди жасалмалап уруксат берип койгон. Аталган комитеттин клиникалык изилдөөгө уруксат берүү укугу жок болчу дейт ал.

- Чындыгында биздин департамент казакстандык фирмага эч кандай уруксат берген эмес. Бул уруксат жасалма документтин негизинде даярдалып, фармакологиялык комитеттин ошол кездеги жетекчиси Ашыралы Зурдиновдун колунан кеткен. Муну департамент берди деп айтууга болбойт. Фармакологиялык комитет департаменттеги бир бөлүм. Алардын андай уруксат берүү укугу жок. Демек өзү укугунан аша чаап, уруксат кагазды берип салган. Ал эми Фтизиатрия борбору менен казактар чын эле расмий уруксат деп ойлошкон. Анткени комитет бланкты жасалмалаган. Бизде андай бланк жок. Эгерде керек болсо мен жасалма бланкты да көрсөтө алам.

Клиникалык изилдөөгө уруксат берген фармакологиялык комитетти ал учурда Ашыралы Зурдинов жетектеп турган. Ал департаменттин дооматтарын четке кагып, клиникалык изилдөө тийиштүү талаптардын негизинде ишке ашканын, ал тууралуу аттуу-баштуу адистер кабардар экенин ырастоодо.

- Биз аларды эч кандай жасалма, жаман жолго жөнөткөн жокпуз. Алардын дарысы клиникалык изилдөөлөр жүрүп жаткан дарылар боюнча Америкадагы эл аралык реестрге түшкөн. Ал ошол эл аралык деңгээлде көзөмөлдө турган дары. Казакстандын өзүндө, Россиянын өзүндө клиникалык изилдөө жүргүзүлүп жатат деп жазып жатышат. Биз да ошол эреже катары дарынын өзгөчөлүктөрүн эске алган документтердин топтомун изилдеп карап, жалгыз мен эмес, кеңейтилген жыйында чечим кабыл алынган.

Ашыралы Зурдинов.
Ашыралы Зурдинов.

Департаменттеги фармакологиялык комитет былтыр дагы бир башка комитет менен бириктирилген соң, анын жетекчиси Ашыралы Зурдинов кызматтан кеткен. Алар бул маанилүү комитетти жоюу чечими туура эмес деген негизде депутаттарга жана министрдин өзүнө чейин кайрылышкан. Зурдинов департамент атайын бир кызыкчылыктарды көздөп, дары-дармектерди жеңилдетилген процедура менен, аз убакытта каттоону ишке ашыруу максатынан улам фармакология комитетин жойгон деп эсептейт. Ал эми бул аракеттердин изин жазгыруу үчүн атайын клиникалык изилдөө тууралуу маселени тескери маанайда көтөрүп чыгып, элди алаксытууда дейт ал.

- Фармакологиялык комитет адамга болгон дарынын таасиринин оң-тетири жагынын баарын иликтеп чыкмайын түшкөн дарыларга уруксат бербейт. Жогорку Кеңештин комитетинде департаменттин ишин карап, аларда 13 иш козголгонун айтышты. Мунун баары коррупциялык иштердин негизинде болгон. Мына ошолорго биз бөгөт коюп, жеңилдетилген процедура деген туура эмес экенин канча ирет айткан элек. Ошондуктан фармакологиялык комитетке киргизбей, сырттан өткөрө берип, толгон-токой дарыларды каттап алышкан.

Кыргызстандыктарды дары менен камсыздоо департаменти ФС-1 дарысын ойлоп тапкан казакстандык илимий борборду жеке компания деп эсептөөдө. “Азаттык” бул компаниянын өкүлү Гүлнара Мухамедгалиева менен байланышканда ал бул илимий борбор акционердик коом экендигин жана жалгыз акционер мамлекет экендигин айтты. Мындан тышкары ал Кыргызстандагы түзүлгөн жагдай тууралуу кабардар экенин айтып, бүгүнкү күндө келишим токтотулганын кошумчалады.

- Башында алар бизге препараттарды алып кирүүгө уруксат бербегенин айтып жатышкан. Бирок бизде уруксат бергенин тастыктай турган документтер бар. Эми эч нерсе билбейбиз деп жатышат. Бул алардын өздөрүнүн "ашканасы", өз ара түшүнүксүз мамилелери, өз ара араздашуулары окшойт. Бирок жыйынтыгында толук дары албай калган оорулуулар жана препарат жабыркады. Казакстанда бул изилдөө жүргүзүлүп жаткан. Бул үчүнчү фазасы эле. Эми Орусияда дагы жүргүзүлөт деп жатабыз.

Талаш жаратып жаткан клиникалык изилдөөнүн чоо-жайы тууралуу алгач Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коомдук кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев жаз айларында айтып чыккан эле. Ага эки оорулуу жаран ушундай дары ичип жатканын айтып кайрылган. Султангазиевдин айтуусунда, Кыргызстанда 2014-жылы клиникалык изилдөөгө уруксат берилген ФС-1 дарысы Казакстандын өзүндө 2015-жылдын май айында гана каттоодон өткөн экен. Регламентке ылайык каттоодон өтө элек дарыны адамга сынап көрүүгө уруксат берилбейт.

- Регламент боюнча катталбаган дарыларды элге сынап көрүүгө болбойт. Дагы бир жагы, бул ФС-1 деген дары биздин чек арадан такыр өтпөптүр. Ал контрабанда жолу менен алынып келинген. Ошонун баары билине баштады. Бул жакта Фтизиатрия борбору менен казактардын күнөөсү тең. Негизи Фтизиатрия борбору изилдөө өткөрүүгө укугу жок болчу. Клиникалык изилдөөнү аккредитациядан өткөн гана мекеме жүргүзөт.

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

Султангазиевдин айтуусунда, адамдардын катышуусундагы мындай клиникалык изилдөө Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жатат. Мындан улам аны өткөрүүнүн мыйзамдык жагы катуу көзөмөлгө алынышы керек эле. Бүгүнкү күндө дарынын курамы боюнча дагы күдүк жагдайлар чыгып жатат.

- Негизи ошол Зурдинов чыгарган республикалык дары реестри деген бар. Ошонун ичинде йодиты калия – йод препараты кургак учукка болбойт деп көрсөтүлгөн. А бул ФС-1 90 пайыз йодит болуп саналат. Йод препаратын, ооруга каршы делген дарыны берип жатышты да.

Ошентип ФС-1 дарынын оң-терс таасири туурасында казакстандык илимий борбор расмий баяндамасын бериши керек. Ага чейин талаш жараткан дары 54 кишинин кимисине кандай таасир бергени тууралуу алдын ала божомол кылуу мүмкүн эмес.

Белгилейт кетсек, бул изилдөөнү ишке ашыруу үчүн казакстандыктар кыргыз тарапка 11 миллион сом беришкен. Айбар Султангазиев акча маселеси дагы бир топторду жолдон адаштырган болушу мүмкүн деген ойдо.

- Биздин "Дарылар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, клиникалык изилдөөгө катышкан биздин медиктер акча ала алышпайт деп жазылган. Бирок муну текшере келгенде төрт адис ай сайын айлык алып турган. Эмне себептен Фтизиатрия борборунун башчысы Кадыров муну баштады? Балким кызыкчылык болгон. Бизде мындай түз далил жок. Бирок булар казактардан акча алып жатты деген шектенүүбүз бар.

Мындан тышкары ал изилдөөгө катышкан жарандарга беш миң сомдон төлөнүп турганын белгилеп, эгер башка мамлекетте болгондо мындай акча үчүн изилдөөгө катышууга эч ким макул болмок эместигин билдирди. Бул дарыны ичкен айрым жарандар менен байланышканыбызда алар бир жыл бою ай сайын акча алып тургандыгын ырасташты. Бирок алардын бири, толук 12 айлык курстан өткөн Нурлан аттуу жаран 10 айга чукул 1800-2000 сомдон, соңку 2 айда гана 5900 сомдон акча алганын билдирди.

- Негизи ошол Зурдинов чыгарган республикалык дары реестри деген бар. Ошонун ичинде йодиты калия – йод препараты кургак учукка болбойт деп көрсөтүлгөн. А бул ФС-1 90 пайыз йодит болуп саналат. Йод препаратын, ооруга каршы делген дарыны берип жатышты да.
Айбар Султангазиев.

Ошентип жаңы дарыны толук ичкен жана ара жолдо калгандар анын таасири туурасында азыр божомол менен чектелип жатышат. Айрымдары жардам берди десе, айрымдары кошумча ичкен дарылардын дагы таасиринен көрүп жатышат. Ал эми дарынын айланасындагы чуу аларды таңдантып жаткан кези.

- Радиодон укпадымбы. Негизи чет мамлекеттен дары келгенде бул жактан лабораториядан өтүп эле берилиши керек экен. Ал биздин дары лабораторияга жакын жолобоптур дагы да. Алар билбейт экен. Биз 12 ай ичтик, жыйынтыгын билген жокмун. Кандай дары экенин билбейм, бирок мага ой ушул дары сенин өпкөңө жардам берет деген да. Жардам болдубу-жокпу айта албайм. Анткени андан башка дагы ПРООНдун 15 таблетка дарысын кошо иччү элек да, - дейт изилдөөнүн катышуучусу Нурлан.

Ушул тапта Кыргызстандагы 100 миң кишинин 99у кургак учук менен ооруйт. Адистер Кыргызстанда бул илдеттен каза тапкандардын саны да мурунку жылга салыштырмалуу бир топ кыскарганы менен, аны жуктуруп алган балдар көбөйгөнү байкалып жатканын белгилешет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын өлкөдө кургак учук жуктуруп алган беш миңдей адам каттоого алынууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG