Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

Дарылар дайыма эле даба болбойт


Дарыкана текчеси
Дарыкана текчеси

2015-жылдын 6-январында Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Рыскелди Садыбакас уулу сасык тумоолоп калып, сатуучунун кеңеши менен дарыканадан "Терафлю" дарысын алып ичкен.

Сыркоолоп аткан бала дарыны ичери менен көздөрү кызарып, шалдырап, денесинде кызыл тактар пайда боло баштаган. Окуяны Рыскелдинин бир тууган агасы Асылбек Садыбакасов «Азаттыкка» мындайча айтып берди:

- Жолдоштору Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасына алып барып жаткырган экен. Аны бизге да айтышкан эмес. Ал жактагы дарыгерлер Рыскелдиге кызылча илдети деп диагноз коюп, дарылай башташыптыр. Бирок мындан абалы огобетер начарлаган. Палатада чогуу жаткан балдар күмөн санап, медайым, дарыгерлерге айтышкан. Лайелл синдрому болгон кишиге "парацетамол" сыяктуу дары сайбаш керек экен. Ал организмди кайра талкалайт тура. Бирок дарыгерлер кызылчага карата дарылоону улантып, Рыскелдинин абалы оорлоп кеткен.

Лайелл синдрому негизинен антибиотик сыяктуу дарылардан улам адам организминде пайда болгон аллергиянын эң оор түрү. Негизги белгилери: дене табы көтөрүлүп, дененин ар кайсы бөлүгүндө кызылча же кызамыктыкына окшош жаралар пайда болот. Бирок алар улам чоңоюп, тери сыйрылып, жыдып түшө баштайт.

"Жүрөк, боор, ичеги-карын органдары да бул синдромдон жабыркап, эзилип түшүшү мүмкүн", - дейт медицина илимдеринин доктору, профессор Анархан Надирова:

- Лайелл синдрому илгери Никольский синдрому деген ат менен белгилүү болчу. Негизинен кандайдыр бир дарыдан улам пайда болгон аллергиянын абдан оор формасы. Бир нече сааттын ичинде эле адамдын ички органдары, ичеги-карыны эзилип түшөт. Мындан айыгуу абдан кыйын. Айыгып чыккан күндө деле адам майып болуп калат.

Лайелл синдрому диагнозу коюлгандан кийин Асылбек мырзанын айтымында, Рыскелдини Бишкек шаардык жугуштуу оорулардын ооруканасында бир нече күн кармашып, дарыгерлер убакытты созушкан. Тийиштүү адис догдурларды да бейтаптын туугандары өздөрү издеп табууга мажбур болушканын кошумчалайт бейтаптын агасы:

- Анан 7-январь түнү реанимацияга жаткырышыптыр. Эртеси биз чыгарып бергиле десек, болбой коюшту. Ал жактагы догдурлар биз тийиштүү дарылоону жүргүзүп, тамчылатма дары куюп жатабыз, тааныш дарыгер тапкыла деп туруп алды. Эми ушундай катуу бейтап болгондо Саламаттыкты сактоо министрлигинде эмнеге өзгөчө кырдаал түзүлүп, дарыгерлер кеңешмеге топтолбойт? Ушуну түшүнгөн жокмун. Биз тааныш дарыгер таап келгиче абалы улам оорлой берди. Акыры тааныш доктурдун жардамы менен Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө котордук.

Азыр Рыскелдинин акыбалы күндөн күнгө жакшы болуп баратат. Бирок ага куюлуп жаткан кан препараттары жана дары-дармек өтө кымбатка тургандыктан коомчулуктан жардам сурап кайрылууга аргасыз болушууда. Бейтапка эмне үчүн туура эмес диагноз коюлганын, аны дарылоодо кеткен мүчүлүштүктөрдү сурап, Жугуштуу оорулардын ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге кайрылдык:

- Биринчи эле күнү түшкөндө Лайелл синдрому менен ооруп жатканын тигил бала айткан эмес. Азыр шаарда кызылча оорусу күчөп жатпайбы. Биздин адистер ошол кызылчага каршы эле дарылап жатышкан. Экинчи күнү анан "Терафлю" дарысынан үчтү удаа ичкенин айтып, оорусу аныкталган. Анан биз дароо дерматолог, токсикологдорду чакырып, башка ооруканага котордук. Бирок эгерде биздин ооруканага келбесе, же биз башка жакка жиберсек, анда баланын акыбалы азыркыдан да оор болмок деп ойлойм.

Дарыканаларда эмнеге мынча көп дары көзөмөлсүз сатылып жатканы тууралуу сурообузга Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Анарбүбү Ешхожаева мындай жооп берди:

- Дары тармагы азыр толугу менен жеке менчик ишкерлерге өткөрүлүп берген. Андыктан мамлекет азыркы дарыканалардагы миӊдеген дарылардын баарын текшерип, көзөмөлдөй албайт. Эгерде дарыканалар мамлекеттин карамагында болсо, анда өлкөдө дары да болмок эмес. Адамдар жеке саламаттыгына жоопкерчилик менен карап, ар бир дарыны доктурдун гана жолдомосу менен ичсе жакшы болмок.

Вируска каршы эл арасында кеңири сатылган "Терафлю" дарысы Кыргызстанга Швециянын "Новартис" компаниясынан Орусия жана Казакстан аркылуу келет. Азыр дарыканаларда чаржайыт сатылган дары-дармекти иргеп, тандоодо адамдар сөзсүз түрдө иче турган дарысынын терс таасири тууралуу алгач билип алса жакшы болорун, бирок азыр сатыктагы дарылардын таасирин билдирген жазуулар өтө майда жана орус тилинде болгондуктан, эл аны туура колдонууну түшүнбөй жатканын белгилейт профессор Анархан Надирова.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG