Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Интеллигенция неге унчукпайт?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандагы бийлик менен оппозициянын саясий айдыңдагы тиреши улам тереңдеп, соттошуулар, жаңы камоолор менен коштолууда. Саясий кармаштын күч алышы менен мамлекет алдындагы жоопкерчилик маселеси көз жаздымда калып жаткан жокпу? Кырдаал чыңалып турган маалда тараптарды акылга чакырып, калыс сөзүн айтып, данакер болчу интеллигенция эмнеге үн катпайт?

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышына Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов жана коомдук ишмер, мурдагы элчи Тилектеш Ишемкулов катышты.

“Азаттык”: Президент менен “Ата Мекен” партиясынын лидеринин ортосунда от алган тирештин арты менен өлкөдө оппозициялык маанайдагы саясатчыларга кылмыш иштери козголуп, камакка алуулар орун алууда. Мындан тышкары саясий күчтөрдүн каршылашуусунун алкагында эркин маалымат каражаттары сотко берилип, ири суммадагы доо өндүрүп алуу аракеттери көрүлүп жатат. Соңку күндөрү түрдүү нааразылык акциялары, митингдер коомчулуктун көз кырында турат. Мына ушул процесстердин жүрүшүндө, каршылаш тараптардын кыймыл-аракетине баа берген, пикирин билдирген интеллигенция өкүлдөрүнүн караанын көрө албай жатабыз? Эмнеге үн катпай жатасыздар?

Тилектеш Ишемкулов: Кайсы коомдо болбосун, кайсы мамлекетте болбосун бардык учурда ушундай кагылыштар чыгып турат. Алаканга салгандай болуп, бир калыпта аккан, бир агын суудай болгон өлкөдө кыймыл токтойт.

Кабыргасынан коюлуп жаткан суроо туура. Кылчайнашып, кырдыбычак болуп турганда сөзсүз түрдө кыргыздын улуттук интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү, каймактары арбитраж болуп турушу керек эле. Тилекке каршы алардын баары куйруктарын кыпчып, бурч-бурчка отуруп алышты. Кайра сыртынан көз салып, эмне болуп кетээр экен деп алакан ушалап тургандай сезилет. Биринчиден, мурдатан биз жалкып калганбыз, кан төгүү, мародерлук болгон. Эми дагы ушуга барабызбы деген кооптонуу, коомайлануу бар, бул бир. Экинчиден, алардын чочулагандай сезими бар. Чочулаган болбойт. Ким болбосун мекендин кызыкчылыгын ойлошу керек.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, “Ата Мекен” партиясынын лидери камактан чыккан жок. Бул арада “Ата мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов да камакка алынды. Ал 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча айыпталып жатат. Окуянын мындай өңүттө өнүгө баштаганы кыргыз коому үчүн кооптуу коңгуроо эмеспи? Бийлик туруктуулукту сактоо аракетин көрөм деп жатып, кайра чыңалууга шарт түзүп жаткан жокпу?

Алмамбет Матубраимов: Буга чейинки эки жолку төңкөрүш, буга чейинки карама-каршылык, тирешүүлөр башка жаатта болгон. Ал убакта бийликтегилер менен бийликте эмес оппозициялар кармашып, ушул элдин тилегин аткарабыз деп эки жолу революция жасалган. Азыр болсо бийликтегилер, кызматтагылар, күчтүү партиялар арасында тиреш жүрүп жатат.

Чынын айтканда, кыргызда "ооруну жашырса өлүм ашкере кылат" деген сөз бар. Азыр кандай болсо да маселени чечүү керек. Чечкенде да жаманчылыкка барбай чечүү зарыл.

Азыр бул жаатта болуп жаткан тирешүүлөр кандай болгонун, өздөрүнүн эле кабинетинде же фракция ичинде макулдашып чечип койсо болот эле. Сиз айтып кеткендей, кыргыз интеллигенциясы кайда деп жатасыздар. Бизде мурунку атактуу кызматта иштеп кеткен кишилерди сыйлаганды унутуп, четтетип койдук. Илгери мыкты, тажрыйбасы бар кишилерди алып келип, анда-санда чогултуп кеңеш сурачубуз. Азыр андан тышкары маалымат каражаттары, башкалардын үндөгөндөрү интернетте чыгып жатат, аксакалдарды чакырып, эки элди тирештирип жаманчылыкка алып барбагыла, келишимге келбейсиңерби деп жатышат. Жакшы сөздөр болуп эле жатат.

Кыргыз коому даанышмандарга муктажбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:07 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG