Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:21

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Мамлекет башчынын бул чакырыгы ишке ашабы же мурдагыдай эле кагаз жүзүндө калабы? Элдик курултай кандай маселелерди талкуулап, кандай чечимдерди кабыл алышы керек? Курултайда кабыл алынган чечимдер кантип ишке ашат?

“Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулматов, “Кыргыз жолу” коомунун биримдик кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев жана юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев катышты.

“Азаттык”: Алмаз мырза, президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Конституциясындагы 52-берененин негизинде Элдик курултайды жандантуу идеясын айтты. Элдик курултай өткөрүп, бийликти гана эмес жалпы коомду тазалоо идеясын “Элдик курултай” кыймылы 2005-жылдан бери көтөрүп келе жатат. Бирок буга чейин бийлик, ар кандай саясий күчтөр өткөргөн курултайлар андай максатына жеткенин көрө элекпиз. Ушул жагдайдан алганда эми курултай өткөрүү идеясы ишке ашат жана ал өз максатына жетет деп ишене алабызбы?

Алмаз Кулматов: Албетте, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Конституциянын 52-беренесинде жазылган Элдик курултайды жандандыруу маселесин көтөрдү. Элдик курултай жөнүндөгү жобо 2001-жылы кабыл алынган экен. Анда Элдик курултай жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн чогулган жыйыны жана ал сунуштарды гана бере алат деп жазылып турат. Ал эми Конституцияда мамлекеттик масштабдагы жалпы элдик деңгээлдеги маселелер каралат деп жазылган. Демек, экөөнүн ортосунда дал келишпестик бар. Анткени, мамлекет башчысы Элдик курултай кабыл алган чечимди тиешелүү бийлик органдары карашы керек деген идеяны айтты.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору 2012-жылы биринчи окууда кабыл алынып, бирок, өз регламентин бузду деген сындар айтылса да аны Жогорку Кеңеш эмне кылганы белгисиз бойдон калган. Азыркы Жогорку Кеңеш эми ошол мыйзамды кайра карап, кабыл ала алабы? Же Конституциянын 52-беренесинин негизинде эле Элдик курултайды чакыра берсе болобу?

Бийлик курултай маселесин өзүнө керек болгондо көтөрүп, өткөрө коет, өзүнө кереги жок болгондо көңүл бурбайт. Курултайда мамлекеттик маанилүү маселелерди карашы керек.
Бекбосун Бөрүбашев

Бекбосун Бөрүбашев: Алмаз мырза Конституциянын 52-беренесинин 2-пункту жөнүндө айтып жатат. Ал жерде мамлекеттик жана коомдук маанидеги маселелер каралат деп жазылып турат. Бирок бул берене иштебей жатат, себеби ага жол ачып бере турган мыйзам долбоору кабыл алына элек. Бул маселе боюнча көп жылдан демилге көтөрүп жүргөн кыймыл катары 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүдө Элдик курултайдын статусун жогорулатуу маселеси кошо каралсын деген сунушту бергенбиз. Бирок убагында эске алынган жок. Эми бул кемтикти жоюу үчүн атайын мыйзам кабыл алуу керек. Бийлик курултай маселесин өзүнө керек болгондо көтөрүп, өткөрө коет, өзүнө кереги жок болгондо көңүл бурбайт. Курултайда мамлекеттик маанилүү маселелерди карашы керек. Мисалы, азыр Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясы курултайда каралып, кем-карчы талкуулангандан кийин гана кабыл алынышы керек. Андан тышкары ар кандай коомдук уюмдардын да өзүнүн өнүгүү стратегиясы бар. Бийликтегилер аларды да альтерантива катары карап, керектүү жери болсо кошуп алуусу зарыл. Дагы бир маанилүү маселе - курултайга жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрүнүн делегат болуп катышканы жарабайт. Анткени, азыр жергиликтүү бийликтин бардык органдарын саясий партиялардын өкүлдөрү ээлеп алган.

“Азаттык”: Кадыр мырза, Курултайлар Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын коргогон маселелерди, атап айтканда, өлкө ичиндеги карама-каршылыктарды, кадр саясатындагы башаламандыкты жоюу жана коомду люстрациялоону кароо керек деген демилгени “Элдик курултай” кыймылы көптөн бери көтөрүп келе жатат. Эми курултай чакырылса анда карала турган эң башкы маселе эмне болушу керек? Сиздер кандай сунуштарды бересиздер?

Курултай өтө турган болсо, андагы эң башкы маселе Кыргыз мамлекетинин өнүгүү багыты, идеологиялык принциби жана мамлекеттик түзүлүшү болушу керек.
Кадыр Кошалиев

Кадыр Кошалиев: Кечээ Элдик курултай тууралуу маселенин көтөрүлүшү муз жарылгандай эле болду. Бул маселе боюнча көп жылдан бери иштеп келе жаткан кыймыл катары биздин капчыгыбызга курултай институтун өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча 20дан ашуун долбоор түшкөн. Алардын багыты жана түзүмү да ар башка. Эми алардын баарын синтездеп туруп, мамлекетти өнүктүрүүгө жол ача турганын тандап алуу керек. Ал эми курултай өтө турган болсо, андагы эң башкы маселе Кыргыз мамлекетинин өнүгүү багыты, идеологиялык принциби жана мамлекеттик түзүлүшү болушу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG