Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:16

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданганы менен анын ишке ашуусу дагы эле күмөн жаратууда.

Коомдук-саясий ишмер Аскар Салымбеков темир жол маселеси боюнча “Азаттык” радиосуна ой бөлүштү.

“Азаттык”: Токсонунчу жылдардын аягында башталып, азыркыга чейин ишке ашпай жаткан Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу “мындан кийин деле ишке ашпай калышы мүмкүн” деген жүйөнү парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары айтып жатышат. Аталган темир жолдун тагдыры боюнча сиздин байкоолоруңуз кандай?

Салымбеков: Кандай болгон күндө да жолдор маанилүү. Экономикасын өнүктүрөм деген ар бир мамлекет коңшу мамлекеттер менен жол жаатында кызматташат. Өлкөгө башка мамлекеттен канча жол кирсе, экономиканын өсүшүнө таасир тийгизет. Бул темир жол боюнча сүйлөшүүлөр чынында аябай созулуп кетти.

Долбоор 5 миллиард долларга бүтөрү, 23 кенди аралап өтөрү айтылууда. Кыргызстан 500 миллион доллар пайда алат деген кептер бар. Бирок так маалымат жок. Сүйлөшүүнүн тарыхы жыйырма жыл мурунку учурга туш келет. Бул аралыкта Кыргызстан атайын топ түзүп, долбордун күңгөй-тескейин иликтеши керек эле. Окумуштуулар, экономист жана финансисттер эчак эле эсептеп чыкса болмок. Канча жумушчу орун түзүлөрү, казынага кандай каражат түшөрү тууралуу суроолорго жооп ачык айтылышы керек. Ошол айтылбай жатпайбы. Долбоордун келечеги бүдөмүк экени да ушундан.

“Азаттык”: Мурда Өзбекстан бул жаатта анык пикирин билдирбей келсе, бир ай мурда ачык позициясын айтты. Тагыраак айтканда, Ташкент макул болду. Бул деле долбоордун ишке ашышын камсыздай албайт деген ойдосузбу?

Кандай болгон күндө да жолдор маанилүү. Экономикасын өнүктүрөм деген ар бир мамлекет коңшу мамлекеттер менен жол жаатында кызматташат. Өлкөгө башка мамлекеттен канча жол кирсе, экономиканын өсүшүнө таасир тийгизет.

Салымбеков: Мен Нарын облусунда иштеп жүргөн кезимде өзбек тарап темир жолду Торугарт-Өзгөн-Кара-Суу менен алып өтүп кеткенге кызыкдар эле. Биз болсо Кара-Кечедеги Жетим-Тоо аймагынан өтүүсүн каалаганбыз. Ошентип, Бишкек менен Ташкенттин кызыкчылыктары кесилишпей жатты эле. Азыр Өзбекстан биздин сунушту туура көрдүбү, жокпу, билбейм. Эгер орток пикир табылган болсо, иш жанданат. Мурда эки өлкө бир пикирге келбей жаткан кезде Кытай “алгач жолдун багытын өзүңөр сүйлөшүп алгыла” дегендей түр көрсөткөн эле.

“Азаттык”: Учурдагы бийликтин бул темир жол долбоору боюнча анык иш-планы жоктугу, азыр да Бакиевдин учурундагы план сунушталып жатканы сындалууда?

Салымбеков: Бул маселеде бардык маалымат коомчулукка маалымдалып турушу керек. Бирок андай болгон жок. Азыркы сүйлөшүүлөрдүн да жүрүшүн так билбей атпайбызбы. Бизге кандай пайда болорун маалымат алууга коомдун акысы бар. Албетте, ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы бар. Бирок өкмөт алмашабы, бийлик алмашабы, сүйлөшүүлөр алгачкы макулдашуулардын негизинде жүрүп, керек учурда оңдолуп-түзөтүүгө тийиш. Таптакыр башка нукка өзгөртүлбөйт. Бул – дүйнөлүк тажрыйба.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG