Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

БУУ: Эбола коркунучу дүйнөлүк деңгээлге жетти


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши бейшемби күнү резолюция кабыл алып, Батыш Африкада Эбола вирусу дагы эле жайылып жатышын эл аралык коопсуздук үчүн коркунуч деп атады. Анда эл аралык коомчулук бул эпидемия менен биргелешип күрөшүүсү керектиги айтылат.

Эбола эпидемиясы тууралуу маалымат быйыл март айында чыга баштаган. Соңку кабарларга караганда, азыр бул илдеттен жабыркап жаткандардын саны 5 миңден ашты. Ал эми айыга албай көз жумгандар - 2600 киши. Абал Гвинея, Сьерра-Леоне, Либерия, Сенегал жана Нигерияда оор.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ооруну жаңы жуктуруп алгандардын саны азайбай жатат. Азырынча Эболага каршы илимий жактан толук тастыкталган вакцина да, айыктыра турган дары да жок. (RK)

XS
SM
MD
LG