Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

Жол тендери: чуулгандуу компаниянын утушу


Транспорт министрлиги Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо боюнча кытайлык China Railway компаниясы менен келишимге кол койду.

Буга чейинки министр Замирбек Айдаров анын кызыкчылыгын колдоп, тендердик комиссиянын ишине кийлигишти деген негизде кызматтан кеткен эле.

Мурдагы министр Замирбек Айдаров коюлган куру дооматтын айынан караланып, негизсиз жерден кызматтан алынганын билдирди.

Тендердик комиссиянын мүчөсү Талантбек Садакбаев China Railway компаниясын тандоо Азия өнүктүрүү банкынын талабы болгонун жана баштапкы шарттар өзгөртүлгөндөн кийин гана ага жол курууга уруксат берилгенин билдирди.

Кечиккен жол тендери жыйынтыкталды

Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо боюнча жарыяланган тендердик комиссиянын чечими боюнча кытайлык China Railway компаниясы тандалып алынды. Келишимдин өлчөмү 70 миллиондон ашуун долларды түзүп, жолду оңдоого үч жылдык мөөнөт чегерилди. Буга чейин тендердик комиссия жумушту арзан баалаган деген негизде ага ишеним көрсөтпөө демилгеси менен чыккан болчу. Тендердик комиссия мурдагы министр Замирбек Айдаров ага кийлигишип жатканын жар салып, анын негизинде министр кызматтан кеткен.

Мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаров учурда анын ишинин тууралыгы ырасталганын билдирди:

- Биздин ишибизге кийлигишип жатат деп алар ошол үчүн арыз жазышкан болчу. Алар мени кызматтан кетирип, тендердеги утушту ошол 12 миллион доллар ашыкча сунуштаган азербайжандык компанияга берүүнү максат кылышты. Бирок алар ойлогондой болбой калды. Мен аларга каршы тургам. Анткени Азия өнүктүрүү банкынын да талабы азыраак акчага жумушту бүткөрүүнү сунушун берген компанияга басым жасоону айткан. Анан ал жерде ошол акчага долбоор аткарылбай калышы мүмкүн деген тобокелдик бар эле. Банк болсо мына ошон үчүн кепилдиктин өлчөмүн 10 пайыздан 20 пайызга көтөргүлө деген. Кытайлык компания ага макул болуп, контрактка кол коюлду. Аягында жаманаттысы мага калды.

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Миллионду "жеген" жолдор бузулууда

Акыркы кезде Кыргызстандагы жол көйгөйү байма-бай көтөрүлүүдө. Жол курууга ким уруксат берет, ким көзөмөлдөйт? Пайдаланып жаткан жол талапка жооп береби? Сапатсыз жолдор үчүн жоопкерчиликти ким тартат? Эмне үчүн бул тармакта коррупция күчтүү?

China Railway компаниясы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында баалардын секиригин жабууга кетчү чыгымдарды чектеген жана иштин аткарылбай калуу тобокелдигин алдын алган кепилдик шарттары өзгөртүлгөн. Бул тууралуу билдирген тендердик комиссиянын мүчөсү Талантбек Садакбаев мына ошол жагдай аны жеңүүчү деп табууга негиз болгонун айтты. Бирок Талантбек Садакбаев бул жагдай мурдагы министрди тендерге кийлигишкени үчүн жоопкерчиликтен куткара албастыгын белгиледи.

Талантбек Садакбаев кытайлык компанияга токтолууда эл аралык долбоорду каржылаган донордун таасири болгонун жокко чыгарбайт:

- Министр биздин комиссиянын чечими жок эле өз алдынча каттарды жөнөтүп турган. Ошондуктан ага доомат коюлуп, кылмыш иши козголгон. Ошентип эле тендердин ишине кийлигише берсе туура болобу. Ага көз жуумп койсок, кийинки министрлер дагы мына ошондой кыла берсе болот экен деп коркпой калышат да. Ошол жолду бүтүрө алат деген ишеним менен Азия өнүктүрүү банкы кепилдик берди. Болбосо каржылоону токтотобуз дегенге чейин барды. Анан каржылоодо гранттык акчанын көлөмү чоң болгону үчүн биз ал жактын көзүн карап калдык.

Узундугу 52,5 чакырымды түзгөн Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоо боюнча тендер эки жыл илгери жарыяланган. Бул жол долбоорунун жалпы баасы 120 миллион долларды түзүп, анын 100 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы каржылайт. Ал акчанын 65 миллиону жеңилдетилген насыя, калган 35 миллион доллары грант түрүндө берилет. Буга бюджеттен 20 миллион доллар бөлүү жагы каралган.

Мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаров Азия өнүктүрүү банкынын жумушту арзан бүткөрүүнү сунуштаган компанияга басым жасоо нускамасын эмне үчүн жактап чыкканын төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:

- Эгерде мен тендердик комиссиянын айтканына макул болуп, ага кол коюп койсом анда да мага иш козголмок. Анткени анда тендерде эмнеге жол куруу укугун аз акча сунуштаган тарапка эмес, ашыкча сунуштаган жакка бердиңер деген кине коюлмак. Азия өнүктүрүү банкынын дагы саясаты бар экен. Ал жумушту азыраак акчага бүткөрүүгө сунуш берген компанияны тандоо талабын айткан. Мына ошонун натыйжасында азыр бир топ акча үнөмдөлүп жатат. Ага биз кошумча алты чакырымдан ашуун жолду бүтүрүп алууга болот. Биз мына ошол жагын караган болчубуз.

Тендерде жол курууну 70 миллион долларга аткарууну сунуштаган кытайлык China Railway компаниясы менен 82 миллион доллар көргөзгөн азербайжандык Azvirt LLC компаниялары алдыга чыккан. Тендердик комиссия жумушту арзан бүтүрүүнү сунуштаган кытайлык компаниядан күмөн санап, азербайжандык компанияны тандоону сунуштаган болчу.

Бишкек-Кара-Балта жол тендерине Италиядан, Казакстандан, Кытайдан, Орусиядан, Түркиядан, Кыргызстандан жана Азербайжандан 36 компания катышкан болчу. Тендерде жеңүүчү деп табылган China Railway компаниясы жакын арада жол курулушуна кирише турганы жарыяланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG