Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Эболанын эпкини менен байыгандар


Либериядагы вирусту жуктургандар.
Либериядагы вирусту жуктургандар.

Америка Кошмо Штаттарында эбола вирусун жуктурган адамдар каттала баштагандан бери жугуштуу оорулардын алдын алуучу дары-дармек, беткап сыяктуу нерселердин соодасында өсүш байкалды.

Адистер жугуштуу илдеттерге каршы колдонулуучу дары-дармекти соодалоо акыркы бир нече күндө эле 20 процентке жогорулаганын айтышууда.

Америкада жашаган Дэвид Скотт аттуу жеке ишкер жугуштуу оорулардан коргоочу атайын дары-дармек, медициналык беткаптан турган баштык чыгарып, аны эки жылдан бери соодалай албай убара тартып жаткан. Бир даанасы 150 доллардан турган бул баштык Далласта бир кишиге эбола вирусунун диагнозу коюлары менен үч күндүн ичинде сатылып бүттү. Баштыктын ичинде беткап, көздү коргоочу айнек, колкап жана биозаттарды салуучу желим каптар бар. Дэвид Скот эми мындай баштыкты өндүрүүнү массалык түрдө баштаарын кабарлады дейт Bloomberg телеканалы.

Батыш Африкадагы эбола вирусу жайылгандан бери жеке эле Скотту эмес, дүйнө жүзүндөгү бир топ медициналык товарларды сатуучуларды байытууда. Жугуштуу илдеттен коргонуучу желим колкап, хирургиялык беткап жана желим кийим-кечектер интернет базарда эң көп соодаланган товарлардын көч башына чыкты.

Чыгыш Африкада жети жарым миң киши эболаны жуктуруп, жарымынан көбү каза тапты. Далластын медицина кызматы бир нече күн мурда 50 киши бул илдетти жуктурду деп шектелип, карантинге алынганын кабарлаган.

Уилмингтон шаарындагы DuPont Co ишканасынын желим кийимдери 125 АКШ доллары турганына карабай, бир сутканын ичинде эле Amazon веб сайты аркылуу сатылуусу 223 процентке жогорулаган деп кабарлайт New York Times. Американын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору илдеттен сактануу үчүн желим колкап, көз айнек, беткап жана суюктук кирбей турган кийимдерди сунуштоодо.

Американын 3M Co. компаниясынын 22 доллардык дем алуучу беткаптары, колго сүйкөгөн санитардык гелдеринин сатылуусу бир нече күндүн ичинде эле 20 процентке жогорулады. Мындан тышкары Америкада “Эболадан аман калуу боюнча колдонмо”, “Дүйнөдөгү эң оор жугуштуу оорулардан коргоочу дарылардын тизмеси” деген сыяктуу китептердин соодасы 49 процентке көтөрүлгөн.

Кыргызстанда эбола илдетин алдын алуу үчүн эл аралык аба майдандарында жана көзөмөлдөөчү пункттарда тийиштүү иш-чаралар көрүлүүдө жана кооптонууга зарылчылык жок. Мындай пикирин Мамлекеттик санитардык кызматтын Өзгөчө кооптуу карантиндик ооруларды көзөмөлдөө департаментинин директору Нурболот Үсөнбаев билдирди. Мындан бир нече жыл мурда куш тумоосу жана чочко тумоосу сыяктуу ооруулар учурундагыдай эле эгерде бул вирусту жуктурган адам тууралуу Кыргызстанда маалымат чыкса, базар шартында беткап, дары-дармектер кымбаттап кетиши толук мүмкүн экенин Үсөнбаев "Азаттыкка" билдирди:

- Дары-дармек же беткап сыяктуу нерселер кымбаттап калышы мүмкүн. Биз эми базар экономикасынын шарты менен жашап жатабыз да. Талап көп болсо дарыканаларда керектүү нерселердин баасы да көтөрүлүп кетет, тартыштык да пайда болот. Эболага байланыштуу айтсак, азыр эми кандайдыр бир паникага алдырып, дары-дармек сатып алууга кажет жок. Биз азыр Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги менен тыгыз иш алып барып, Африка өлкөлөрүнө барып-келип жаткан кишилер тууралуу толук маалымат алып турабыз.

2005-жылы дүйнөдө куш тумоосу илдети кулач жайганда Швейцарияда чыккан Тамифлю дарысынын соодасы жогорулап, 214 миллион доллардык Тамифлю сатылган. Бул дарыны чыгарган Roche ишканасынын жалпы кирешеси үч айдын ичинде эле 8,8 миллиард швейцар франкына көтөрүлгөн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму куш тумоосун жалпы пандемия деп жар салгандан кийин Roche компаниясы жылына 100 миллион капсула дары чыгарып, дүйнөдөгү эң ири дары компаниясына айланган. Дүйнөлүк деңгээлдеги куш тумоосу, чочко тумоосу жана эбола сыяктуу пандемиялар жөнөкөй элдин чөнтөгүнө сокку ура турган чоң фактор болушу мүмкүн дешет Bloomberg маалымат каналынын бизнес аналитиктери.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG