Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Кытай 45 млн доллар грант берет


Ли Кэцян жана Сооронбай Жээнбеков
Ли Кэцян жана Сооронбай Жээнбеков

Кытай-Кыргызстан cүйлөшүүсүндө темир жол жана ГЭСтерди курууга инвесторлорду тартуу маселеси козголгон жок.

Кыргыз-кытай атайын макулдашуусуна 2-ноябрда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын Кыргызстанга расмий сапары учурунда кол коюлду.

Мындан башка Кытай Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын импорттоого ниетин билдирип, бул жаатта атайын меморандумга кол коюлду.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен экинчи жолу жолугушууда. Биринчиси июнь айында Кытайда болгон. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Кытай менен кызматташтык жогорку деңгээлде жүрүп жатканын белгилеп, эки өлкөнүн келечектеги соода-экономикалык алакасын күчөтүү зарылдыгына токтолду:

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

​- Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы эки тараптуу экономикалык мамилелерибиздин өнүгүүсүнө жаңы дем берилип, кызматташуунун жаңы барагы ачылат. Бүгүнкү күнгө карата биздин алдыбыздагы негизги милдет – ортодогу ишенимди сактап калуу жана учурдагы долбоорлорду улантып кетүү.

Өз кезегинде Кытайдын премьери Ли Кэцян Кытай Кыргызстанга ар убакта көмөктөшүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстандын ички жана тышкы өнүгүү саясатын колдоого алаарын билдирди.

Жолугушууда эки мамлекеттин кичи жана орто бизнес тармагына көмөк көрсөтүү, метрология жана стандартизация тармагындагы кызматташтык, ошондой эле кайтарымсыз 45 миллион доллар грант берүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Экономика министри Арзыбек Кожошев Кытайдан келе турган грант Бишкектин жолдорун оңдоого жумшаларын “Азаттыкка” билдирди:

Арзыбек Кожошев
Арзыбек Кожошев

- Бул гранттар жакын арада келе баштайт. Жалпысынан 45 млн доллар деп эсептелген каражат үч транш менен келет. Бишкектеги жол маселесин үч жыл ичинде бүтүрөлү деген оюбуз бар

Бирок буга чейинки жолугушууларда активдүү талкууланып келген Кытай-Кыргызстан темир жолу жана ГЭСтерди курууга инвесторлорду тартуу маселеси козголгон жок. Кожошев кытай премьеринин расмий сапары учурунда аталган маселелерди талкуулоо пландалбаганын кошумчалады.

Кытай мөмө-жемишке кызыкты

Анткен менен Кытай Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясына кызыгып жатканын, ал боюнча атайын меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, Кытайдан атайын адистер келип Кыргызстандагы мөмө-жемиштин сапатын текшергенден кийин импорттоо тууралуу чечим кабыл алынат.​

- Кытай бул меморандумдун аркасында бизде атайын айыл чарба продукциясынын сапатын аныктоого лаборатория курууга жардамдашмай болду. Алар биздин алма, өрүк, помидор, эт сыяктуу экологиялык жактан таза продукциябызга кызыгып жатат. Эгерде биз бул продукциябызды Кытайга экспорттосок чоң рынок ачылып, дыйкандарыбызга жакшы болот, - деди Арзыбек Кожошев.

Кыргызстан Кытайга эшек сата баштады

Кыргызстан Кытайга эшек сата баштады

Кыргызстандан Кытайга 600дөй эшек экспорттолгону ачыкка чыкты. Расмий эмес булактар бул сан алты-жети эсе көп экенин билдирүүдө.

Бирок адистердин пикиринде, Кыргызстан ишканаларды ирилештирбесе, Кытай талап кылган көлөмдөгү продукцияны экспорттоо сөз жүзүндө гана кала бериши мүмкүн.

Соода жана өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү Амир Закировдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкү күндө Кыргызстан Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр эмес. Ал эми Кытай заводдору Кыргызстандын айыл чарбасына инвестор катары келген маалда жергиликтүү элди көндүрүү дагы бир чоң машакатка айланчудай.

- Кытай биздин региондорго заводдорду салып, айыл чарбаны өз рыногуна бурууга даяр. Бирок жергиликтүү элди кытайлардан чочулобоого үйрөтүш керек. Кол коюлган документтер дароо иштеп кетсе жакшы болмок, бирок аларга стабилдүү бийлик керек. Ошондуктан президенттик шайлоо бүткөнгө чейин Кытай Кыргызстанды сыртынан эле байкап турат. Ал эми бизге гранттарды берип жатканын сүйүнүү менен ала бериш керек. Кытайда, биринчиден, акча көп, экинчиден, ал Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда геосаясый позициясын бекемдөө максатында берип жатат.

Кыргызстанда соода алака боюнча Кытай Орусиядан кийинки орунда. Соода жүгүртүүнүн жылдык көлөмү бир млрд доллардын тегерегинде. Бирок Кыргызстан Кытайга майда айыл чарба продукциясын гана экспорттобосо, азырынча ири көлөмдө эч нерсе чыгара элек. Ошол эле учурда Кытай өлкөдө бир катар стратегиялык долбоорлор үчүн насыя берип, аларды куруп келет.

Кыргыз-кытай премьерлеринин жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG