Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Сарыбаев: жүрөк оору менен төрөлгөн балдар маселеси курч


Кытайлык дарыгерлер Бишкекте 3 жаштан жогорку курактагы тубаса жүрөк оорулуу балдарга бычаксыз операция жасап жатышат.

Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиcинин орун басары Акбай Сарыбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бычаксыз жүрөккө операция кантип жасалат? Кечээтен бери канча балага жардам берилди?

Акбай Сарыбаев: Билесиңер, кечээ балдарды коргоонун эл аралык күнү болгон. Биздин кесиптештер Кытайдын “Хебей” провинциясынан келген. Профессор Ван өзүнүн тобу менен келип, кайрымдуулук ирээтинде скальпельсиз операцияларды кечээ баштадык. Мындай операциялыр жаңы ыкма, бийик технологияга кирет. Жүрөк хирургиясында ноу-хауга кирет.

Бул операция скальпельсиз өтөт. Буттун өйдө жагындагы кан тамырга бир ийне сайылып туруп катетер киргизилет. Катетер кан тамыр менен жүрөккө барат. Анын баары рентген аппаратынын көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Ал жүрөктүн кемтик жерине барып туруп жүрөккө жамаачы салынып калат. Анан кайра катетер чыгып кетет. Бул операциядан кийин эртеси күнү эле балдар чуркап үйүнө чыга берсе болот.

“Азаттык”: Ушундай операция канча балага жасалды?

Акбай Сарыбаев: 16 балага операция жасадык. Биз жалпысынан 35-40 балага жардам берели деп жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстанда тубаса жүрөк оорусунан жабыркаган балдарга байланыштуу жалпы абал кандай?

Акбай Сарыбаев: Тубаса жүрөк оору - бизде чоң проблема. Анткени тоолуу аймак болуп жатпайбызбы. Ошондуктан башка жерлерге караганда бизде тубаса жүрөк оорусу менен төрөлгөн балдар 4-6 эсе көп. Эң жаман нерсеси, ушундай оору менен жабыркаган балдардын жарымы 1 жашка чыкпай чарчап калат. Ал эми калгандары дарыланбаса, тубаса кемтигин бүтөбөсө майып болуп калышат.

“Азаттык”: Балдар тубаса жүрөк оорусу менен төрөлбөшү үчүн эмне кылуу керек? Алдын алса болобу?

Акбай Сарыбаев: Бул дагы педиатрлардын чоң проблемасы болуп жатат. Бизде дагы бир проблема бар – бул энелердин жана балдардын өлүмү. Тубаса жүрөк оорулуулар аз болушу үчүн ата-энелер өзүн жакшы сактап, алып жүрүшү керек. Алардын тамак-ашы, өзүн алып жүрүшү жакшы болуп, ден-соолугуна көп көңүл бурушу керек. Тамеки тартпашы керек. Тамак-ашында витаминдер, жашылча-жемиштер көбүрөөк болушу керек. Энелер боюнда бар кезинде сасык тумоо оорусунан сактанышы зарыл. Убагында эмдөөлөрдөн өтүшү керек.

“Азаттык”: Кытайдан келген дарыгерлер ушуну менен Кыргызстанга төртүнчү жолу келип жатышкан экен. Бул ирээт балдарга операция гана жасашпастан, сиздерди да окутушат экен. Алар сиздерге эмнелерди үйрөтүшөт?

Акбай Сарыбаев: Эртең бизде Кыргызстандын терапевттеринин курултайы өтөт. Ошол убакта кытайлык дарыгерлер биздин кардиохирургдарга дарс окушат. Бирок андан сырткары мастер-класс өтүшөт. Окутуп гана койбостон биздин кардиохирургдар менен кошо операция жасашат.

Дагы бир нерсени айтып кетейин, 10 жылдан бери биздин борбордо ушундай операциялар жүрүп жатат. Бизде да тажрыйба көп, ушундай ыкма менен 300дөй операция жасадык. Бирок Хебей провициясынан келген профессор Вандын тажрыйбасы бизге караганда жогору. Анткени ал өзү эле 5 миңдей операция жасаган.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG