Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Мамыров: Камбар-Ата-1ге инвестор кызыкчу шарттар көп


Райымбек Мамыров
Райымбек Мамыров

Орусия менен убадалашып, бирок ишке ашпай калган энергетикалык долбоордун мындан аркы келечеги кандай болушу ыктымал? "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстандын энергетикасына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыров жооп берди.

"Азаттык": "Камбар-Ата-1" жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Орусия менен келишим расмий түрдө токтотулду. Долбоордун келечеги кандай болот эми? Жаңы инвестор келеби?

Мамыров: Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынан иштелип чыга турган электр энергиясынын өздүк баасы кымбат. Азыркы маалда ал баа менен сатып алуучу жок. Ал эми "Камбар-Ата-1дин" өздүк наркы, ал жерге чогула турган суунун көлөмү (5-6 млрд кубометр), станциянын кубаттуулугу деген көрсөткүчтөрдү эске алганда, ушул эки долбоор бирин-бири жакшы толуктап, жаап турмак. Ошол себептен "Камбар-Ата-1ден" Орусия тарап 50% кожоюндук кылат деп сүйлөшүлгөн болчу.

Андыктан эгер биз азыр Жогорку Нарын каскадын токтотуп, "Камбар-Ата-1ди" гана курабыз деген чечим кабыл алсак, менимче, инвестор табуу мүмкүн.

Илгери, "Камбар-Ата-2", "Камбар-Ата-1" курулат деген маалда ал жерден чыккан электр энергиясын башка жакка жеткирүү деген маселе бар эле. Ал эми бүгүнкү күндө "Датка-Кемин" линиясы курулуп бүткөнүнө байланыштуу ал маселе чечилген.

Дүйнөлүк тажрыйбада электр станцияларынын кубаттуулугу чоң болуп, көп энергия иштелип чыгарса, өздүк наркы төмөн болот. Ошондуктан эгер "Камбар-Ата-1" ГЭС курулушу аяктаса, ал жердеги 1900 мегаватт кубаттуулук деп, суунун, электр энергиянын көлөмү айтылып жаткандай болсо, экономикалык жактан инвестор тапканга мүмкүнчүлүк берет.

Европаны алып карай турган болсок, ал жактан бирөө келет дегенге кошула албайм. Биринчиден, Европада мындай долбоорлор көп, экинчиден, алардын өзүлөрүндө маселе көп болууда.

“Азаттык”: Кайсы өлкөлөр кызыгып, бул ишти алып кетиши ыктымал?

Мамыров: Инвестор тууралуу айтардан мурда бир маселеге көңүл буруу зарыл. Бул – жакынкы кошуналарыбыздын мамилеси.

Көбүнчө Өзбекстан, акыркы кездерде Казакстан кошулуп “Бул ГЭСтерди курганда макулдашуу керек” деп айтып жатышпадыбы.

Бирок бул өзүбүздүн маселе. "Камбар-Ата-1" алар үчүн эч кандай зыян алып келбейт. Баарыбызга эле пайда. Жок эле дегенде Токтогул суу сактагычындагы азыркы суунун көлөмүнө дагы кошумча 5 млрд куб метр кошулат.

Ал эми инвесторлор тууралуу айтсак, белгилүү болгондой, Кытай кызыгып жатат. Орусия менен жакынкы арада бул долбоорлор менен кайра келишим түзүү кыйыныраак болуп калат го.

Европаны алып карай турган болсок, ал жактан бирөө келет дегенге кошула албайм. Биринчиден, Европада мындай долбоорлор көп, экинчиден, алардын өзүлөрүндө маселе көп болууда. Саясий бир кызыкчылыктар пайда болуп эле келип калбаса...

Түштүк Корея да бар. Массалык маалымат каражаттарынан көрүп калып жатабыз, араб мамлекеттери да кызыгуусун билдирген экен.

Инвесторлор тууралуу айтсак, Кытай кызыгып жатат. Орусия менен жакынкы арада бул долбоорлор менен кайра келишим түзүү кыйыныраак болуп калат го.

“Азаттык”: Баасы кандай болот? Башында бул экономикалык эмес, саясий долбоор болуп калганын айткан талдоочулар баасы өтө эле жогору көрсөтүлгөнүн айтып жүрүшпөдү беле. Жаңы инвесторго деле ошол баа сунушталабы же аны өзгөртсө болобу?

Мамыров: Бул жерде эки ГЭС жөнүндө бөлөк-бөлөк айтуу керек. Саясий долбоор деп Жогорку Нарын каскады тууралуу айтылган. Ал эми ылдый жактагы "Камбар-Ата-1", "Камбар-Ата-2", "Көкөмерен" ГЭСтериники башка баа болот.

Бирок бир тонна көмүрдүн баасы канча деген сыяктуу эле бүгүнкү күндө баа дүйнөдө белгилүү. Бир киловатт электр энергиясынын баасы 2 миң доллардан жогорураак. Демек, "Камбар-Ата-1" 1900 мегаватт боло турган болсо, 4 миллиарддын тегерегинде деген сөз. Бул азыркы баа. Андан "+-" айырма болушу ыктымал. Аны адистер дароо эле эсептеп коет. Тендер өткөрүлөт.

“Азаттык”: Демек, бул долбоор эмнеси менен кызык боло алат?

Мамыров: "Камбар-Ата-1" жөнүндө айта турган болсок, биринчиден, экологиялык жактан зыянсыз, көп жер суу астында калбайт. Экинчиден, курулуш шарты жакшы. Үчүнчүдөн, экономикалык жагы – инфраструктура даяр, демек өндүрүлгөн электр энергияны ала турган линиялар даяр, чыгарып туруп эле кошуп коет.

Мына ушул жагдайларды эске алганда, аталган объект бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тармагындагы алдыңкы долбоор деп караса болот. Калгандарын кийин улап кетсе болот.

XS
SM
MD
LG