Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Капилет өчкөн жарык дарыгерди карайлатты


Профессор Калдарбек Абдраманов операция учурунда.
Профессор Калдарбек Абдраманов операция учурунда.

Узаган апта соңунда интернеттеги социалдык тармактарда жүрөк хирургу, профессор Калдарбек Абдрамановдун Фейсбуктагы өздүк баракчасында ооруканада жарык өчүп, врачтар операцияны чөнтөк телефондун жарыгы менен улантууга мажбур болгону жөнүндө тасма жарыяланган. Бул видео эл аралык медианын да көңүлүн өзүнө бурду.

Өлкөдөгү оор энергетикалык кырдаал ооруканаларга да өз таасирин тийгизүүдө дешет адистер. Жалал-Абад шаарындагы Аймактар аралык жүрөк, кан тамыр хирургиясы борборунда 23 жаштагы кыздын жүрөгүндөгү үч клапанды алмаштырып жатканда болгон окуяны операцияны жетектеген профессор Калдарбек Абдраманов “Азаттыкка” айтып берди:

- Бул операциябыз 8-октябрь күнү болгон. 23 жаштагы оорулууга өтө татаал операция жасап атканбыз. Жүрөгүндөгү үч клапанды алмаштыруу керек эле. Үчүнчү клапанын желим менен жамоо керек болчу. Операциянын ортосуна жетип, акыркы клапанды тигип жатканда жарык өчүп калды. Эми мындай окуялар кыргыз догдурлары үчүн адаттагы эле көрүнүш. Бирок операция учурунда свет өчкөнү бизди аябай бушайманга салды. Токтоп калбай чөнтөк телефондордун жардамы менен операцияны улантууга мажбур болдук. Муну биз этибарга деле алчу эмеспиз. Пландалган өчүрүүлөр болгондо светчилер бизге айтып турушат. Бирок бу жолу капыстан эле өчүп калды. Бирөөлөр атайылап өчүрдү дегенден алысмын, балким кокустук болгондур.

"Азаттык": Жүрөк операциясын кыла турган оорукана, кардиологиялык бөлүм же төрөткана дейли, мамлекеттин стратегиялык объектиси эмеспи. Жалпы жарык өчсө да кошумча кубаттуулук берчү атайын генераторлорду сатып берүү маселеси каралган эмеспи?

- Бул багытта атайын токтом менен акча бөлүнбөйт да. Ооруканалар албетте, мамлекеттин стратегиялык объектиси, мындай жайларда жарык күнү-түнү өчпөшү керек. Кошумча энергия берчү генераторлор болушу керек. Тилекке каршы, Кыргызстандын көп эле жерлеринде мындай шарттар каралган эмес. Ал тургай жакында эле Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасы чет элдик донорлордун жардамы менен генератор таап, бирок мамлекет тарабынан аны койдурганга акча каралбай жатканы да ММКда айтылды. Ооруканаларга дары-дармек алып бергендей эле генератор да алып берүү керек да. Кыргызстанда жүрөккө операция жасоочу эки гана борбор бар. Бири Бишкекте, экинчиси Жалал-Абадда. Эми биздикиндей опурталдуу оорулуулар жаткан жайларда кошумча генератор болуш керек деп ойлойм. Бул маселени мурдагы министрлерге деле коюп келгенбиз. Бирок жаман көрүнгөндөн башка натыйжа ала албадык.

"Азаттык": Ошол операция учурунда жарык өчкөндө кандай абалда калдыңар? Кантип улантып кете алдыңар? Улантпай токтото турууга болбойт беле?

- Эми албетте, бул жөнөкөй операция эмес да. Жүрөктү ачып алып иштегенде жүрөк токтоп турат да. Эки-үч саатка чейин токтойт. Жасалма жүрөк же кан айландыруучу аппаратыбызды жарык өчкөндө эки догдур колу менен айландырып турду. Ошол аппарат токтоп калганда операциядагы догдурлардын тобунун акыбалын элестетип көрүңүз. Мындайды душманыбызга да каалабайм. Операция үстөлүндөгү жаш кыз турабы, турбай калабы деген коркунуч жаралды да.

"Азаттык": Азыр ал оорулуунун акыбалы кандай? Жарыктын капилет өчүшү саламаттыгына терс таасир этпедиби?

- Кудайга шүгүр, эми жанагындай жарыктын өчүшү жалпы саламаттыгына залакасын тийгизди. Бирок азыр жакшы болуп калды.

"Азаттык": Чоң рахмат, Калдарбек мырза. Мындан кийин эч качан операция учурунда жарык өчпөсүн.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG