Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ош: балдар ВИЧ экенин уга баштады


Балдары ВИЧке кабылган энелердин митинги. Ош, 14-ноябрь, 2011-жыл
Балдары ВИЧке кабылган энелердин митинги. Ош, 14-ноябрь, 2011-жыл

Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдарга дарты угузула баштады. Бирок алды бой жетип калган балдардын жар тандоосу адистерди ойго салууда. Бул арада ВИЧке кабылгандардын саны жыл өткөн сайын өсүп жатат.

Ошто ВИЧ илдети менен төрөлгөн балдардын ата-энелери эс тарта баштаган балага дартын кантип угузабыз деп камтама болуп келишкен эле. Анткени ал балдардын алды эр жетип калган.

Буга байланыштуу жакында Оштогу СПИДге каршы борбордо ВИЧ илдеттүү балдар менен психологдор иштей баштаган. Алардын бири Нуржан Жолдошова Ош облусундагы бул илдетке кабылган балдардын 60% дарты угузулганын билдирди.

- Биз балдардын жаш өзгөчөлүгүн, мүнөзүн эске алып, ВИЧ тууралуу өздөрүнө угузуп жатабыз. Мисалы, "бул вирус организмде жүрөт, суюктукта жашайт, сен дайыма дары ичесиң" деп түшүндүрөбүз. Булардын көбү али жаш болгондуктан жыныстык мамиле тууралуу азыраак эле маалымат берүүдөбүз. Ош шаары жана Ош облусу боюнча ВИЧ илдеттүү балдардын 60% өз статусун угушту.

Ош: ВИЧке кабылган эне-бала кодуланат

Ош: ВИЧке кабылган эне-бала кодуланат

Укук коргоочулар ВИЧ-илдеттүү үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү түшүнбөстүктөн улам ажырашып кетерин айтышууда.

ВИЧ менен төрөлгөн балдар илдет тууралуу маалыматты кандай кабыл алганы, мындан кийин кандай кадамдарга барары азырынча белгисиз.

Бул арада эр жетип калган жаштарда үйлөнүү маселеси да пайда болду. Эми дарыгерлер ал илдеттин жайылуусун азайтуу үчүн ВИЧ илдеттүү жаштарды тагдырлаш адамдарга баш кошууга чакырып жатышыптыр.

- ВИЧ менен төрөлгөн балдардын алды 18ге чыгып калышты. Азыр жогорку окуу жайларында окугандары да бар. Алардын айрымдарында үйлөнүү пландары бар. 18 жашка чыккан ВИЧ илдеттүү кыздар да бар. Ошондуктан ушундай вариантты сунуштап жатабыз. Бирок алар өздөрү чечет да. Алардын баарынын башын бириктире турган иш-чараларды уюштура элекпиз. Бирок телефон номурларын бири-бирине берип, байланыштырууга аракет кылып жатабыз.

Бул арада ВИЧ илдетинин Ош облусундагы жана Ош шаарындагы көрсөткүчү да өскөнү белгилүү болду. Оштогу СПИДге каршы күрөш борборунун жетекчи орун басары Сабыр Ташболотов жыныстык жол менен жуккан көрүнүш ийне аркылуу жуккан учурларды артта калтырганын билдирди.

- Миграция көп болуп жатат. Ошондуктан башында баңгизат колдонуучулар арасында ийне аркылуу жуктургандар көп болсо, эми жыныстык жол менен жуккан учурлар алдыга чыкты. Мисалы, акыркы аныкталгандарды карасак, 56% жыныстык жол менен, 39% ийне аркылуу, 6% энеден балага жуккан.

Учурда Ош облусунда 1253 адам, Ош шаарында болсо 1002 жарандын ВИЧке кабылганы расмий аныкталган. Мунун ичинен Ош облусунда 86 адамдан, Ош шаарында 49 адамдан ВИЧ илдети быйылкы 10 айда табылган. Ош аймагындагы ВИЧ илдеттүүлөр колдонгон дарыларга ай сайын 800 миң сомго жакын каражат жумшалат.

ВИЧ талкалаган тагдырлар

Адистер Орусияда маңзат колдонгон баңгилер ВИЧтин тарашынын негизги булагы болуп келгенин, азыр болсо жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алгандардын, кош бойлуу аялдар арасында бул дартка чалдыккандардын саны көбөйгөнүн айтышат.

2012-жылы Юрий аялы Катя экөө кыздуу болуп бактылуу үй-бүлөлөрдөн болчу. Эки айдан кийин дүйнөсү кадимкидей урады. Сыркоолоп калган ымыркайды ооруканага алып келгенде, догдурлар анын ВИЧке чалдыкканын аныкташат. Юрий өзү да кан тапшырып, анда да инфекция табылат. Аялы болсо кош бойлуу кезинде эле вирусту жуктурганын, бирок күйөөсүнө билдиргенден коркконун айтып берет.

Бир айдан кийин кызы чарчап калат. Былтыр болсо 40 жаштагы Юрий Катяны да жоготту. Ал иммунитетин коргогон дары-дармек ичүүдөн баш тартып жүрүп көз жумган.

Сандар азайган жок

Январда Орусияда ВИЧти жугузуп алган бир миллион киши катталган. 2010-жылы мындан эки эсе аз болчу. 1987-жылдан бери өлкөдө СПИДден 200 миңден көп киши каза тапты.

Орусияда ВИЧке чалдыккандар жалпы калктын 1 пайызына жетпесе да, инфекциялангандардын саны өсүп жаткан бир нече өлкөнүн катарына кирет.

Улуттар уюмунун СПИДге каршы мекемесинин маалыматы боюнча, 2015-жылы Орусияда жаңы чалдыккандардын саны 93 миң болсо, калкы эки эсе көп АКШда 2014-жылы 44 миң жаңы учур катталган.

Юрий маркум жубайы вирусту кантип жуктуруп алганын билбейт. Бирок анын таржымалы өлкөдөгү жалпы тенденцияны жакшы сүрөттөйт. Адистер аял менен эркектин жыныстык катнашы аркылуу жуккан учурлардын көбөйүүсүнө бийлик көңүл бурууга тийиш деп эсептешет.

СПИДге каршы Федералдык борбордун директору Вадим Покровский өлкөдөгү кырдаалга дээрлик 30 жылдан бери көз салып келет. Анын айтымында, эпидемия мурда айтылып келген салттуу тобокел топторунун алкагынан чыгып баратат. Башкача айтканда, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, кош бойлуу аялдардын арасында ВИЧти жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Дарыгердин айтымында, былтыр аял менен эркектин жыныстык катнашы аркылуу жуктуруп алгандардын саны ВИЧке чалдыккандардын жалпы санынын 45 процентин түздү. 10 жыл мурда 10 процент болчу.

Себеп болгон жагдайлар

Орусияда маңзаттарды сайынган баңгилер дарттын тарашынын негизги булагы болуп келген. Бул көрүнүш өзгөчө Урал жана Сибирдин өнөр жай шаарларына мүнөздүү болчу. 90-жылдардан тарта Ооганстанда өндүрүлгөн апийим жолу «ВИЧ-тилкесинин» Орусиянын орто аймактарында пайда болушуна шарт түзүүдө.

Покровский өлкөнүн 82 регионунун 15инде кош бойлуу аялдардын 1 процентинен ашууну бул дартка чалдыкканын айтат. Дагы бир эксперттер болсо ВИЧтин Орусияда жайылуу жолдорунда өзгөрүү болду деген ойго кошулушпайт.

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Эгер сизден ВИЧ табылса...

Кыргызстан ВИЧтин жайылуусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болгон өлкө бойдон кала берүүдө.

"Азаттык" радиосуна кат жүзүндө жөнөткөн жообунда БУУнун СПИДге каршы мекемесинин адистери вирусту жуктуруп алгандардын көбүн мурдагыдай эле баңгилер жана алардын түгөйлөрү түзөрүн белгилешкен. Ошол эле маалда бардык догдурлар бул кооптуу ооруга байланышкан абал начарлаганын, кечиктирилгис чара көрүү керектигин айтышат.

Мындай кырдаалдын түзүлүшүн адистер орус коомунда гомосексуалдарга терс мамиле, саламаттыкты сактоо системасынын кемчиликтери, мамлекеттин бейөкмөт уюмдарга кысымы жана логистикалык проблемалар менен түшүндүрүшөт.

Март айында премьер-министр Дмитрий Медведев СПИДдин жайылышын улуттук коопсуздукка коркунуч катары сыпаттап, октябрда болсо ВИЧке каршы стратегияга кол койду. Бирок андагы алешемдиктер да адистердин сынына кабылды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG