Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Атамбаевдин жүрөгү ооруп Нью-Йоркко барбай калды


Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко бараткан жолдо өзүн жаман сезип, Стамбулда калды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, дарылануу курсун Стамбул шаарында өтмөй болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен Нью-Йоркко бараткан Кыргызстан делегациясы Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна конууну пландап жаткан. Президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, догдурлар жүрөк оорусунун симптомдорун аныкташты. Буга байланыштуу президент Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтүп, бир нече убакыт догдурлардын көзөмөлүндө болот. Мамлекет башчынын буйругу менен Кыргызстандын БУУнун Башкы Ассамблеясына жол тарткан делегациясын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштап барат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин АКШнын Нью-Йорк шаарындагы сапары учурунда БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү, филантроп Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен эки тараптуу жолугушуусу белгиленген. Атамбаев БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынындагы жалпы жарыш сөз маалында сөз сүйлөмөк. Президент Башкы ассамблеянын 71-саммитине катышуу үчүн АКШга жумушчу сапар менен бүгүн учуп кеткен.

XS
SM
MD
LG