Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Жол тууралуу тасма өкмөткө жетти


Чүйдө жол оңдоп жаткан жолчулар.
Чүйдө жол оңдоп жаткан жолчулар.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жолдорду оңдоп-түзөөдө көзөмөлдү күчөтүүнү Транспорт жана жолдор министрлигине тапшырды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын болсо, жол оңдоого байланыштуу чуулгандуу фактыларды иликтөөнү жана кылмыш ишин козгоо өңдүү эң катаал чараларды көрүүнү милдеттендирди.

Мындай чукул аракеттерге өткөн аптада суусу сордурулуп-кургатылбаган жолду жамап жаткандар тууралуу соцтармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан чакан видео тасма себеп болду.

Өкмөткө жеткен видео тасма

Социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан видеону аты-жөнү белгисиз аял тарткан. Ал видеодо жолчулардын жазгы алашалбыртта жолдогу суусу сордурулуп кургатылбаган чуңкурларды жамап жатканы сынга алынган. Тасмада жолчунун премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун келишин утурлай жолду шашылыш оңдоо болуп жатканын айтканын угууга болот.

Сынга кабылган жол оңдоо.
Сынга кабылган жол оңдоо.

Бул видеого байланыштуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде жумушчу жыйын өткөрдү. Анда унаажолдордун абалы боюнча коомчулуктагы нааразылыктар негиздүү деп билдирди.

Транспорт жана унаа министрлигине жолдорду оңдоодо көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы мындай фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо өңдүү катаал чараларды көрүшү керектигин айтты:

- Мамлекет тарабынан өлкөдөгү жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого чоң көңүл бурулууда. Аталган тармакка чет өлкөдөн ири көлөмдүү инвестициялар да келүүдө. Транспорт жана жолдор министрлигине жол индустриясын модернизациялоону приоритеттүү багыт катары аныктоо тапшырылган. Ал үчүн бардык финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Кечээки видео тасма көп нерседен кабар берет. Бул бизге жарандык коомдун жардамы менен белгилүү болгон факты, тилекке каршы, тартылбай, айтылбай калган да фактылар бар. Акылга сыйбас иш жасаган, жол тармагында жасалып жаткан оң иштерге күмөн жараткан, өз ишине кайдыгер болгон жетекчилер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат. Ушундай жоопкерчиликсиз кызматкерлердин айынан, мамлекеттин жолдорду оңдоого жумшап жаткан каражаты, мээнети текке кетет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.

Социалдык тармактарда талкуу жараткан видео Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда жайгашкан Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолун оңдоо маалында тартылганы маалым болду.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов кызматтык иликтөөнүн негизинде бир катар жергиликтүү аткаминерлерге чара көрүлгөнүн билдирди:

- Транспорт жана жолдор министрлиги беш кызматкерди иштен алды. Азыр республика боюнча бардык жерде чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат. Бир ушундай факт республикада жакшы технология менен оңдолуп жаткан калган жолдорго шек келтирип жатат.

Жыртылган жолдор

Жолдордун абалы тууралуу Жогорку Кеңештин соңку сессиясында сөз болгон эле. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев бир жылга жетпеген убакыт мурун эле салынган "Манас" аба майданына кетчү жолдун кайра бузула баштаганын сынга алган.

- Жолдун жалпы узундугу 30 чакырым экен. Жол салууга 1 миллиард 13 миллион 500 миң сом жумшалыптыр. Азыр барып абалын карап коюңуздар. Аэропортка бараткан жакта, аң жакта төрт жери жыртылып, бүтөп коюшуптур. Эки-үч жеринен жарака кетип жатат. Буга эми ким жооп берет? Жолду салган фирма бир жылга кепилдик берет экен. Мына бир жыл болоюн деп калды. Эгер алар жоопко тартылбай кетип калса, бузулган жолду өкмөт өз чөнтөгүнөн оңдойбу? Жол салуу боюнча талаптарды катуу койбосок болбойт. Мына, айылды айтпай эле коеюн, шаарда, Жал кичирайонунда жолдордун абалын айтпай эле коеюн. Аңдан аңга качып кутула албайсың. Бомба түшкөндөй эле болуп калган. Жылда жазда оңдошот, эки-үч айдан кийин эле ал жол жыртылат. Мен билгенден он жылдан бери ушундай.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков болсо, транспорт жана жолдор министринин өзүнүн жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Азыр Бишкек-Кара-Балта жолунда араба менен араң жүрөсүң. Бул жолду февраль айында, кычыраган кышта жамап башташкан. Көрсө, ошол кезде өкмөт башчыбыз Таласка бармак экен. Кыштын чилдесинде түндөп жамашты. Азыр болсо күн жылыды, жолдор чуңкур боюнча калды. Жолдун абалынын начардыгынан ар бир чакырымда бирден авария. Транспорт министри бизде "монстр" болду. Ал комитеттин эмес, парламенттин жыйынына келбейт. Ошол транспорт министрин жумушу бүткөндөн кийин өкмөт башчы Кара-Балтага конокко жиберсинчи. Ошол жолду өз көзү менен көрүп келсин. Эркелеп кеткен министр эртелеп кетчү эле да.

Буга чейин өкмөт быйылкы жылы район борборлорундагы жолдорду оңдоого жалпысынан 750 миллион сом бөлүнөрүн кабарлаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG