Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 15:10

Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Кытайга барып, кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн бул өлкөдө өткөрөрү коомчулуктун сынына кабылды.

Мамлекет башчысы өткөн жылы төрт жолу кыска мөөнөткө эс алууга чыккан. Саясий чөйрөдө анын улам өргүүгө чыгып, чет өлкөдө эс алганы түрдүү түкшүмөлдөргө жем таштады.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү мамлекет башчысы Эмгек кодексинде белгиленген эмгек өргүү мөөнөтүнүн чегинен чыкпаганын айтып, анын иш жөндөмдүүлүгүнөн шек саноого негиз жоктугун билдирди.

Кыска мөөнөттүү тыныгуулар

Президент былтыр алгач 1-февралда кыска мөөнөткө эс алган. Андагы эс алуу күндөрүнүн саны так көрсөтүлгөн эмес. Андан үч айдан кийин президент Алмазбек Атамбаев үч күнгө кыска эмгек өргүүсүнө чыккан. Ошондой эле президент БУУнун Башкы ассамблеясына баратып, бирок учакта саламаттыгы начарлап, Түркияда калган. Кийин буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев 20-сентябрдан 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүндө болору жарыяланган.

Ошондон кийин 5-декабрда президент кайрадан эмгек өргүүсүнө чыгып, бирок анын канчага созулары ачык жарыяланган эмес. Президент эс алууга чыгардын алдында берген маалымат жыйынында ал эс алуу учурунда өлкөнүн 2040-жылга чейин өнүгүү стратегиясын жазуу менен алек болорун айтканы бар.

Андан соң президент Алмазбек Атамбаев жакында Кытайга расмий сапар менен барып, андан ары ал жакта үй-бүлөсү менен эс ала турганы маалымдалды. Анын бул жолку кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү 9-январдан 14-январга чейин уланары маалымдалды.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков президенттин эс алууга чыга берүүсүнүн себептери коомчулукка ачык болууга тийиш деп эсептейт:

- Президенттин соңку мезгилде чет өлкөлөргө көп чыга баштаганы жана адаттан тышкары көп эс ала баштаганы коомчулукта ар кандай суроолорду жаратты. Айрыкча соңку расмий сапарынан кийин Кытайда эс алуу үчүн калып калганын айтсак болот. Биринчиден, "президенттин саламаттыгы жакшыбы? Эмне үчүн Кытайга барып эс алууга чыкты?" деген суроо турат. Анткени ал жакында эле эс алууга чыккан болчу. Экинчиден, эс алуусу өз эсебиненби же Кытай тарап төлөп берип жатабы? Же болбосо бул эс алуу ансыз да каржалып бүткөн мамлекеттик казынанын эсебиненби? Анткени президент чет өлкөгө учак менен учат, аны кайтаруу жана тейлөө кызматы коштойт. Ошонун бардыгынын акчасын ким төлөп жатат? Мына ушуга окшогон суроолор сөзсүз түрдө жаралат. Соңку мезгилде президент сыртка көп чыгып, өтө эле көп эс алып жатканы байкалат.

“Президент эс алуу чыгымдарын өзү төлөйт”

Анткен менен президенттин аппараты “президент Алмазбек Атамбаев ашкере көп эс алып, эмгек өргүүлөрүнүн көбүн мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөрдө үй-бүлөсү менен өткөрөт” деген дооматты оппозициянын кезектеги көбүртүп-жабыртуусу катары кабыл алды.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун айтымында, мамлекет башчысы Эмгек кодексинде чегерилген эс алуу күндөрүнөн ашыкча дем алууга чыккан эмес.

Ошол эле кезде Алмаз Үсөнов президент эмгек өргүүсү учурундагы эс алууга кеткен чыгымдарын өзүнүн эсебинен төлөп келгенин белгиледи:

- "Президент төрт жолу эмгек өргүүсүнө чыккан” деп жазып жатышпайбы. Бул чындыкка коошпойт. Анткени мамлекет башчысы төрт жолу өргүүгө чыкканы менен ар бир жолкусунда 4-5 күнгө эле кыска мөөнөткө чыкты, 30 күн алган жок да. Эмгек кодексинин талабы боюнча президентке бир жылда 32 эс алуу күнү каралган. Аны мамлекет башчысы бөлүп-бөлүп алып, ылайыгына жараша 4-5 күндөн эмгек өргүүсүн өткөрдү. Бул жолу президент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы сапары бүткөндөн кийин ал жактан 9-январдан 14-январга чейин созулган кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Эмгек өргүүсү учурундагы чыгымдардын бардыгы президенттин өзүнүн жеке эсебинен жүргүзүлөт.

Индия сапары ишенимди актайбы?

Соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл санап начарлап бараткан Индия менен алаканы оңдоого президенттин сапары салым кошобу? Кыргызстан менен Индиянын мамилесинин келечеги барбы?

Ошол эле кезде саясий чөйрөдө мамлекет башчынын чет өлкөлөргө жасаган соңку расмий сапарларынын маани-маңызы жана ал жакта эмгек өргүүсүн өткөргөн учурлары боюнча пикирлер бир кылка эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов протоколго каршы келбегени менен, чет өлкөгө расмий сапар менен барып, анан анда калып эс алуу дипломатиялык этикетке дал келбеген түшүнүк экенин белгиледи:

- Президенттин бул сапарларынын деле дайыны болгон жок. Анткени кандайдыр бир пайдалуу келишимдерге кол коюлганы деле айтылбады. Мамлекет башчысы чабарман катары эле ал жакка расмий сапар менен барганы кадимки саякаттан эмнеси менен айырмаланат? Мүмкүн бул жолугушуулардын расмий бөлүгүнө караганда көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрү маанилүү болгондур. Бирок анысы коомчулукка белгисиз да. Сапардан кийин президенттин ал жакта эмгек өргүүгө чыгып, калып кеткени кандай бааланышы керек? Бул эми бирөөнүн үйүнө конокко барып, анан “андан ары кичине жүрүп кетейин” дегендей маселе эмес да. Бул жерде президенттин расмий сапар менен Кытайга барып, андан ары эс алууга калып калганы ар кандай күмөн ойлорду жаратат.

Мыйзам боюнча президенттин чет өлкөдөгү расмий же иш сапарларына кеткен чыгымдар мамлекеттин эсебинен төлөнөт. Бирок мамлекет башчысы эмгек өргүүсүнө чыккандан кийинки эс алуусуна же дарылануусуна кеткен чыгымдарды каржылоонун тартиби мыйзам тарабынан кандайча жөнгө салынары белгисиз. Баш мыйзамда президент жана анын үй-бүлөсү мамлекеттин эсебинен камсыз болору көрсөтүлгөн.

Буга чейин президенттин чет өлкө сапарларына, анын ичинде эс алуусуна же дарылануусуна кеткен чыгымдар ачык расмий түрдө жарыяланган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG