Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Дары-дармектен кымырылган миллиондор


№4 төрөт үйү
№4 төрөт үйү

Мамлекеттен дарыга жана медициналык аспаптарды сатып алууга бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысынын бети ачылды.

Бишкек шаардык перинаталдык борборду текшерүү учурунда 7,5 миллион сомдон ашуун акчаны жасалма документтердин негизинде чөнтөккө кымырап келген коррупциялык схема ашкере болду.

Бул ишти жабууга жооптуу кызматкер пара катары милицияга 500 миң сом сунуштаган учурда кармалган.

Эсепчиси эбин тапканда...

Милиция Бишкектин №4 төрөт үйүн текшерүү учурунда ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражатты кымырып алууга ыңгайланышкан коррупциялык схеманы таап чыккан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2013-2014-жылдары 7,5 миллион сомдон ашуун акча жасалма түзүлгөн фармацевтикалык компаниялардын эсебине которулган. Бирок мамлекеттен бөлүнгөн ал акчага дары-дармек жана медициналык аспап сатып алынып, төрөт үйүнүн кампасына түшпөгөнү аныкталган.

2013-2014-жылдары 7,5 миллион сомдон ашуун акча жасалма түзүлгөн фармацевтикалык компаниялардын эсебине которулган.
2013-2014-жылдары 7,5 миллион сомдон ашуун акча жасалма түзүлгөн фармацевтикалык компаниялардын эсебине которулган.

Бул факты боюнча кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу беренелери боюнча иш козголгон. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев ишти жабуу үчүн акча сунуштаган адам кармалганын айтты:

- Мына ушул фактыны текшерүү учурунда аталган медициналык мекеменин жооптуу кызматкери ишти иликтеп жаткан 5-башкы башкармалыктын кызматкерлерине 500 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган учурда кармалды. Ал акча далил заты катары тергөөгө берилип, аны сунуштаган адам камакка алынды. Бул жагдай боюнча дагы кошумча 314-беренедеги кылмыш белгилерине ылайык иш козголду.

Кабары да, жоопкерчилиги да жок

Бирок Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы өзгөчө ири өлчөмдө акчаны кымтып алуу схемасынын башында турган медициналык мекеме жетекчилигинин жоопкерчилиги туурасында маалымат тараткан жок.

Дары-дармек сатып алуу үчүн тендерлер кандайча уюштурулганы да белгисиз. Ошондуктан бул коррупциялык схеманын башында турган тарап азырынча жоопкерчиликтен сырткары калууда.

№4 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Бурул Алмазбекова буга катышы жок экенин айтып, тергөөдө башкы эсепчи ишти мойнуна алган көрсөтмө бергенин кошумчалады:

- Тергөө жүрүп жатат. Бул иш 2010-жылдан бери болгон экен. Ага менин эч кандай тиешем жок. Ошого байланыштуу документтер кандайча туураланганы боюнча мен эч нерсе билбейм. Кармалган эсепчи бул ишке башкы дарыгердин катышы жок деген көрсөтмө берди. Ошондуктан жеке менин бул ишке байланышым жок экенин дагы бир жолу ырастайм.

Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын айткан эле.
Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын айткан эле.

Учурда тергөө бул ишке байланыштуу ал медициналык мекеменин же Саламаттыкты сактоо министрлигинин кандай жооптуу кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин жашыруун сыр кылууда. Ошентсе да талдоочулар арасында мындай ири коррупциялык схема жогору жактын көрсөтмөсүз болуусу мүмкүн эмес деген түкшүмөл бар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Салтанат Молдоисаева бул тармакты тартипке келтирүү иштери жүрүп жатканына токтолду:

- Бул боюнча атайын иш башталган. Дары-дармектердин улуттук маалымат базасы түзүлөт. Анан дары-дармектерди сатып алууну мындан ары электрондук негизде жүргүзүүгө өтөбүз. Бул тармакты тартипке келтирүү боюнча чоң долбоорлор жакын арада ишке киргени турат.

Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ооруканалар менен төрөт үйлөрү дарыны беш эсе кымбат баада сатып алып жатканын айткан эле. Мунун кесепетинен мамлекет казынасы жылына миллиондогон сомдук каржылык зыян тартып жатканы белгиленген болчу.

XS
SM
MD
LG