Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда өтүп жаткан “Бир алкак – бир жол” эл аралык форумуна катышууда.

20дан ашык өлкөнүн лидерлери чакырылган бул форумда Кытай сунуштаган Жаңы жибек жолу долбоорунун ишке ашырылышы талкууланып жатат.

Форумда көтөрүлгөн маселелер

Кытай Жибек жолу коруна кошумча 100 млрд юань (14,5 млрд. доллар) бөлөт. Бул тууралуу 14-майда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжиндеги “Бир алкак – бир жол” деген аталыштагы форумда билдирди. Мындан сырткары Кытайдын Импорт-экспорт банкы менен Мамлекеттик банкы аталган форумда демилгеленген жана Жаңы Жибек жолунун жалпы долбоорлорун колдоого жалпысынан 380 млрд юань бөлүүгө даяр экенин кошумчалады. Орусиянын президенти Владимир Путин интеграция үчүн инфраструктуралык чектөөлөрдү алып салуу керектигин, эң оболу транспорттук коридорго байланышкан заманбап системаны түзүү зарылдыгын белгиледи.

14-майда Бээжинде башталган экономикалык форумга БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш баш болгон 110 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Бээжин.
Бээжин.

Алардын арасында Орусия, Казакстан, Өзбекстан президенттери сыяктуу 30га жакын өлкөнүн лидерлери бар. Мындан улам талдоочулар кыргыз президентинин бул жолку сапары чоң мааниге ээ экенин белгилешет.

Кыргыз президентинин Кытай сапары

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайга бул жолу Си Цзинпиндин чакыруусу менен “Бир алкак – бир жол” эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн барды. Мамлекет башчы иш сапарынын жүрүшүндө Кытайдын төрагасы менен жолугарын президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөнов Бээжинге аттанар алдында билдирди:

- Алмазбек Атамбаев иш сапары менен кетүүдө. Ал Бээжиндеги​ “Бир алкак – бир жол”​форумуна катышат жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь менен жолугушуусу каралган.

Айтылгандай эле, 14-майда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бээжинге жасаган иш сапарынын алкагында Кытайдын Жол жана көпүрөлөрдү куруу боюнча мамлекеттик корпорациянын төрагасы Лу Шан менен жолукту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлагандай, тараптар "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелерин талкуулады.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бээжинде өтүп жаткан “Бир алкак – бир жол” форумунун алкагында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Ушул эле күнү мамлекет башчы Шинжаң-Уйгур автоном районунун Соодо-өнөр жай палатасынын вице-президенти, “Хуалин групп ЛТД” компаниясынын президенти Ми Эньхуаны кабыл алды. Анда Кыргызстанга туристтерди тартуу жана социалдык багытта долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору, талдоочу Талант Султановдун айтымында, форумдун алкагында Кыргызстан үчүн пайдалуу бир нече маселе каралышы мүмкүн:

- Кытайдын көмөгү менен энергетика тармагында иштер жасалып, жолдор курулуп жатат. Мунун баары ошол Кытайдын көз карашында Жибек жолу демилгесин өнүктүрүүгө салым кошчу долбоорлор болуп саналат. Биз эми азыр XXI кылымда жол, анан темир жол менен эле чектелбей жаңы технология жагынан да инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу мезгили келди деп ойлоп жатабыз. Кытайдагы форумда ушул темалар боюнча талкуулар болушу мүмкүн. Себеби, Кытай азыр интернет технологиясы жактан эң алдыңкы өлкө болуп жатат.

“Бир алкак – бир жол” демилгеси Кытайдын “Жибек жолунун экономикалык куру” жана “XXI кылымдын деңиз жибек жолу" долбоорлорунан түзүлгөн платформа. Бул демилгени Кытайдын төрагасы Си Цзинпинь 2013-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинде жарыялаган. Платформа Жибек жолу өткөн өлкөлөр менен Кытайдын экономикалык алакаларын күчөтүп, Чыгыштан Батышка карай тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү максатын көздөйт. Бул концепцияны ишке ашырууга Кытай өкмөтү акыркы үч жылда 50 миллиард доллар бөлөрү кабарланган.

Бээжин.
Бээжин.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан дал ушул демилгенин алкагында өзүнө керектүү долбоорлорду эртерээк аныкташы керек болчу деген пикирде:

- Бул иш-чара өтө маанилүү. Себеби Жибек жолу долбоору экономикалык гана эмес, цивилизациянын, маданияттардын жана коопсуздуктун интеграциясы. Биздин мамлекеттин кызыкчылыгына келгенде Улуу Жибек жолу менен ЕАЭБдин кызыкчылыгынын ортосунда Кыргызстан кандай өзүнө утуш ала алат? Мына ушуну ойлонушубуз керек. Экинчиден, биз муну мамлекеттик кызыкчылыктын эң башына кое алабызбы? Бул абдан эле керек долбоор. Кеп ошону мамлекеттик кызыкчылыкка пайдалана билүүдө болуп жатат.

Кыргыз-кытай долбоорлору

Буга чейин пландалган Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору Жибек жолу демилгесине туура келери айтылып келген эле. Бул жолду куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да, ишке ашырыла элек. Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун курабыз деп демилге көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Акыркы жылдары Алмазбек Атамбаев кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулушун жактап келет.

Былтыр Өзбекстанга жаңы жетекчи келгенден тарта бул долбоор жанданып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын бийликтегилер кабарлашкан. Маселен, быйыл апрелде парламентте отчет берип жатып премьер-министр Сооронбай Жээнбеков долбоор боюнча эксперттердин деңгээлинде талкуу өткөрүлгөнүн, бирок дале болсо темир жолдун маршруту аныктала электигин айткан эле:

- Үч тараптуу жумушчу тобу үч жолу отурум өткөрдү. Иштер жүрүп жатат. Азыр эки вариант каралууда. Ушул эки варианттын бирине токтоо боюнча талаш маселе бар. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын ойлоп жатат. Биз Торугарт, Ат-Башыдан Жалал-Абадга чейин келген маршруттун вариантын карманып жатабыз.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстан Кытай менен кызматташтыкта толук потенциалын колдоно албай жатат деген ойдо:

- Темир жол боюнча ушул долбоор аягына чыкканда Кыргызстан эң чоң утуш алмак. Президентти да Кытайга терезе ачкан адам катары карамакпыз. Бирок тилекке каршы бул долбоорлор ишке ашпай жатат. Экинчиден, Кытай башка долбоорлорду да каржылап келатат. Маселен, Кыргызстанда эки мунайды кайра иштетүүчү завод курду. Аны да ийгиликтүү иштете албай жатабыз.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалымат боюнча, тараптар дипломатиялык мамиле түзгөн 25 жылдын аралыгында Кыргызстанга Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 1,2 млрд доллардан ашкан.

Бээжин өлкөнүн Бишкек-Торугарт жана Ош-Эркеч-Там автожолун оңдоо, түндүк-түштүгүн бириктирген жаңы жолду салуу, кен казуу, “Датка-Кемин” көмөкчү чордону жана кайра иштетүү тармагындагы чакан ишканаларды куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорго ири каражат салып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG