Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Атамбаев азырынча Түркияда


Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев жүрөгү ооруп, Түркияда дарыланууда. Ал кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда дарыгерлерге кайрылган.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Нью-Йоркко бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда калганын өлкө башчынын аппаратынан кечээ түнү кабарлашкан эле.

Маалыматка ылайык, Атамбаев 19-сентябрда Стамбулдан Нью-Йоркко учаардын алдында өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам алган. Анда жүрөк оорунун белгилери аныкталып, ооруканалардын биринен толук текшерүүдөн өткөн. Андан соң дарыгерлердин сунушу менен Нью-Йоркко сапарын токтоткон.

Алгач президенттин Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна караштуу мейманканалардын биринде эс алганы кабарланган.

Бүгүн болсо Атамбаевдин абалы дурус экени, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов менен телефондон сүйлөшүп, жумуш боюнча бир нече тапшырмаларды бергени кошумчаланды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдиргендей, өлкө башчысы ден соолугуна байланыштуу кыска мөөнөттүү өргүүгө чыкты:

- Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Ооруканага жаткыруу боюнча азырынча сөз жок. Дарыгерлер бүгүн карагандан кийин чечим кабыл алынышы мүмкүн. Медициналык текшерүүдөн өтүүгө байланыштуу президент эмгек өргүүгө чыкты. Эмгек өргүүсү 2016-жылдын 1-октябрына чейин уланышы мүмкүн.

Президент Атамбаевдин ооруканага жатканы расмий тастыкталбаганы менен Түркиядагы маалымат каражаттары өлкө башчынын видеосун интернетке жарыялашты. Анда президентти аэропорттон тез жардам унаасына салып, ооруканага алып кетип жатканын көрүүгө болот. Айрым түрк маалымат каражаттары сыркоологон кыргыз президенти Измир шаарына атайын учак менен кеткенин жазышты.

Ал эми Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеген делегация кетти.

2011-жылы президенттикке шайланган Алмазбек Атамбаев Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катыша элек болчу. Ал быйыл алгачкы жолу катышмак. Жыйындын жүрүшүндө БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен эки тараптуу жолугушуусу белгиленген. Ошондой эле Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынындагы жалпы жарыш сөз маалында дүйнөлүк трибунадан сүйлөмөк. Жалпысынан мамлекет башчынын жумушчу сапары бир жумага созулмак болчу.

Президент ооруп жатат деп, элдин көңүлү да ошол жакка бурулат. Оппозиция да ачыктан-ачык каршы чыкпай калышы мүмкүн.
Марс Сариев

Президент өткөн жылы да БУУнун жыйынына барган эмес. Аны саясат талдоочулар Кыргызстандагы чоң саясий өнөктүктүн - 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында Атамбаев Кыргызстанда болууну каалаганы менен байланыштырышкан. Ал эми оппозиция президентти Улуттар уюмунун жыйынына барбаганы үчүн сындаган эле.

Мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаев Улуттар уюмунун негизги жыйынынын мааниси чоң экенин белгиледи:

- Башкы ассамблеяда дүйнөлүк коопсуздук, экономикалык, социалдык маселелер боюнча комитеттерде каралат. Добуш берүүлөр болот. Мына ушул жерде өз өлкөбүздүн маселелерин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан сырткары бул саммит алкагында бир катар уюмдар, өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушууга шарт түзүлөт.

Ошол эле учурда Атамбаевдин Нью-Йоркко сапары өлкөдөгү саясий кырдаал курчуган кезге туш келген. Президенттин саламаттыгынын начарлашы менен оппозиция бийликке каршы чабуулун жумшартышы мүмкүн экенин саясий эксперт Марс Сариев белгилейт:

- Атамбаевдин ооруганы, албетте, жаман. Бирок бул өлкөдөгү саясий абалга таасир этет. Анткени, өлкөдө курчуган абалды жумшартууга шарт түзүлөт. Президент ооруп жатат деп, элдин көңүлү да ошол жакка бурулат. Оппозиция да ачыктан-ачык каршы чыкпай калышы мүмкүн.

Ал ортодо экс-президент Роза Отунбаева БУУнун лидерлер кеңешинин тогузунчу жыйынына катышып жатканы белгилүү болду. Маалыматка караганда, Отунбаева ЕККУнун азыркы төрагасы, Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен барган. Анда Отунбаева ЕККУнун потенциалын бекемдөө, кризистерди жөнгө салууда жарандык коомдун ролун күчөтүү багытында доклад жасайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG