Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:26

"Азаттык" "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду берген насыяга алганы жаткан вагондордун баасы, тендерди казакстандык «ЗИКСТО» компаниясынын утуп алышы боюнча жагдайларды иликтеди.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүк ташый турган 12-132 үлгүсүндөгү 150 вагон сатып алганы жатат. Аталган ишкана март айында 435 миллион сомдук тендер жарыялаган.

Тендерди "ЗИКСТО" утту

Ага төрт компания: Казакстандагы "ЗИКСТО", Орусиянын "СТМ групп", Беларустун "БелАЗ" жана Кытайдын CN Croup ишканалары катышты жана тендердин жыйынтыгы 23-майда жарыяланды.

"Кыргыз темир жолунун" Материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Калыбек Касымалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, анда кытай компаниясы арзан бааны көрсөткөнү менен алар сунуштаган вагондордун талапка жооп бербей турганы аныкталган. Жыйынтыгында тендердик комиссия "ЗИКСТОну" жеңүүчү компания деп тапкан:

- Кытай компаниясы биздин бир дагы квалификациялык талапка жооп бербейт экен. Бизде конкурстук арыздын кепилдиги деген термин бар. Ага ылайык, тендерге катышардан мурда акча төлөйт. Алар ошол акчаны дагы төлөгөн эмес. Эгер ал компания буга чейин вагон сатып иштеп жүрсө, ошол келишимдердин көчүрмөсүн тиркеши керек эле. Анан алар күмөн жарата турган келишимдерди тиркептир. Биз ошолордун бардыгын Каржы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулар департаментине текшерип бергиле, бизде ушундай күмөн жаралып жатат деп бергенбиз. Департамент карап жатат, жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Тендер боюнча "Идис-Аудит Консалтинг" компаниясы көз карандысыз аудит жүргүзгөн жана тендердик комиссиянын корутундусу туура болгон деген тыянак чыгарган.

Бир вагондун баасы 2,9 миллион сом

Орусиядагы "Уралвагонсервис" ишканасы 12-132 үлгүсүндөгү вагондун баасын 1 миллион 650 миң рубль деп көрсөткөн
Орусиядагы "Уралвагонсервис" ишканасы 12-132 үлгүсүндөгү вагондун баасын 1 миллион 650 миң рубль деп көрсөткөн

"Кыргыз темир жолунун" Материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Калыбек Касымалиевдин маалымдашынча, келишимдин долбоору даяр болсо эле "ЗИКСТО" менен кол коюлмакчы:

- Бүгүнкү күндө жумушчу топ түзүлүп келишимдин долбоорун даярдап жатат. Буюрса келишимдин долбоору даяр болсо "ЗИКСТО" ачык акционердик коому менен келишим түзөбүз. Биз Орусиядагы вагон чыгарган заводдорго мониторинг жүргүзүп, баарынан коммерциялык сунуш алганбыз. Ошолордун баарынын ортоңку баасы чыгарылган. Орусиядагы "Уралвагонзавод" өңдүү беш-алты заводдун бааларын алдык. Ошолордун ортоңку баасын алып 2,9 миллион сом деп койгонбуз. Негизи баалары 2 миллион 850дөн 3,2 миллион сомго чейин экен. Бизге туура келген моделдин баасы 2,9 миллион сом болот экен. Анын ичине жолкиреси, Жалал-Абаддагы станцияга чейин жеткирип берген чыгымы да кирет.

Касымалиев "ЗИКСТО" вагондордун маанилүү бөлүгүн, тетиктерин орусиялык заводдордон алып курай турганын ырастады жана "Уралвагонзавод" өңдүү вагондорду баштан-аяк жасай турган ишканалар эмнеге тендерге катышпай калганынын себебин түшүндүрдү:

- Биз тендер жарыялаганда баарына кат түрүндө чакыруу бергенбиз. Ушундай тендер жарыяладык, катышкыла, биз сиздер менен иштешет элек дегенбиз. "Уралвагонзавод" катышкан жок. Азыр Казакстандын компаниясы утту. Бирок вагондун, мисалы, чиркегич өңдүү маанилүү бөлүктөрүн күчтүү гана заводдор чыгара алат. Алар ушул чиркегичти орусиялык заводдон алат, калгандарын өздөрү жасайт. Калган бөлүктөрүн жасаганга сертификаттары, мүмкүнчүлүгү бар. "Уралвагонзавод" биз быйыл андай үлгүдөгү вагондорду жасабайбыз, башка ири буюртмабыз бар, ошол модель менен иштейбиз деп жооп берип койгон, бизде алардын ошондой каты бар.

Анткен менен "Кыргыз темир жолу" "ЗИСТОдон" алганы жаткан вагондордун баасы кыйла жогору дегендер да бар.

"Коом коррупцияга каршы" коомдук бирикмесинин төрагасы Манас Кадыровдун эсебинде, мындай вагондордун ар бирин кеминде 10 миң долларга арзаныраак алса болот:

- Ар бир вагон 42 миң 477 долларга алынып жатат деген маалымат чыгып жатат. Бул так маалымат экенин мен тастыктай албайм. Бирок ага ишенсек, анда бул абдан кымбат баа. Кээ бирлер бул модификацияланган вагон деп айтып жатышат. Андай болбойт. Бул деген жеңил машина эмес да. 12-132 деген моделдеги көмүр ташый турган вагондор. Алардын өзүнүн модификациясы болот. Салмагы дагы аныкталат. Эгер вагондун модификациясы алмаша турган болсо, анда сандары дагы алмаша баштайт. Бул 12-132 деген моделдердин баасын ачык маалыматтардан карасаңар, мисалы, Орусияда дүң эмес, бирден сатып алганда 31 187 доллар деп турат. Эгер 50 вагондон ашык сатып алса, анда ал дүң соода деп эсептелет. Биз болсо 150 вагон сатып алганы жатабыз. Ортодогу айырма 11 миң долларга чейин жетип атат. Бул Кыргызстан үчүн өтө ири мамлекеттик сатып алуу, чоң кыймыл-аракет. Советтер Биримдиги кыйрагандан кийин биринчи жолу сатып алынып жаткан вагондор. Бизде ушундай бир чоң мамлекеттик сатып алуу болордо эле эмнегедир кандайдыр бир нерселер байкалат. Биз бул акчаны Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан карызга алып жатабыз. Бул "Кыргыз темир жолу" таап койгон акча эмес. Бул ишкана табигый монополист, биздин мындан башка темир жолубуз жок. Бардык эле жүк темир жол аркылуу келет. Темир жол акча таба турган мекемелердин бири. Дайыма эле киреше таап келебиз деп айтышат, бирок өкмөттөн жардам сурашат.

Манас Кадыров вагондорду ташып келүүгө кеткен чыгым дагы бул баага кошулганын сынга алды:

- Биз ЕЭАБге кирдик. Биз италиялык вагон сатып алып жаткан жокпуз. Кадимкидей эле, орусиялык вагондорду алып жатабыз. Анан ал эч кандай төлөмсүз эле кирет. Жолго кеткен чыгым боюнча эми темир жолдор ортосунда ар кандай келишимдер бар. Ошол келишимдер аркылуу деле биз бири-бирибизге кызмат көрсөтүү ыкмасы менен ал вагондорду акча төлөбөй алып кирсек болот. Мисалы, кээде башка темир жолдордун администрациялары деле бизден суранып калат. Бул жерде "груз на своих осях" (бош вагон катары чиркелме) деген түшүнүк бар. Муну темир жолчулар деле билет. Биз ушул жол менен вагондорубузду Ташкентке алып барып оңдотконбуз. Вагондорду ушул жол менен деле алып келсе болот. Азыр ортодон чыгып жаткан 11 миң доллар акчанын коррупциялык түзүмү бар деп эсептейм. Жалпы алып келгенде бир топ акча желип кетип жатат. Ушул акчага биз 150 эмес, 200дөн ашык вагон алмакпыз.

"Азаттык" дагы интернеттеги ачык булактардан 12-132 үлгүсүндөгү вагондордун баасына кызыкты. Мисалы, аталган вагон чыгарган заводдун түз ташыган "Уралвагонсервис" крмпаниясы бир вагондун баасын 1 миллион 650 миң рубль деп көрсөткөн.

Вагон сапатын тез жоготобу?

Анткен менен "Кыргыз темир жолунун" материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Калыбек Касымалиев вагондордун баасы кымбат эсептелген деген дооматты четке какты. Баанын кымбаттыгын аталган ишкана быйыл, мындан бир-эки ай мурун эле чыккан вагондорду алганы жатканы менен түшүндүрдү:

- Ар кандай болуп вагондорду арзан көрсөтө берет. Ал вагон, мисалы, бир жыл мурун, былтыр 2016-жылы чыгып калган болсо, анда анын баасы кыйла түшүп кетет. Бизге жадагалса 2016-жылы декабрда чыккан вагондор да болбойт. Темир жолдун талаптары бар. Мисалы, 2016-жылы чыккан вагон керектүү мөөнөттө жүрбөй эле капиталдык ремонтко кириши керек болуп калат. Капиталдык ремонтко ошол вагондун баасынын жарымы жумшалат. Ошондой ремонтторго кирип калбашы үчүн бизге кечээ эле чыккан жаңы вагондор керек. Заводдон чыгаары менен айдалбай турса деле мөөнөтү өтө берет, баасы түшө берет. Темир жолдун талаптары ушундай. Чиркегичтин дөңгөлөктөрү, дагы башка тетиктери мөөнөтү өткөн сайын сапатын жоготот. Вагон жаңы чыккандан кийин 15 жыл өткөндө капиталдык ремонт кылуу керек. Мисалы, бүгүн чыкса, мөөнөт бүгүнтөн тартып эсептелет. Заводдо үч жыл туруп калса, мындай вагонду сатып алган тарап аны 12 жылдан кийин эле ремонт кылышы керек. Үч жыл ичинде бул вагон көп иш кылат. Вагондорду алып келгенге да көп каражат кетет. Мисалы, "Уралвагонзаводдон" алып келгенде жолго кеткен чыгым ар бир вагонго болжол менен 100 миң сомдон айланат деп эсептегенбиз.

"Кыргыз темир жолунун" мурдагы жетекчиси Аргынбек Малабаев вагондор жасалган заводдон түз алынса жакшы болмок деген оюн айтты:

- Түз алып келүү деген - баары бир түз алып келүү да. "Уралвагонзаводдон" сырткары "Азовский" деген завод бар. Анан тендерди казактардын ишканасы кандайча утуп алганын мен түшүнбөйт экем. Андан сырткары Украинанын заводдору көп болчу. Мен турганда бир дагы вагон алган жокмун. Биз ал кезде локомотивдерге басым жасаганбыз. Азыр эми жылуулук борбору көмүргө өтүп жаткандан кийин Балыкчыдан көмүр ташыганга вагондор керек.

Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

Бааны Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети териштирет

"Кыргыз темир жолу" менен Орусия-Кыргыз фонду 15-майда насыялык келишимге кол койду. Транспорт жана жолдор министрлигинин жетектөөчү адиси Жаныбек Каскенов баа боюнча айтылган жагдайлар иликтенет деп ишендирди:

- Бул маселе менен "Кыргыз темир жолу" өздөрү иштеп жатат. Сиз айтып жаткан маалыматтарды карап көрөлү. Баа боюнча бизде азыр маалыматтар жок. "ЗИКСТО" берген арызы боюнча тандалып алынды. Азырынча эч нерсе жасала элек. Тендер өткөндөн кийин көз карандысыз эксперттик комиссия бар. Алар мамлекеттик сатып алуу туура өткөрүлдүбү же жокпу деп алардын баасын алыш керек. Алар оң корутунду берген экен. Бирок акыркы чечим кабыл алына элек. Азыр ушундай болду деп айта албайбыз. Эгерде кандайдыр бир маселе чыга турган болсо, биз аны карайбыз. Туура болдубу же туура эмес болдубу, башка заводдор менен байланыштыбы, алардын бааларын көрүп салыштырдыбы, ушунун баарын карап туруп биз деле баабызды беребиз. Эң эле кымбат баа менен сатып алганга жол бербешибиз керек.

Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеев тендерге ошол мекеме-ишкана толугу менен жооптуу болорун айтып берди:

- Тендер боюнча жараяндын өзүнө биз аралашпайбыз. Буга мыйзам боюнча бизге тыюу салынган. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамдын 10-беренесинде каралган. Бардык жоопкерчилик ошол мамлекеттик сатып алуу жүргүзгөн уюмдун өзүндө болот, жетекчиси жеке жооптуу болот. Алар өздөрү баалашат, тендерди өздөрү өткөрөт. Тендердик комиссия өзү баарын талдайт. Азыр эми жеңүүчү компания аныкталды. Эми ал тендер боюнча арыз түшпөсө, мыйзам бузуу катталбаса анда жеңүүчү компания менен келишим түзүлөт. Бизде тендердин баасына байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылган учурлар абдан көп. Ушунчалык көп варианттар бар. Эң башкы маселе бюджетте жана пландоодо.

Биз Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин айрым мүчөлөрү менен байланышып, “Кыргыз темир жолунун” вагон сатып алуу тендери боюнча пикирлерин сурадык. Аталган комитеттин мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев бул макала жарыялангандан кийин анда айтылган айрым жагдайларды иликтеп чыгарын убада кылды:

- Мен комитеттен да тактадым, башка депутаттардан да сурадым, булардын дагы кабары жок экен. Эгер силер макаланы берсеңер, кагаздарды расмий алдырып, комитетте ушул маселени карайбыз. Кийинки жумага үлгүрбөсөк, наркы жумага ушул маселени койобуз, анан силерди да чакырабыз. Бул деген - баарыбыздын акчабыз да.

Буга чейин "Кыргыз темир жолунда" да тендер боюнча башка да маселе чыккан. Былтыр жыл этегинде аталган мамлекеттик ишкананын 11 автоунааны оңдоо үчүн 7 миллион сомго тендер жарыялаганы айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Ошондой эле бул маселе өлкөнүн Жогорку Кеңешинде сөз бутасы болгон. “Кыргыз темир жолу” унаалардын жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу жагы алдын-ала иликтенип чыкканын айтышкан. Көп өтпөй бул тендер өтпөй калган.

Ушул жылдын февраль айында Эсеп палатасы “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында ири каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктап чыккан. Анда бюджетте каралбаса деле ишкана 33 миллиондой сомду демөөрчүлүк жардамга короткону, “Локомотив” спорттук ден соолукту чыңдоочу борборунун чыгашасы 24 миллион сомдон ашканы айтылган. Ишкана каржылык мыйзам бузуулар боюнча өз жүйөсүн келтирген.

Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Кыргыз темир жолу" боюнча министрликтин атайын комиссиясы иштеп жатканын саал мурдараак билдирген. Ал “Азаттыктагы” маегинде каржылык гана мыйзам бузуулар териштирилбестен, бардык кемчиликтер аныкталарын, ошого жараша план, программа даярдаларын маалымдаган. Айрым бир жооптуу кызматкерлерге чара да көрүлүшү мүмкүндүгүн кыйыткан. Бирок бул комиссия кандай корутунду чыгарганы азырынча белгисиз.

Расмий маалымат боюнча, соңку жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын кирешеси азайып жатат. Мисалы, өткөн жылы 500 миллион сомго жакын каражат түшкөн. Мурдагы жылы болсо 700 миллионго жакын болчу, ал эми 2014-жылы 1 миллиард 200 миллион сомдон ашкан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG