Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 10:14

Бишкекте 13-апрелде өкмөткө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында таза суу менен камсыз кылуу, айыл чарбасы жана Бишкек-Ош жолунун эң талылуу бөлүктөрүн оңдоо долбоорлору жактырылды.

Соңку учурда коомчулукта жол, суу маселеси боюнча бир топ сын-пикирлер айтылып келет.

Жалал-Абаддагы Токтогул районуна караштуу Токтогул шаарында таза суу эң талылуу маселелердин бири. Шаар мэри Марат Калмурзаевдин айтымында, азыр колдонулуп жаткан суу түтүктөрү мындан 50 жылдай мурун салынган. Мындан улам түтүктөр жедеп эскирип бүткөн жана шаарда азыр жашагандардан алда канча аз адамды тейлегенге гана жарамдуу:

- Токтогул шаары ГЭС курулганда суу алдында калган айылдардан көчүп келгендер отурукташкан кезде түптөлгөн. Шаардын суу түтүктөрү 1972-жылы курулган, суу кампасы да ошол жылдары салынган. Ал убакта 7-8 миң адамды тейлегенге гана ылайыкташкан. Азыр шаарда 20 миң адам жашайт. Суу түтүктөрү эскирип, чириди. Көрүнгөн жеринен жарылып, кыйнап жатат. Сууну элге араң жеткирип жатабыз.

Марат Калмурзаев таза суу маселесин чечүү үчүн эл аралык донорлор каржылай турган долбоорго кирүүгө төрт-беш жылдан бери аракет кылып келишкенин кошумчалады. Долбоор "Шаар жериндеги ичүүчү суу жана каналдар секторун инвестициялоо" деп аталат. Анын алкагында Токтогулдан сырткары Жалал-Абаддагы Майлы-Суу, Ош облусундагы Өзгөн жана Ысык-Көлдөгү Балыкчы шаарларын таза суу менен камсыздоо, дегеле суу маселесин чечүү жолдору каралган.

Кыргызстандын көпчүлүк аймагы таза суунун азабын тартып келет.
Кыргызстандын көпчүлүк аймагы таза суунун азабын тартып келет.

Өкмөттөн маалымдашкандай, буга Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 22 миллионго жакын евро, Европа инвестициялык банкы жана Европа кеңеши жети миллиондой доллар бөлгөнү жатат.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде Ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошевдин "Азаттыкка" билдиришинче, эки тараптуу келишим түзүлөт жана ал документти ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт:

- Ратификацияны Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кеткенге чейин бүтүрүп алышыбыз керек. Эгер ал иштер бүтсө, долбоорду ишке ашыруу ушул жылдын аягында башталат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда таза суу маселесин чечүү үчүн 40 миллиард сом керек. Ушул тушта өлкөдө жүздөгөн айылдарда ичүүгө суу жок. Буга чейин “Таза суу” деген долбоор болгон жана ага 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон 90 миллион долларга жакын каражат келген. Бирок жаңы түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, сапатсыз курулганы, коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ушу тапта ачыкка чыккан.

Эл аралык донорлордон сырткары кыргыз өкмөтү таза суу маселесин чечүү үчүн соңку үч жылдан бери 100 миллион сомдон бөлөт. Бирок бул каражат жүздөгөн айылдарга суу жеткирүүдө өтө эле аздык кылат.

Жалпысынан таза сууга 1,5 миллион адам муктаж. Бул маселе айрыкча Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында чоң көйгөй болуп эсептелет.

Жол - мамлекеттин жүзү

Быйыл ишке ашат деген долбоорлордун бири Бишкек-Ош жолунун доомат жараткан бөлүгүн оңдоо болуп саналат. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов жалпысынан 52 чакырымды түзгөн Бишкек-Кара-Балта жана Маданият-Жалал-Абад жолдору оңдолорун айтты:

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

- Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо долбоору Азия өнүктүрүү банкынын каражаты менен ишке ашат. Ал эми Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад бөлүгүн оңдоого Европа өнүктүрүү банкынан каражат бөлүнөт. Азыркы убакта техникалык сунуштарды, ошондой эле тендердик документтерди даярдоо, долбоорду ишке ашыра турган жакты тандоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул долбоорунун жалпы баасы 120 миллион долларды түзгөн жана анын 100 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы каржыламакчы. Ал акчанын 65 миллиону жеңилдетилген насыя, калган 35 миллион доллары грант түрүндө берилет.

Буга чейин тендерди уткан China Railway компаниясына байланыштуу чуу чыккан. Былтыр ошол кездеги министр Замирбек Айдаров бул кытайлык компаниянын кызыкчылыгын колдоп, тендердик комиссиянын ишине кийлигишти деген негизде кызматтан кеткен эле. Быйыл кайра тендер өткөн жана China Railway компаниясы кайра утуп алганы нааразылык да жараткан.

"Мал чарбасы колдоого муктаж"

Кыргыз өкмөтү жактырган инвестициялык долбоорлордун үчүнчүсү айыл чарба тармагындагы орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор "Рынокко жол ачууну камсыздоо" деп аталат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорунун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Тайыров "Азаттыктагы" маегинде долбоор мал чарбачылыгын колдоону көздөрүн айтып берди:

- Бул долбоордун негизги максаты - эт азыктарын чыгаруудан баштап, аны сертификациядан өткөрүп, кайра иштетүү иштерине жардам берип, экспортко чыгарууга көмөктөшүү болуп саналат. Бул максатта Кыргызстан боюнча бардык райондордон 125 айылдык аймак тандалып алынат. Ошол жерде жүндү, этти кайра иштетүү боюнча, балчылык боюнча кошумча наркты көбөйтүү иштери жүргүзүлөт. Негизинен 9 миллион долларга жакыны фермерлерге, ветеринарларга, кайра иштетүүчүлөргө, экспортерлордун бизнес долбоорлоруна грант түрүндө берилет.

Бул долбоордун жалпы баасы 25 миллион доллардан ашат. Кыргыз өкмөтү каражаттын теңин Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддон грант катары алмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG