Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:33

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн аймактарды күчтөндүрүү зарыл экенин айтып чыкты.

Ал негизги ресурстарды бир багытка топтоп, аймактардын ар бириндеги тармактык өзгөчөлүгүнө жараша өсүү чекиттерин аныктоону сунуштады. Буга байланыштуу өкмөттүн кезектеги жыйынында аймактык өнүктүрүү концепциясы жактырылды. Көз карандысыз эксперттер бул идея буга чейинки өкмөттөр тарабынан дагы жарыяланып, бирок түбүнөн колдоо таппагандыктан ишке ашпай калган учурларды эске салышты.

Өкмөттүн жаңы концепциясы

Өкмөттүн тапшырмасы менен Экономика министрлиги аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы концепциясын иштеп чыкты. Ага ылайык, аймактардын жер шартына, тармактардын өнүгүү өзгөчөлүгүнө жана ыңгайына жараша өлкөнүн өсүү чекиттери аныкталат. Мисалы үчүн Нарында мал чарбачылыгына жана этти кайра иштетүүгө басым жасалса, Чүйдө жана Ошто айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, транспорт жана логистика тармагына көңүл бурулат. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков бул долбоорлор миграцияны ооздуктоого өбөлгө түзөрүн айтты:

- Эми азыр деле айылдан анан кичи шаарлардан Ош менен Бишкек шаарларына жер которуп келгендер токтобой жатат. Биз ошондуктан мына ошол эле кичи шаарларда жана облус жана район борборлорунда элге кызмат көрсөтө турган тейлөөнүн деңгээлин көтөрүшүбүз зарыл. Саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелеринин сапатын чоң шаарлардагыдай абалга алып келишибиз керек. Ал жактарда оорукана, мектеп, таза суу, жол, мончо сыяктуу социалдык объектилердин сандык жана сапаттык жагын жогорулатууга учур келди. Биз бюджетти бекитип жатканда аймактык көйгөйлөрдү чечүүнү комплексивдүү кароо маселеси турат. Ишкерлер ишкер-план түзгөн сыяктуу ар бир район-шаар жетекчилери аймакты өнүктүрүүнүн планын түзсүн.

Өкмөттүн жыйыны
Өкмөттүн жыйыны

Концепция ар бир аймактагы өсүү чекиттерин түптөө жана аларды тармактык адистештирүү аркылуу өнүктүрүү саясатын ичине камтыйт. Бул эл аралык түшүнүктө -кластердик саясат деп аталат. Буга аймактардын өзгөчөлүгүнө жараша керектүү шарттарды түзүүгө басым жасоо маселеси да кирет.

Жумушсуз да, бош орун да көп

2016-жылы Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкө боюнча 18 миңден ашык жумушчу орду бош деп жар салган.

Пилоттук аймактар катары долбоорго өлкө боюнча 20 айыл-шаар кирген. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев бул пилоттук долбоор кийин кеңири жайылтыла турганын айтты:

- Бул айыл-шаарлардын аймагындагы зарыл болгон социалдык, экономикалык, коммуникациялык жана логистикалык түзүмдөрдү калыптандырууну тездетишибиз керек. Бул концепциянын биринчи этабы ийгиликтүү ишке ашса, анда өсүү башаты болгон мына ошол аныкталган өнүгүү чекиттеринин тажрыйбалары башка аймактарга жайылтылат. Ошондой эле ал мына ошол аймактардагы тармактык өнүктүрүү долбоорлору базалык программалар катары колдонулат.

Кайталанма долбоорлор

Буга чейинки өкмөттөр дагы "Күчтүү аймактар - күчтүү өлкө" деген сыяктуу ураандардын астында мамлекеттик программаларды кабыл алышкан. Туңгуч президент Аскар Акаевдин учурунда "Элетти көтөрүү" концепциясы, кийинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин мезгилинде дагы аймактардын тармактык өнүгүүсүнө басым жасоо демилгеси жарыяланган. Бирок мына ошого окшогон мамлекеттик программалардын бири дагы иш жүзүнө ашкан эмес. Анткени адистер аны ишке ашыруунун төмөндөн жогору карай багытталган механизмдери иштеген эмес дешет. Экономика боюнча адис-эксперт Абай Алымкулов бул жагдай тууралуу мындай дейт:

- Буга чейинки өкмөттөр дагы "элетти көтөрөбүз, аймактарды өнүктүрөбүз" деп бир эмес, үч ирет мамлекеттик программа кабыл алышкан. Кластердик өнүгүүгө басым жасайбыз деп, президенттин программасына киргизип, бирок анын укуктук базасы катары өкмөт мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган эмес. Ошентип буга чейин бул багытта эч кандай жумуш жасалган жок. Анан эми бул долбоорлор, идеялар жогортон жарыяланып, бирок төмөндөн колдоо таппады. Негизи кластердик долбоорлор төмөндөн жогору карай сунушталып, өкмөт менен парламент аны колдошу керек. Мына ошондо гана аны ишке ашыруу механизмдери жүзөгө ашат. Кластерге кирген жеке тараптар, жергиликтүү бийлик менен бирге долбоорду иштеп чыгып, анан аны ишке ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү үчүн жогортон колдоо издеши керек. Болбосо буга окшогон программалар кагаз жүзүндө кала бериши мүмкүн.

Анткен менен өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков буга чейинки аймактарды өнүктүрүү программалары эмне үчүн ийгиликсиз болгонун изилдеп, ар бир айыл-шаардын мүмкүнчүлүктөрүн талдоого алууну сунуштады. Ал ар бир аймак жетекчилиги өзүнүн өнүгүү жол картасын иштеп чыгып, жакынкы келечекте өкмөткө сунушташы керек деп тапшырма берди. Бул концепцияга ылайык иштелип чыккан аймактык өнүктүрүү долбоорлоруна кеткен чыгымдар кепилдик фондунун жана сырткы инвестициянын эсебинен каржыланары айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG