Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 16:37

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкы 110 миллион доллар насыя бермей болду.

Камбар-Ата-2 ГЭСи үчүн 110 миллион долларлык насыя берүү келишимине Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиев менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин 13-мартта кол коюшту.

Министрликтин басма сөз катчысы Самат Тоялиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, насыя 20 жылдык убакытка берилүүдө.

- Долбоорду каржылоо боюнча инвестициялык насыя 20 жылга берилет. Анын беш жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Бул убакыт аралыгында пайыздык үстөк коюлбайт. Калган 15 жылда жылына бир пайыздык үстөгү бар. Долбоордун мөөнөтү үч-төрт жыл деп белгиленген.

Маалыматка караганда, ушул тапта өкмөт макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Жакын арада ал парламенттин кароосуна жөнөтөт. Евразия өнүктүрүү банкы менен бирге иштелип чыккан сатып алуулар планына ылайык, анда каралган мөөнөттө сатып алууларды "Электр станциялар" ачык акционердик коому Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте жүргүзөт.

Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча денонсацияланган кыргыз-орус келишиминдеги карыз боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. "Азаттык" 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.

Энергетика тармагы боюнча адис Батыркул Баетов Кыргызстанга жылына алты миллиард киловатт саат электр энергиясы жетишпей жатканын белгиледи. Ал эгер насыя колго тийсе, долбоорду эки жарым жыл ичинде эле ишке ашырып, кошумча 400 миллион киловатт электр энергиясын өндүрүүгө жол ачылат деди:

- Биринчи 120 мегаваттык агрегат 2010-жылы кирген. Ал азыр 600-700 миллион киловатт саат энергия чыгарат. Агрегаттын экинчисин ишке ашыруу - жакшы мүмкүнчүлүк. Эки агрегат биригип, 1 миллиард киловатт сааттан ашык энергия чыгара баштайт.

Баетовдун пикиринде, Жогорку Нарын каскады, Камбар-Ата-1 же чакан ГЭСтерди куруу боюнча буга чейинки ири долбоорлорго караганда, Камбар-Ата-2 убакыт жана экономикалык көрсөткүчү жагынан артыкчылыкка ээ:

- Жогорку Нарын каскады, Камбар-Ата-1 деле 8-9 жылда өзүн актайт деген эсептер бар эле. Алардан көрө бул экономикалык жактан пайдалуу долбоор болот, өзүн актайт деген ишеним бар. Ал долбоорлор негизинен мамлекеттин кадыр-баркы менен келген. Орус мамлекети менен мамиле, мамлекеттин кадыр-баркына келген. Алар экономикалык жактан өзүн өзү акташы кыйын болчу. Анткени чыгарган продукцияны саткандан кийин өзүнүн баасын кайра бере албаган долбоорлор эле. Келечекте бааны көтөрөбүз ошондо баары оңолот деген саясий долбоорлор болгон. Азыр сырттан тартып келе калабыз деген сөз деле күмөн. Чет элдиктер деле продукция өзүн-өзү актабаса кантип акча салабыз дешет. Ошолордун ичинен мобу долбоор экономикалык жактан кызыктуу.

Адис насыя жеңилдетилген мүнөздө экенин белгилеп, анын шарттары кооптуу эмес деген ойдо. Саясат таануучу Эмил Жураев каражат насыя катары келип жаткан соң мамлекет анын шартына тыкыр көңүл бурушу керек деп эсептейт. Анткени жеңилдик катары берилген беш жылдык убакытты көп деп эсептөөгө болбойт. Ал ири долбоорду ишке ашырууда тез эле өтүп кетиши ыктымал.

- Буга чейин бир топ кыйынчылыктар болгон. Кыргызстандын өкмөтү менен бул банктын ортосунда ар кандай сөздөр айтылып, убада кылынган насыялар берилбей калганын угуп эле жүрөбүз. Бул келишим ишке ашса жакшы, ашпаса мурдагыдай эскерүүбүздү айтып отура беришибиз мүмкүн. Ар кандай биздеги саясий шартка, биздин өкмөттүн саясатына, Евразия банктын өзүнүн саясатына жараша ар кандай өзгөрүүлөр да киргизилип калышы мүмкүн.

Жүздөгөн кредиттерди алганбыз. Ошонун баарын талдап чыга турган болсок, коркунуч көп. Кайсы гана насыя болбосун, мейли Кытайдан, Орусиядан болобу же эл аралык банктардан болобу, насыя алуу менен биз ошого жараша жоопкерчиликти эл алдында өлкөнүн экономикасына байлап берип жатабыз.

Мындан тышкары талдоочу Кыргызстандын насыя алуу жана аны пайдалануу тажрыйбасында маселе бар экенин белгилеп, колго тийчү бул жолку насыянын максаттуу пайдаланылышына өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарылдыгын айтты:

- Албетте бир эле Евразиялык өнүктүрүү банкынын насыясы гана эмес, деги эле биздин насыя каражаттарын пайдалануу тажрыйбабызда кеп болуп жатат. Буга чейин биз канчалаган насыяларды алдык. Грант, насыя, жеңилдетилген, оор шарты бар насыя, кыскасы баарын алып көргөнбүз. Бирок канчалык эффективдүү пайдаланылды деген маселеге келгенде, ушул күнгө чейин бизде эч кандай канааттандырарлык изилдөө же анализ жүргүзүлгөн жок. Арты бүдөмүк бойдон калууда. Жүздөгөн кредиттерди алганбыз. Ошонун баарын талдап чыга турган болсок, коркунуч көп. Кайсы гана насыя болбосун, мейли Кытайдан, Орусиядан болобу же эл аралык банктардан болобу, насыя алуу менен биз ошого жараша жоопкерчиликти эл алдында өлкөнүн экономикасына байлап берип жатабыз. Бул жагы дайыма суроо бойдон калат.

Бул жолу насыяны алуу качан башталары макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификация кылгандан соң аныкталары айтылууда.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке кирген. Андагы үч агрегаттын ар бири 120 мегаваттан турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG