Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Эки мекемени айтыштырган жемкорлук айыбы


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы менен Транспорт жана жолдор министрлиги коррупция боюнча дооматтын айынан кайым айтышып жатат.

Өткөн аптанын этегинде аталган кызмат кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" салмак өлчөөчү бекетинин "бир катар жооптуу кызматкерлери мыйзамсыз иштерге барган, анын натыйжасында өлкө казынасына ири өлчөмдөгү зыян келген" деп маалымдаган.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул дооматты дароо төгүндөп билдирүү тараткан. Эки мекеменин коррупцияга байланыштуу ачык кайым айтышы коомчулуктун сынына кабылды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы 2017-жылдын биринчи кварталында "Чалдыбар" өткөрмө бекети аркылуу өткөн унаалар боюнча маалыматтарды текшерген. Анда Салык кызматы менен Транспорт министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин документтери иликтенген.

Натыйжада ортодон 1300гө жакын унаа айырма чыкканы айтылып, мунун айынан 225 миң сомго жакын чыгым келген деген корутунду чыгарылган. Ошондой эле бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Транспорт жана жолдор министрлиги коррупция боюнча дооматты төгүндөп жатат. Аталган министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун билдиришинче, "Чалдыбар" өткөрмө пункттун айланып өткөн бар канча жол бар. Кирип-чыккан жүк ташуучу унаалардын саны эч качан бирдей болбойт:

- Кара-Балта шаары менен ошол бекеттин ортосу 26 чакырым. Ушул аралыкта бекетти айланып өтчү 4-5 жол бар. Өлчөнгөн салмак боюнча мыйзам бузгандар, акча төлөбөй тургандар болсо, алар ошол жолдор аркылуу өтүп кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан мунай иштетүүчү базадан чыккан унаа жана салмак өлчөөчү пункттан өткөн унаалардын ортосундагы сан дал келбей калышы мүмкүн. Экинчиден, ал жерден 19 тоннага чейин жүк жүктөгөн транспорттор да өтөт. "Гигант" деген кичи автобустар бар. Алар жүк ташуучу унаа катары саналганы менен жүгүнүн салмагы 19 тоннадан ашпайт. Бирок ушундай унаа өттү деп каттала бериши мүмкүн. "Чалдыбар" бекетинде 19 тоннадан ашык жүк алып бараткандар гана катталат.

Эконономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Транспорт жана жолдор министрлигинин бул түшүндүрмөсүн "аң-таң калуу менен кабыл алганын" жарыялады. Ошондой эле министрликти "коррупция менен күрөшүүнүн ордуна негизсиз актанып, чындыкка коошпогон маалымат менен коомду чаташтырып жатат", деп айыптады.

Айтор эки мамлекеттик мекеменин коррупция боюнча айтылган дооматтын айынан кайым айтышканы коомчулукта сынга кабылды. Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев мындай талаштуу жагдайды атайын комиссия иликтеши керек деген пикирде:

- Керек болсо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын, өкмөттүн, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин өкүлдөрүн кошуп атайын комиссия түзүп, бир канча күн күнү-түнү мониторинг жасоо керек. Себеби кырдаал өзгөрүп турат. Мисалы, биз мурун Бишкек-Нарын-Торугартты түзгөндө адегенде жакшы акчалар түшкөн болчу. Бирок кийин эле Бажы кызматынын ошол кездеги жетекчилери сүйлөшүп алдыбы же кандай, түшкөн акчалар аябай, эки-үч эсе азайып кеткен. Ошондо биз атайын текшерүү жүргүзүп андан көбүрөөк акча түшүшү мүмкүн экенин аныктаганбыз. Бул жерде деле талаш-тартыштын жыйынтыгын текшерүү көрсөтөт. Эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы деле жөн жерден айтпайт да. Бирок айткандарын далилдеш керек, келгиле, комиссия түзүп чогуу иликтеп чыгалы деши керек. Азыр эми экөө тең өз чындыгын айтып тура берет да.

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов коррупция боюнча доомат уккан мекеме актануунун ордуна чара көрүшү керек деп эсептейт:

- Транспорт министрлиги болобу же башка министрлик болобу, эгер ага караштуу бөлүмдө кемчиликтер болсо, аны актаганга аракет кылат. Бирок алар бул маселеге башкача караса болмок. Анткени Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Чалдыбарда" ушундай коррупциялык жагдайлар болуп жатат деп өзүнүн жүйөлүү дооматтарын айтты. Транспорт министрлиги өздөрү ич ара териштирип, күнөөсү барларды жоопко тартышы керек болчу. Алардын баары сонун, проблема жок дегени туура эмес көрүнүп жатат. Азыр эми баары эле коррупция менен күрөшүп жатат, бирок көп жерде азайбай эле тескерисинче көбөйүп жатат.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева болсо мамлекеттик мекемелер чогуу иштебей жатканын сынга алды жана бул чатакты кесипкөйлүктүн жоктугу деп сыпаттады:

- Бул жаатта мекемелердин ортосунда биргелешип иштөө боюнча көйгөй бар. Айрыкча координациялоо боюнча сөз кылса болот. Эгере бул кызмат өзүнүн фактыларын берип атса, коррупция боюнча иштер болуп атса, анда бул жөн эле кайым айтыш менен токтобошу керек. Тиешелүү органдар менен биргеликте тез арада тергөө иштери жүрүшү керек. Эки органдын айтышы коомчулукка чыкканы туура эмес. Тергөө иштерин жүргүзүү боюнча так эрежелер бар. Бул болгону кесипкөйлүктүн жоктугун гана көрсөтүп жатат. Координациядан мурун да кесипкөйлүктүн жетишпегенин далилдеп жатат. Бүгүнкү күндө кадр маселесинде профессионалдуулуктун жоктугу бир топ залакасын тийгизип жатат.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы 2016-жылы 900дөй кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке келген зыян 3 миллиард сомго жакын деп эсептелген.

Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Ал арада Салык кызматы “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалардын дээрлик жарымынын иши салык мыйзамдарын бузуу менен уюштурулганын аныктап чыкты. Бул тууралуу 5-июнда Салык кызматынан кабарлашты.

Жыл башынан бери 31-майга чейин жүк ташууларды эсепке алуу журналына күйүүчү май ташыган 5,5 миң унаа жана башка жүк менен 4 миңден ашуун автоунаа катталган.

Ар кандай жүк ташыган автоунаалардын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 2 миңдейине, башкача айтканда 47% карата патент, салык төлөө маселелерине байланыштуу акт түзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG